Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Солтон-Сарыдагы кен талаш


Эмгекчилдиктер нааразылык акциясына чогулууда, 26-август.
Эмгекчилдиктер нааразылык акциясына чогулууда, 26-август.

Нарындын Солтон-Сары өрөөнүндөгү Бучук алтын кен кесимин кытайлык компания иштетишине жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

Эмгекчил айылынын тургундарынын Солтон-Сарыда кытайлык компания алтын чайкашына нааразылыгы чыр менен аяктап, алты киши жабыркады. Жеңил жаракат алгандардын үчөө - кытайлык жумушчулар, үчөө - милиция кызматкерлери.


Эмгекчилдиктер эмнеге нааразы?


Эмгекчил айылынын тургундары 26-августта Солтон-Сары кенин чет элдиктердин иштетишине каршы нааразычылык акциясына чыгып, өкмөт жергиликтүү ишкерлерге кен иштетүүгө мүмкүндүк бербей жаткандыгына нааразылык билдирген. Бул нааразылык жыйынга 400 чакты адам катышканы, митингден соң алардын бир тобу Солтон-Сары кенине карай багыт алганы кабарланган.

Эмгекчилдиктердин нааразылык жыйыны, 26-август.

Эмгекчил айылынын тургундары мурда Солтон-Сары өрөөнүнөн өз алдынча алтын кенин казып, аны чайкап, үй-бүлөлөрүн багып келген эле. Жаздан бери ал жерди лицензиясы бар кытай фирмасы иштетип жатат. Солтон-Сарыда азыр негизинен эки ишкана - «Кыргызалтын» ААК менен кытайлык “Жанг Жи Майнинг Компэни” эки коктуда алтын чайкоо менен алектенет. Ал эми бир катар эмгекчилдиктер “Алтын-Эмгекчил” деп фирма түзүшүп, бирок алар лицензия ала албай келишкен.

Буга нааразы болгон аталган фирманын жетекчиси Бердибек Дайыров мындай дейт:

-Биз ал жакты басып алалы деген ниетибиз жок. Бул жерде эмне үчүн баягы эле кытайлыктар келип атат? Эмне үчүн кыргыз балдар иштебейт? Биздин талабыз ушул – кытайлыктар кетсин! Кыргыздын балдары иштесин. Кытайлыктар иштегидей болсо, биздин ылдыйкы айыл өзүнө лицензия алсын, кытайлыктар ошонун карамагында иштегидей болсун.

Эмгекчилдиктердин нааразылык жыйыны, 26-август.

Эмгекчил айылынын тургуну Эсенбек Кылжыров болсо кендин казылышына каршы:

- Жерди сатпайлы деп атат башка мамлекеттерге, биз эртеңки келечекке эмнени тапшырабыз? Мейли кытайлыктар деле, кыргыздар деле иштетпей эле койсун. Тоо тоо боюнча турсун, эртеңки күнү биздин муундар учуру келгенде өздөрү иштетип алышат.

Эмгекчил айыл округундагы жайыттарды башкаруу боюнча серепчи Байтемир Найзабеков кенге байланыштуу мыйзамдарды кайра кароону талап кылууда:

- Менин көз карашым боюнча, Совет доорунан берки мыйзамдарыбыз жакшы реформа болбой жатат. Эми кен байлыктар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек азыркы талапка ылайыктап. Анткени сырттан келген фирмалар далайды көргөн фирмалар, далай жерден жылчык тапкан фирмалар. Акырын биздин мыйзамдан кичинекей жылчык болсо, пайдасын алып туруп кете берет экен, жергиликтүү эл зыянын гана көрөт.


Мушташтан кытайлык жумушчулар менен милиционерлер жабыркады


Айыл калкы нааразылыкка чыккан күнү Бучук алтын кен кесиминде иштеген эмгекчилдиктер менен “Кыргызалтындын” жетекчиси ортосунда да сүйлөшүүлөр болгон. Ошол сүйлөшүүлөр учурунда бейбаштык орун алганын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Таалай Нуралиев кабарлады:

Эмгекчилдиктердин нааразылык жыйыны, 26-август.

- Алар жетекчилер менен сүйлөшүп жатышып, анан 20 чакты бала кытайлар иштетип жаткан аймакка кирип кетишкен. Ал жакта күзөтчүлөр турат, аларга баш ийбей, үч кытайлык жумушчуну сабай баштаган. Биздин балдар (милициялар) болушуп, аларга дагы кол тийген. Биздин балдар эптеп калган кытайлыктарды тоого качырып алып калышкан. Аңгыча биз барып калдык...

Милиция башчысы азыр окуя тергелип жатканын да кошумчалады:

- Азыр изилдөө опертобу Солтон-Сарыдагы Бучук участкасында иштеп атат. Облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү бар, райондук прокуратурадан, райондук милициядан бар. Азыр окуя болгон жерде изилдөө иштери жүрүп жатат. Жакын арада материалдарды окуп, факты боюнча иш козгойбуз, бейбаштык жана денеге залака келтирүү боюнча.

Жаңжалдын айынан кытай фирмасынын үч өкүлү жеңил жаракат алып, Бишкектеги бейтапканага жөнөтүлгөн. Атайын ыкчам отрядынын үч жигити облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Көзү шишиген, бети-башы көгөргөн күзөтчүлөр чыр-чатак кандай болгонун айтышууда:

- Биз адегенде эскертүү катары асманга аттык. Мас абалында болушчу алар. Окторубузду бүт түгөтүш үчүн асманга аткылап салдык. Ирээтке келтирелик десек, ээ беришкен жок. Бизди кармап уруп-сабады, көрүп атпайсыздарбы? 300 дөй киши болчу.

Укук коргоо кызматкерлеринен башка адамдар жабыр тарткан эмес. Учурда ишти изилдөө үчүн облустук комиссия түзүлдү. Облус губернатору өкмөт деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмки аптада эмгекчилдиктерге жообун бере турган болду.

XS
SM
MD
LG