Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Бүгүн Качкындардын эл аралык күнү белгиленүүдө. БУУ жарыялаган маалыматка ылайык, дүйнөдө качкындардын саны 60 миллион кишиге жетти.

Кыргызстанда качкындардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан болсо, Украинадагы согуштан улам качкын макамын сурап арыз бергендер да аз эмес.

Кыргызстан 1996-жылы БУУнун Качкындар жөнүндө конвенциясына кол койгон. Ошондон тарта эл аралык милдеттенмелерди моюнга алып, качкындар жана баш паанек менен кайрылгандардын укугун коргоп келет.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев өлкөдө Ооганстандан келип, качкын макамын алган 112 адам бар экенин айтты. Мындан башка Сириядагы согуштан улам бозуп келген 60 жаранга качкын макамы берилген. Башка өлкөдөн келген дагы үч качкын Кыргызстанда жашап жатат.

- Жылына орточо эсеп менен алганда 150 -180 адам качкын макамын алды. Алар бул жерде өз өмүрүн сактоо үчүн өз өлкөлөрүндө согуш бүткөнгө чейин бизде турса болот. Качкындардын өлкөдөн качышына негизги себеп – бул согуш.

Украиналык качкын

Украиналык качкын

Качкындардын арасында Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз бергендери да болот.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бактияр Кадыров билдиргендей, атайын комиссия жылына төрт жолу чогулуп, түшкөн арыздарды карап чечим чыгарат. Бирок качкындардын чарбалык өтүнүчтөрүн азырынча мамлекет канааттандыра албасын ачык айтты:

- Албетте качкындарды социалдык жана финансылык жактан мамлекет камкордукка алат. Бирок алардын жер бөлүп берүү тууралуу өтүнүчтөрүн ишке ашыра албайбыз. Мындай кайрылуулар көп. Бирок ачык айтышыбыз керек, чарбалык маселелерде өзүбүздө кыйынчылыктар бар.

Украинадан келген 78 адамдын арызы каралууда

Чыңгыз Сарыбаевдин айтымында, Украинадан келген 78 адам качкын макамын сурап кайрылган. Учурда алардын да арызы каралып жатат:

- Украинанын ички куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактарынан келип, качкын макамын сурап кайрылгандар бар. Бул адамдардын негизинен Кыргызстан менен бир байланышы бар. Алар мурда жашагандар, же болбосо бул жакта туугандары бар. Ошол үчүн биз аларды качкын деп таанысак, алар мекенинде согуш бүткөнгө чейин Кыргызстанда турганга укуктуу.

Анжиян кыргынынан кийин кыргызстанга агылган качкындар, 2005-жыл

Анжиян кыргынынан кийин кыргызстанга агылган качкындар, 2005-жыл

Ал арада Акыйкатчы институту качкындардын көйгөйүн тереңден билүү үчүн атайын жумушчу топ түзүп, БУУнун өкүлдөрү менен биргеликте мониторингди жүргүзө баштаганын Бакыт Аманбаев маалымдады:

- Жумушчу топ качкындардын маселесин ар тараптуу терең иликтеп, эмне көйгөйлөрү бар, кандай чечилиши керек, эмне жардамга муктаж, кандай абалга туш болот деген суроолорго жооп издейбиз. Жыйынтыгында Качкындар боюнча жогорку комиссариаты менен бирге чакан маалыматтарды тараталы деп турабыз.

Кыргызстандагы качкындар үчүнчү өлкөгө өз каалоосу менен өтсө болот. Бул жаатта ишти БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты алып барат. Ошол эле учурда ал өлкө да БУУнун Качкындар жөнүндө конвенциясын тааныган мамлекет болушу абзел жана үчүнчү өлкөгө кеткен адам ал жакта да качын макамы менен кала бермекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG