Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Ош: Өзбек тектүү жарандар кодуланып жатабы?


Имам-Ата конушунун тургундары. Ош, 2-апрель, 2013.
Имам-Ата конушунун тургундары. Ош, 2-апрель, 2013.

Оштогу Имам-Ата конушунун тургундары укуктары бузулуп жатканы тууралуу эл аралык уюмдарга кайрылды.

Мындай кайрылуу БУУга, башка эл аралык уюмдарга жана кыргыз бийлигинен тышкары коңшу өлкөлөрдүн президенттерине да жолдонгон. Алар кыргыз милициясы өзбектерди кармап кетүүсүн жана кыйноого алуусун токтотпой жатат деп арызданышууда. Ал эми күч органдары бул иште эч кандай азчылык улут өкүлдөрүнө карата кодулоо жок экенин айтууда.

Бул кайрылуу Оштогу Имам-Ата маалесиндегилердин үчүнчү жолку аракети. Буга чейин президентке, өкмөткө жана башкы прокуратурага жолдогон каттарынан майнап чыкпаган соң, алар эми эл аралык коомчулукка кат жолдоп отурушат. 150дөй жашоочунун аты жазылган кайрылууда айрым милиция кызматкерлери тарабынан өзбектерге карата кодулоо, шектүү делгендерди уруп-сабоолор болуп жатканы жазылган.

Бул тургундардын жактоочусу Рашит Музафаров мындай дейт:

- Биздин милицияга, биздин өкмөткө кайрылганда, эч кандай чечим, эч кандай реакция болбогон үчүн булар айласыз БУУга жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып жатат. Бул иштерди иликтөөдө эл аралык адистер да аралашсын, кошулсун деп талап коюп жатышат. Тергөөдө сурак кылынган адамдарды уруп-сабоо бул мыйзамга каршы келеби, же туура келеби, ошол адистер келип айтып беришсин деген ой.

Имам-Ата конушунда жашаган Убайдулла Абдуллажанов, Икрамжан Номанов жана “Уш садоси” гезитинин редактору Мухаммадсали Исмаиловдор 31-мартта кармалган. Алар 2010-жылы июнь коогасынан кийин өзүнүн улутташы, өзбек тектүү Анвар Махмудовду өлтүргөн деп шектелүүдө.

Жактоочу Музафаровдун айтымында, суракка чакырылгандардын көбү тергөө учурунда уруп-сабоого кабылган.

- Аларды сабаганын айтып, арыз жазгыла десем, “жок” деп коркуп коюшту. “Бизди дагы сабашат, биздин үйдөн дагы патрон табылат, кыйнашат”, - дешти. Дагы бир балакет болот дейт. Чынында эле ушул иш боюнча алектенген милициялар мааледен канча балдарды алып келип, уруп-сабап салышкан. Мында кыргыз күнөөлүү, же өзбек күнөөлүү деген ой жок. Болгону кээ бир күч кызматкери гана өз билгенин жасап коюп жатат. Факт жүзүндө бардыгы көрүп-билип эле турат.

Кайрылуу БУУга, ЕККУга жана бир канча коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кытай президенттерине да жолдонгон. Бирок катка кол койгондордун өздөрү маек берүүдөн баш тартышууда.

Атын атабоону өтүнгөн Имам-Ата көчөсүнүн жашоочусу мындай дейт:

- Бул жерде азыр таптакыр түшүнүксүз жагдай болуп жатат. Биздин туугандарды Анвар Махмудов деген адамды өлтүрүүгө айыптуу деп атышат. Күн санап мааледен адамдарды алып кетип сурак кылышат. Кээлерин “моюнуңа ал” деп уруп да атышат. Жалган эле доомат артышууда.

Учурда Имам-Атадагы окуя боюнча күбө катары 45тей адам суралган. Бирок дагы 100дөн ашык адам тергөөгө чакырылат дейт күч органдары. Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тергөө иши мыйзам чегинде жүрүүдө:

- Башка мамлекеттер жана алардын президенттери биздин ички ишибизге кийлигише албайт, ошол себептүү аларга арыздануунун кажети жок биринчиден. Экинчиден, бул жерде арыздана тургандай деле эч нерсе жок. Тергөө иши толугу менен мыйзам чегинде жүрүп жатат. Ар бир чакырылган адам адвокаттардын катышуусунда, андан сырткары БУУнун адам укуктары боюнча атайын бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусунда сурак берип атат. “Адамдарды уруп жатат” деп жазыптыр, конкреттүү кайсы адам келтек жегенин так жазышса болмок. Биз текшерип, аныктаганыбызда бул маалыматтардын баары жалган болуп чыгып жатат. Эч бир сабалды, урду деген нерсе тастыкталган жок. Бул кайрылууну биз ошол айыпталып жаткандардын жакындарынын өзүн-өзүн коргоого болгон аракети катары түшүнсөк болот.

Ашырбаев ошондой эле өзбек коомчулугунун соңку кайрылуусун тергөө иштерине болгон тоскоолдук катары сыпаттады:

- “Аз улут өкүлдөрүнө карата зомбулук болду” деген айып болуп жатат. Мунун баары жалган жалаа. Бул айыптоо далилденбесе, аны айтып аткан кишилер дагы мыйзам чегинде жооп берип калышы мүмкүн. Бул жерде жанагы жоголду делип, арыз берип жаткан тарап дагы бир улуттун өкүлү, жогорудагы шектүү делип жаткан тарап дагы бир улуттун өкүлү. Бул жерде эч кандай улутчулдук, же кимдир бирөөнү басмырлоо жок. Биз укук коргоо органы болгондон кийин ким болбосун арызын кароого милдеттүүбүз.

Бул ишке байланыштуу кармалган “Уш садоси” гезитинин редактору Мухаммадсали Исмаилов жакында үй камагына чыгарылган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG