Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Ажылык сапар быйыл ызы-чуусуз өтөбү?


Быйыл Кыргызстанга былтыркыдай эле 3685 орун берилди.
Быйыл Кыргызстанга былтыркыдай эле 3685 орун берилди.

Ажылык зыяратка байланышкан маселелерди чечүү үчүн муфтияттын өкүлдөрү өткөн аптада Сауд Арабстанга барып келишти.

Баткен облусунун Баткен районунда 100 миңге чукул адам жашайт. Былтыр районго 60ка жакын орун бөлүнгөн. Быйыл деле ушунча квота алышкан экен. Райондун имамы Нуридин Мамасабыровдун айтымында, учурда ажыга барат элем деп, былтыркыдай кымгуут болгон эл жок. Бул бир четинен каржылык каатчылыкка байланыштуу болушу мүмкүн, экинчи жактан эл чүчү кулак ыкмасынын маңызын түшүнүп калгандай дейт район имамы:

- Былтыр каттоо башталды дегенде адамдар ызы-чуу болуп, баса калышкан болчу. Быйыл болсо каттоого шашылбай эле келип жатат. Буга бир жагынан каатчылык себеп болушу мүмкүн. Экинчи жактан муфтияттын “чүчү кулак” системасын элдер аздыр-көптүр түшүнүп калды. Анткени эрте катталган менен кийин катталгандын айырмасы жок болуп жатат да. Былтыр каттоого бир ай убакыт берилген болсо, быйыл 35 күн берилди. Кризис болуп, доллардын курсу көтөрүлгөнү менен, бул нерсе ажыга барам деген адамдардын ниетин кайтара албайт деп ойлойм.

Өткөн аптада Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери ажылык сапарга байланышкан иштер боюнча Сауд Арабстанга барып келишти. Муфтийдин орун басары, ажылык штабдын башчысы Замир Ракиев маселелердин теңинен көбү чечилип калганын айтууда:

Замир Ракиев
Замир Ракиев

- Кудай буюрса, Мадина шаарындагы мейманкалар менен келишим түзүлдү. Мекке шаары боюнча келишим түзүлө элек. Меккеде биз такай бекер мейманканаларга жаткызабыз да. Мындай бекер жата турган мейманканалар азырынча мамлекеттен уруксат кагаздарын ала элек экен. 15-20 күндүн аралыгында алып калабыз деп айтышты. Биз алар менен оозеки макулдашып, убадасын алып келдик. Буюрса, мейманкана маселеси дээрлик чечилип калды.

Замир Ракиевдин билдиришинче, Сауд Арабстандын бийлиги быйыл тамак-ашка байланыштуу жаңы эреже киргизди. Ага ылайык, мамлекет уруксат берген жайлардан гана тамактанууга болот жана алар менен милдетүү түрдө келишим түзүү зарыл:

- Сауд Арабстан падышачылыгы быйыл бул маселеге абдан көз салып жатат. Мекке шаарында мамлекеттик, мамлекеттен лицензия алган 60тан ашык ресторан бар экен. Ошолордон гана тамактанууга уруксат берип жатат. Көчөлөрдөн тамактанууга такыр уруксат берилбейт экен. Бир жумалык сапарыбызда ушунун аркасынан көп чуркадык. Анткени ал ресторандар менен келишим түзбөсөк, виза берилбейт экен. Булар визаны шарт кылып жатышат.

Өткөн жылы ажылык сапар мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы, уюшкандыкта өттү деп бааланган. Ошентсе да муфтияттын башкы сынчысына айланган Борбор Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилеп келатат. Анын пикиринде, Кытай жарандары кыргыз паспорту менен ажыга барган факты катталган жана учак менен зыяратчыларды ташууда түшкөн киреше ​боюнча да суроолор бар.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

- Быйыл да былтыркынын эле уландысы болуп жатат. Ажылык боюнча штаб кийин түзүлдү. Тендерди да тездик менен өткөрүп, Flynas компаниясын жеңүүчү кылып таап коюшту.

Былтыр ажыга барчулар компьютер аркылуу "чүчү кулак" ыкмасы аркылуу тандалган. Бирок анын жыйынтыгына нааразы болгондор, калыс өткөнүнөн шектенгендер чыккан. Муфтият менен Дин иштери боюнча комиссиясы мындай ыкма менен ажылык орундарды тымызын соодалап, жең ичинен сатуу көрүнүшү тыйылганын билдиришкен.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев быйыл да "чүчү кулак" ыкмасы колдонуларын бышыктады. Бул ыкманы дагы жакшыртуу үчүн Иран, Түркия өңдүү мамлекеттердин тажрыйбасы менен таанышып келишкенин, быйыл тизмеге илинбей калгандарга кийинки жылдары жеңилдик берүү каралган Түркиянын ыкмасына өтүшөрүн айтып берди:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

- Көрсө, алар көп жылдардан бери эле Меккеге зыяратчыларды чүчү кулак менен тандашат экен. Түркияныкы жакшыраак экен. Зыяратка барууну каалагандар серверге кирип, жазыла беришет. Жазылгандар чүчү кулак менен тандалат экен. Өтпөй калгандардын тизмеси ошол серверде туруп турат экен. Мындай ыкманы биз былтыр биринчи жолу баштадык да. Мисалы, Түркияда былтыр тизмеге кирбей калгандарга быйыл эки мүмкүнчүлүк берилет экен. Үч жыл катары менен катталып өтпөй калгандарга үчүнчү, төртүнчү жылы катары менен өтпөй жүргөндөргө үч-төрт жолу мүмкүнчүлүк берилет экен. Ал эми беш жылдан бери илинбей жүргөндөр болсо чүчү кулагы жок эле тизмеге алынат экен. Биздин программисттер азыр бир кишиге эки мүмкүнчүлүк берген ыкманы киргизүү боюнча иштеп жатышат.

Быйыл Кыргызстанга былтыркыдай эле 3685 орун берилди. Ажыларды ташууну тендерде Сауд Арабстандын Flynas авиакомпаниясы утуп алды. Ажылык сапардын баасы бычылып, бардык чыгымды кошкондо киши башына 2550 миң доллар деп эсептелүүдө. Бул былтыркыга караганда 150дөй долларга кымбатыраак.

Кыргызстанда бир канча жылдан бери ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү ызы-чуу менен коштолчу. Былтыр эле салыштырмалуу тынч өткөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG