Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

20-июнь - Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармасынын өкүлү Айнагүл Абдрахманова маек курду.

"Азаттык": Кыргызстанда ушул тушта канча качкын бар? Алар негизинен кайсы өлкөнүн жарандары?

Абдрахманова: Кыргызстанда 437 качкын бар. Андан сырткары 271 адам ушул тушта башпаанек сураган. Бул - БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматы. Ал эми Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматы биздикинен айырмаланат.

Дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашык качкын бар. Анын 55 пайызы беш мамлекеттен чыкан. Бул – Ооганстан, Сирия, Судан, Сомали жана Ирак. Ар бир төрт качкындын бирөө Ооганстандан болот. Алар биринчи кезекте Пакистан менен Иранга качып барат. Кыргызстан да бул качкындарды кабыл алат. Биздеги качкындардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан болот. Калгандары Сирия, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөр.

“Азаттык”:
Кыргызстанда алар кандай шартта жашайт? Мамлекеттен, сиздер сыяктуу эл аралык уюмдардан кандай жардам берилет? Качкындар эмне менен алектенет?
Абдрахманова: БУУнун Качкындар боюнча агенттиги качкындарга социалдык-гуманитардык жардам берет. Тамак-аш жактан, үйдүн ижарасынын кайсы бир бөлүгүн төлөп беребиз. Билим берүү жагынан да жардам көрсөтүлөт. Мисалы, балдары үчүн эгер мектепке каражат төлөш керек болсо, ошол акчаны төлөп беребиз. Мектепке керектүү буюм-тайымын алып беребиз. Анткени качкындар толук иштей албайт, өзүбүздүн да эмгек рыногубуз кичинекей. Жумуш жок.

Ал эми студенттер үчүн стипендиялык атайын программа бар. Ага ылайык, сынактын негизинде билим грантын утуп, жогорку окуу жайларда бекер окушат. Башкача айтканда, биз беш жылдык окуу акысын төлөп беребиз. Бул программаны биз аркылуу немис өкмөтү каржылайт. Кесиптик лицейлерде окуганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бизде бул боюнча да атайын долбоор.

Мамлекет тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздоо фонддон атайын карточка алышат. Ал поликлиникаларга бекер көрүнгөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Эгер укуктук жактан жардамды айта турган болсок, биздин өнөктөшүбүз “Адилет” укуктук клиникасы колдоо көрсөтөт. Эгер мыйзамсыз кармоо болсо, же дагы маселелер чыкса “Адилет” укуктук клиникасынын адвокаттарына кайрыла алышат.

“Азаттык”: Соңку көрүнүш кандай? Мисалы, Кыргызстанга келген качкындар көбөйүп жатабы, же азаюу байкалабы?
Абдрахманова: Тенденция өзгөргөн деле жок. Соңку беш жылда 700-800дөй качкын бар. Кыргызстанга эң көп качкын келген убак 1990-жылдарга туура келет. Коңшу Тажикстандан жарандык согуштун айынан 20 миңге жакын качкын Кыргызстанга келген. Анын жарымы кайра өз өлкөсүнө кайткан. Ал эми жарымы кыргыз жарандыгын алып, бул жакта калган.

2005-жылы Өзбекстанда Анжиян окуясында 450 качкын келген, алардын баарын үчүнчү өлкөгө көчүргөнбүз.

Белгилей кетүүчү жагдай, алар кечке эле качкын деген макамды алып жүрө алышпайт. Качкындар маселесин узак мөөнөттө чечүүнүн үч жолу бар. Биринчиси - өзүнүн өлкөсүнө кайтып баруу. Эгер ал жакта кырдаал жөнгө салынса, өздөрү баргылары келсе, биз аларга жардам беребиз. Экинчи жол, кайсы өлкөгө келсе, ошол өлкөнүн жарандыгын алуу. Биз муну жергиликтүү интеграция деп атайбыз. Үчүнчү жол - башка мамлекеттерге көчүрүү.

“Азаттык”: Эксперттер Борбор Азияны опурталдуу регион деп аташат. Эгер жер суу талаштан чоңураак жаңжал чыкса, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн качкындардын тобун кабыл алууга даярбы?

Абдрахманова: Ушул жылы апрель айында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чек ара кызматы менен бирге биз долбоор иштеп чыкканбыз. Анда качкындардын агымы көбөйүшү ыктымал болгон чукул кырдаалда кандай чаралар көрүлүшү керек деген жагдай каралган. Бул долбоордун үстүнөн биз дагы иштеп атабыз. Негизи ар бир өлкөдө ушундай долбоор болушу керек. Ким кайсы секторго жооп берет, ошонун баары так көрсөтүлүшү керек. Ошондуктан долбоорду иштеп чыгуу үчүн биз жумушчу топ түздүк.

“Азаттык”: Кыргызстанга качып келип, башпаанек сураган башка өлкөлөрдүн жарандарын зордоп алып кеткен учурлар көппү?
Абдрахманова: Кыргызстанда качкын макамын алган адамды зордоп алып кеткен факт боло элек. Башкача айтканда, бизде андай маалымат жок.

20-июнда Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Ушундан улам быйыл биздин ураан: “Согуштун айынан бүлүнгөн бир үй-бүлө, бул өтө көп”. Мен ушул жерден айрым цифраларды айта кетейин. Дүйнөдөгү бардык качкындардын 46 пайызы бул 18 жашка чейинки балдар. Алардын ичинен 21 миңден ашууну ата-энеси жок жүргөндөр.

Эч ким качкын болгусу келбейт. Бул аргасыз кабыл алынган чечим. Өмүрүнө коркунуч бар болгон үчүн качышат. Качуунун башкы себеби согуш болуп эсептелет. Учурдан пайдаланып качкындарга сабырдуу мамиле жасоого чакырат элем. Алар деле биздей адамдар, болгону кырдаалга жараша качууга, башка өлкөдөн башпаанек издөөгө аргасыз болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG