Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Ош шаарынын жака белиндеги Кең-Сай массивинен тийген жер тилкелерине курулуш баштаганы турган адамдарды жергиликтүү тургундар кууп жатат.

Бийлик өкүлдөрү болсо бул иштерди бирөөлөр атайы уюштуруп жатышы мүмкүндүгүн айтууда.

Зууракан Атирова 20 жыл чуркап жүрүп шаардын жакасындагы Кең-Сай массивинен араңдан зорго 6 сотых чек алган. Бирок эми бир жыл өтүп-өтпөй эле ал кайрадан жер тилкесиз калганы турат:

- Жерди ызы-чуусуз эле алганбыз. Бөлүп беришкенден кийин шаар мэри Мырзакматов өзүнчө, облус губернатору Жээнбеков өзүнчө ачылыш кылып өткөрүшкөн. Анан эл бата берип, кадимкидей айыл түшөт дешкен. Анан эми жапалактык тургундар чыгып эле «бул жерди бербейбиз» деп талашып атат. Казыктарды сууруп ыргытып, төгүлгөн таштарды чачып сылышыптыр.

Атированын белгилешинче, жергиликтүү тургундар жер тилкелердин ээлерин тынбай коркутууга алып жаткан экен:

- Ызы-чуу салган балдардын баары эле мас абалында экен. Колдоруна пиво да көтөрүп алышыптыр. Өрттөйбүз дешип колдоруна күйүүчү май куюлган идиштерди да алып жүрүшүптүр. Анан ошол жерде иштеп аткан грейдерчи балдарды да кубалап, алардын чатырларын кыркып салышыптыр. Бул жерди биз малга жайыт кылабыз дешет. Адамдын жашоосу малдан да төмөн болуп жатат. Адамдар бул жакта үйү жок болуп атса, аларга жайыт кылып берип коюш керек экен. Бизди карапайым адамдарды мал ордуна да көрбөй атышат.

Кең-Сай массивиндеги 1624 гектар жер шаардын Жапалак айылына жана Араван районуна караштуу. Массалык жер бөлүштүрүүлөр башталганы биринчи болуп ушул жерден 3 жарым миң кишиге жер тилкеси берилген. Жаңы конуш «Курманжан датка – 2» деген аталыш алып, жол, канал жана социалдык объектилер Ош жана Жалал-Абадды өнүктүрүү дирекциясы тарабынан курула баштаган. Жашоого ыңгайлуу шарттар жаратыла баштаганданбы, айтор эми жергиликтүү тургундар бул жерлерди талашууга өттү.

Жапалак айылынын тургуну Жылдызбай Миңбаев жер тилкелери алгач жергиликтүүлөргө берилиши керек деп эсептейт:

- Кара-Кулжадан келгендердин Кара-Кулжада жери бар, Аравандан келгендердин Араванда жери бар, Алайдан, Папандан, Баткенден келгендердин деле өз жерлеринде жерлери бар. Анан бул жерден жер берип аткандан кийин жергиликтүү элге биринчилерден болуп берилиши керек да. Алардан ашса анан башка аймактан келгендерге берилиши керек.

Жапалактын башка бир тургуну Эрмат Саиев да айылдашынын пикирин колдойт:

- Биринчиден, бул биздин жайытыбыз. Жердин баары иштетилип кетсе мал-жанды каяка багабыз. Экинчиден, биздин балдар, неберелер деле бой жетип үйлөнүп жатат. Бир үйдө 4-5 үй-бүлө жашап атабыз. Шаарда колоктоп жүргөндөрү бар. Алар келип кайсы жерге жашайт.

Жер тилке ээлери менен жергиликтүү тургундар ортосундагы чатактан бир нече күн мурун бир адам жараат алып, ооруканага түшкөн. Карама-карлышыктардан улам курулуш иштери да солгундап турат.

Жергиликтүү бийлик өкүлү Нурила Кочкорбаева бул иштерди кимдир бирөөлөр уюштуруп жатышы мүмкүндүгүн айтат:

- Кең-Сай массивинен 3 жарым миң адамга жер бергенбиз. Жер тилкелерин көп балалуу, жалгыз бой энелерге, майыптарга, жетим-жесирлерге, жерге өтө муктаждарга бергенбиз. 1600 гектардай жердин 500 гектардайын Жапалак айыл округундагыларга бергенбиз. Бирок ошондон дагы ар нерселерди козгоп аткан немелерди бирөө кодулап аткан болушу мүмкүн. Артында кандай саясат бар экенин биз да түшүнбөй турабыз.

2010-жылдагы кандуу капсалаңдан кийин Ош шаарынын жакасынан жер басып алуулар болуп, бийликтер аны жер тилкелерин массалык бөлүштүрүү менен токтотуп калган. Көз карандысыз атайын комиссия да түзүлүп, ага 70 миңдей жерге муктаж киши өз арызын берген.

Алардын жарымына шаардын жакасынан, Кара-Суу жана Араван райондорунун шаарга жакын айылдарынан үй салууга жерлер берилди. Бирок өкмөттүн токтому кечигип, алар ара жолдо же үй сала албай, же башка кыла албай отурушат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG