Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо студенттерди жана каттоосу жокторду катыштырбоо чечими кабыл алынды.

Жергиликтүү шайлоо комиссиясы мындай талап жаңы мыйзамда бекитилген деп билдирди. Бирок бул студенттердин нааразылыгын жаратып, алардын конституциялык укугун басмырлагандык катары кабылданууда.


Жаңы мыйзамдын талабы


Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Саадат Мырзалиева белгилегендей, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо студенттерди катыштырбоо жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде чечилди:

- Биз мындай чечимди асмандан алып түшкөн жокпуз да. Жергиликтүү кеңештердин шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 3-беренесинин 7-пунктунда окутуунун күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышпайт деп так бекитилген. Анткени студенттер окуган жерлеринде туруктуу каттоого турушпайт.
Студенттер да шаар турмушуна кенен-чонон аралашат. Анан алар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз талапкерлерин шайлашы керек да...


Бирок мындай тартип президенттик жана парламенттик шайлоолордо жайылтылбайт дейт адис. Ошентсе да жергиликтүү кеңештерди тандоодо калаадагы студент калкынын четтетилиши кызуу пикирлер менен коштолууда.

Ош мамлекеттик университетинин өкүлү Замир Божонов мындай чечимди студенттердин конституциялык укугун тепселегендик катары сыпаттоодо:

- Бул чечим өтө туура эмес кабыл алынган. Мисалы үчүн, шаардын мэри же, шаардык кеңештин депутаттары ашып барса 5 жылга шайланат. А биздин студенттер деле шаарда 5 жыл окуп, 5 жыл жашайт да. Алар бир күнгө келип кеткен конок эмес да. Бул жерде алар жатаканада турат, батирде турат. Анан аларга коммуналдык кызматтардын акысын төлөйт, автобус-троллейбустарга түшүп, жол кире төлөйт, ашканага кирип тамак жейт, башкача айтканда шаардын турмушуна кенен аралашат. Анан алар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз талапкерлерин шайлашы керек да.


Чектелген укук жана нааразылыктар

Булар эми мыйзамга такап атышат. Ал мыйзам конституцияга каршы келип жатканын эмнеге айтышпайт? Студенттер шайлоого катышпай калгыдай алар кылмышкер эмес да.


Маалым болгондой, учурда Ош шаарында 50 миңдей студент бар. Алардын 40 миңге жакыны күндүзгү бөлүмдө окугандар. Студент Акылбек Орозматовдун айтымында, жергиликтүү депутаттарды тандоодо укуктарынын чектелиши студенттер арасында нааразылыктарды жаратууда:

- Менин билишимче, Ошто азыр 40 миңдин тегерегинде студент бар. Бул чечим менен ушунча студенттин, ушунча жарандын укугу тепселенип атпайбы? Эртең алар өз укугун талашып митингге чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Анан ал өзүнчө маселеге айланат. Так ушул мыйзамды кабыл алаардан мурда Жогорку Кеңештин депутаттары, атка минерлер студенттердин да укугун эске алышы керек болчу.

Ал эми шаардык кеңештин депутаты Шайлообек Атазов жаңы эреже кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгы үчүн киргизилиши мүмкүн деп эсептейт:

- Булар эми мыйзамга такап атышат. Ал мыйзам конституцияга каршы келип жатканын эмнеге айтышпайт? Студенттер шайлоого катышпай калгыдай алар кылмышкер эмес да. Ошол себептүү парламент депутаттары муну кабыл алууда чекилик кетирген деп ойлойм. Балким, алар өз кызыкчылыктары үчүн, же бир максатты көздөп атайы ушундай пункту киргизишкендир.

Деген менен студенттерди шайлоого катыштырбоону колдогондор да бар. Шаар тургуну Азамат Кулбаевдин белгилешинче, студенттер буга чейинки шайлоолордо окуу жай жетекчилеринин куралына гана айланып келген.

- Мен шаардын тургуну катары бул талапты кош колдоп колдойм. Анткени буга чейинки шайлоолордо студенттер добуш берүүчү каражатка гана айланып калган эле. Аларды окуу жай жетекчилери кой сыяктуу айдап барып «буга добуш бересиң, тигиге добуш бересиң» деп мажбурлаган. Ишенбесеңер карап чыккыла, Ошто чоңураак деген 4-5 университет болсо, ошонун баарынын ректорлору, проректорлору...

Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 9-октябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга ылайык, депутаттар партиялык тизме менен тандалат. Шайлоо комиссиясы билдиргендей, жалпысы болуп калаада 100 миңден ашуун шайлоочу бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG