Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Чубак ажы Жалилов: "Муфтият реформага муктаж"


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгында жасалчу реформаларга ылайык, муфтият аткаруучу орган катары калыш керек. Ал эми Уламалар кеңешине муфтий баш болуп баш ийүүсү зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңы шайланган муфтий Чубак ажы Жалилов кабарлады. Анын айтымында, муфтий Уламалар кеңешинин төрагасынын орун басары, же мүчөсү, же деги катарына кошулбай да калышы ыктымал. Ошондой эле Уламалар кеңешинин төрагасы ар бир мажилиске жаңыдан шайланат. “Бул бир адамдын колуна бийлик карматпоо” аракети деп түшүндүрдү Ч.Жилилов. Маалыматка ылайык, учурда устав каралууда. Ал толук талкууланып бүткөн соң курултайда каралып, анан чечилет. Курултайды ажылык сапардын астында, ноябрь айына жетпей өткөрүү пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG