КСДП лидери Иса Өмүркуловдун коалициядан чыгуу тууралуу билдирүүсү боюнча Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өз көз карашын айта элек. Социал-демократтардын башчысы көпчүлүк коалициядан чыгуу себеби катары “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары менен болгон пикир келишпөөчүлүктөрдү атаган.
“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп КСДПнын коалициядан чыгып кеткени туура эместигин айтып, муну саясий кызыкчылыктан улам болгон чечим деп сыпаттады.
КСДП Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен орток пикир табалбай келген. Мындан улам Иса Өмүркулов буга чейин “атамекенчилерге” коалициядан чыгууну сунуштаган, бирок ал ишке ашкан эмес. (SE)