Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажы сапарына кетчү чыгымдардын эсеп-кысабын жарыялады.

Бирок бир катар диний ишмерлер муфтияттын бул эсеп-кысабындагы чыгымдардын баасы ашыкча көрсөтүлгөнүн белгилеп, ажылык сапар акча жасоонун амалына айланып калды деп билдиришүүдө. Алардын айтымында, ажылык сапарга деп ашыкча чогултулуп, жең ичине айланган көмүскө каражаттын өлчөмү жылына жети миллион АКШ долларынын тегерегин түзөт. Муфтиятка келип, бул каржы агымдарын көзөмөлдөө үчүн кызыкдар топтор айыгышкан тирешүүгө чейин жеткен учурлар катталган. Алардын аягы жосунсуз ыкмалар менен кызматтан кетүүгө мажбурлоо сыяктуу көрүнүштөргө алып келгени мисалга алынды.

Шурудай тизмектелген чыгымдар

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл ажы сапары 2550 АКШ долларын түзөт. Анын ичинде учактын жол киресине 1500 доллар, ажылыктагы транспорт чыгымына 280 доллардан жана мейманканага 150 доллар алынат. Андан башка ажылыкты уюштуруу чыгымына 70 доллардан алынса, ажылык штабдын жетекчисине 40 доллардан бөлүнөрү эсеп-кысапта көрсөтүлгөн. Ошондой эле тамак-ашка 100 доллар, атайын кийим - ихрамга 20 доллардан, медициналык камсыздандырууга 10 доллардан, күтүүсүз чыгымдарга 50 доллардан бөлүнсө, зыяратчыларды коштоочу ажы башчыларга 50 доллардан чегерилген. Мындан сырткары кайрымдуулук үчүн 150 доллар каралса, муфтияттын чыгашасына 130 доллардан ар бир зыяратчынын ыктыярына жараша сунушталган.

Бирок мусулмандардын демилгелүү тобу делген уюмдун жетекчиси Жыпарбек ажы Тойчубеков мына ошол ыктыярдуу салым дегендин өзүн акылга сыйбаган алдым-жуттумдук катары мүнөздөдү:

Бишкектеги Борбордук мечит

Бишкектеги Борбордук мечит

- Ажыга баруучуларга коюлган талаптардын аягында эсеп-кысаптагы кайрымдуулук иретинде берилүүчү акча каражатына ыраазычылык катын берүү деп жазылыптыр. Эгерде мен муфтиятка ажыга барайын деп келдим эле десем, анда бул катка кол коюңуз дешет. Бул жерде мен 2550 доллар бергенге нааразы эмесмин деп ыраазычылык катын берүүгө өзүнөн-өзү аргасыз болуп жатпайымбы. Бирок мен мусулман катары мына ошол кайрымдуулукту жетим-жесирге же кары-картаңдарга өз алдымча эле берсем болот эле да. Аны ошол эсеп-кысапка кошуунун кереги бар беле? Анан дагы күтүүсүз чыгымдар деп кошуптур. Эмне жылда эле кандайдыр бир күтүүсүз чыгымдар болуп жатыптыры? Аны ажылар ошол жактан кырдаалга жараша эле чөнтөгүнөн чогулта коюп жүрүшпөйбү.

Эсеп-кысаптагы ыктыяр-мажбур "садака"

Ошол эле кезде Кыргызстан дин башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча штабынын жетекчилиги мындай дооматка макул эмес. Жетекчиликтин айтымында, ажылык сапардын быйылкы чыгымдары алдын ала изилдөөнүн негизинде эсептелип чыгып, уламалар кеңеши менен макулдашылган. Муфтийдин орун басары жана ажылык штабдын жетекчиси Замир кары Ракиев эсеп-кысап чыгаруу тартибинин өзгөчө жагдайларына көңүл бурду:

Замир кары Ракиев

Замир кары Ракиев

- 70 доллар бул ажылыкты уюштуруунун өзүнө тикелей жумшалат. Анан 150 доллардан кайрымдуулук үчүн деген каражат аалымдар кеңешине, борбордук текшерүү комиссиясына, медреселердин мугалимдерине жана мечиттердин имамдарына ай-сайын бериле турган жардамдын жылдык бюджети. Мындан сырткары жанагы 130 доллардан делген муфтиятка кайрымдуулук каражаты бизде иштеген адамдардын айлыгына, имараттын коммуналдык тейлөөсүнө, окуу-семинарларды уюштурууга жана техникалык базаны чыңдоого төлөнчү каражат. Бул каражатты ажыга баруучулар көрсөтүлгөн суммада же андан көп-аз болобу каалоосуна жараша төлөйт. Жок. Зыяратка бара жаткан адам аны да бере албайм десе, ага да укугу бар.

Көздү кызарткан көмүскө акчанын агымы

Ажылык үчүн чогултулган чыгымдарды жалпылай келгенде, кайрымдуулукка бөлүнө турган каражаттын эле өлчөмү 552 миң 750 доллар же жарым миллион АКШ долларынан ашуун. Муфтияттын чыгымдарына деген каражатты жалпылаганда, ал 480 миң долларга жакын. Күтүүсүз чыгымдар үчүн элүү доллардан алынса, анын жалпы өлчөмү 180 миң долларга чукулдап барат. Ошондой эле ажылыкты уюштурууга 70 доллардан алынчу каражатты жалпылаганда 250 миң доллардан ашуун акчаны түзөт. Бул Кыргызстанга бөлүнгөн 3685 орунду ээлей турган ар бир зыяратчыга чачылчу чыгымдардын көрсөткүчү.

Жалал-Абаддын мурдагы казысы Дилмурад ажы Орозов бул ашыкча чыгымдарда муфтияттан сырткары тиешелүү бийлик органдарынын дагы үлүшү бар деп эсептейт:

- Мен казыятта жана муфтиятта иштеген кезде ажыга барчулардан биздин диний башкармалыктын ишин камсыздоого 5-10 доллардан жардам бере аласыңарбы деп суранчу элек. Анан ошону дагы кимдир-бирөөлөр уюштуруп жазып жиберип, тополоң чыкчу эле. Бизде атайын органдар деген бар. Алардын кылып жаткан иштерин эч ким териштире албайт. Анткени алар өздөрү териштире турган органдар. Анан мына ошолор муфтиятка колу-буту менен кирип алган. Анан эми ажы сапарын уюштурууда 10-15 миллион доллар айланып жатат. Анан ошол жагдайда алардын ал жердеги бир эле кызыкчылыгы – бул акча.

Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев ажылык сапар үчүн чогулган акчада бийлик өкүлдөрүнүн үлүшү бар деген жогорудагы түкшүмөлдү четке какты. Бирок Ракиев жыл сайын ажылык сапар үчүн кошумча топтолчу миллиондогон доллар каякка жумшалып жатканын тактап түшүндүрүп бере алган жок.

Орозбек Молдалиев

Орозбек Молдалиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев болсо бийлик муфтияттын каржы иштерине кийлигишпей турганын мындайча айтты:

- Биз муфтияттын эсеп-кысабына эч качан кийлигишпейбиз. Муфтият уламалар кеңеши жана казылар менен биргеликте ажылык сапарды уюштуруунун эсеп-кысабын өздөрү чыгарышат. Анан эми жанагы адамдар улам-улам эле чыгып алып эле бийликти айтып жатышат. Ошолордун колунда тастыкталган бир фактылары бар бекен? Керек болсо муфтият мына ошол эсеп-кысапты ушуга чейин бизге маалымат иретинде бере элек.

Кылтакка илүүнүн кыяпаты

Диний чөйрөдө мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди кызматтан кетүүгө мажбурлаган чатак дагы мына ошол көмүскө каржы агымдарына байланыштуу экени айтылып жүрөт. Анда муфтият тиешелүү бийлик өкүлдөрүн ажы сапарын уюштурууга аралаштырбай койгон же алардын акчалай үлүшүн бербей койгон жагдай мурдагы муфтийге каршы "өч алуу операциясын" даярдоого шыкак берген деген божомолдордун аягы али күнчө басыла элек.

Кыргызстандык зыяратчылар. 2013-жыл

Кыргызстандык зыяратчылар. 2013-жыл

Кезинде мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев "бул иштин артында президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов менен ошол кездеги дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Абдулатиф Жумабаев турат" деп маалымат каражаттарына жарыялаган болчу. Ал кызматынан кеткен соң, ага ажылыктан салык төлөгөн эмес деген негизде кылмыш иши козголуп, Казакстанда жүргөн жеринен камакка алынган. Парламент муфтиятты салыктан бошоткон мыйзам кабыл алганына карабастан, мурдагы муфтий Кыргызстандын бийлигинин талабы менен бир айдан ашуун Казакстанда абакта отурду. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин Башкы прокуратурага жөнөткөн катынан кийин гана ал мекенине ээн-эркин кайрылып келүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Дилмурат ажы Орозов бийликтин айтканына көнбөгөн диний жетекчилер кандайча жазаланары мына ошол окуядан кийин сабак болду деп белгиледи:

- Мына ошол нерселер көзгө көрүнүн турган эле жагдай. Ал кандайдыр бир далилдөөгө муктаж эмес иштер. А бирок негедир мына ошонун бардыгын кайсы бир тарап далилдөөгө шашкан жок. Уюштургандар камалган да жок, соттолгон да жок. Тасма кимдер тарабынан тартылганы дагы аныкталбады. Ал жигит чынында эле ошол ишке бардыбы же жокпу, анысы дагы айтылган жок. Болгону мурдагы муфтийди моралдык жактан диний башкармалыкты жетектөөдөн четтеттип коюшту. Керек эмес адамдарга ар кандай жолдор менен тузак койгон адат атайын кызматтардын оюнчугу болуп калды да.

Кыргызстанда жыл сайын ажылык сапарын уюштуруу учурунда муфтият менен кайсы бир диний чөйрөлөрдүн ортосунда чатак чыккан жагдай өнөкөткө айланган. Талдоочулар мунун себебин муфтият менен бийлик аралашкан таасирдүү топтордун ортосундагы каржы агымдарын көзөмөлдөө үчүн болгон тирештин жыйынтыгы катары баалап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG