Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Малашенко: Исламды жерибей, тил табышуу керек


Алексей Малашенко – Москвадагы Карнеги борборунун “Дин, коом жана коопсуздук” программасынын теңтөрагасы. Ислам дини боюнча эл аралык эксперт. Азыр ислам дүйнөсүндөгү окуялар калкынын көбү мусулман саналган постсоветтик мейкиндикке кандай таасир тийгизип жатканын билүү кызык.

“Азаттык”: Айрым чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Орусияда мусулмандарды кысымга алуу чаралары күчөтүлдү деп жазып жатышат. Мисалы, намаз окуу маалында келип, четинен кармап кетишет деген кабарлар тынбай чыгууда. Чын эле исламга каршы саясат жүрүүдөбү?

Алексей Малашенко: Мен бул кырдаалды исламга гана байланыштуу көйгөй деп айта албайм, себеби, бул саясий көйгөйлөрдөн, негизинен миграция маселесинен жана Түндүк Кавказдагы кырдаалдан улам келип чыкты. Мусулмандарды кыстоо жөнүндө сөз болгондо буга ар тараптан баам салыш керек. Мисалы, бизде кавказдык, татар жана Борбор Азиядан келген мусулмандар бар, аларды бөлүштүрө билүү кажет. Бирок Орусияда азыр диний жана этностук фобия күч алууда, ошондой эле исламдын радикалдашуусу акырындан Орусия төшүнө – Волга боюна, Уралдын түштүгүнө жана түндүк тарапка жылып баратат. Биринчиден, бул Түндүк Кавказдын таасирине байланыштуу, себеби, ички миграциянын натыйжасында көптөгөн кавказдыктар өлкө ичинде ары-бери ооп жүрүшөт. Экинчиден, бул Борбор Азиядан келген мигранттар.

Москва, 11-май, 2012-жыл
Москва, 11-май, 2012-жыл
Акыркы 2-3 жыл ичинде мигранттардын исламдашуу процесси байкалууда. Мурда жөн эле келип-кетип турчу тажиктер менен өзбектердин исламга болгон мамилеси өзгөрүп жатат, муну бир көз караш менен байкаса да болот. Үйлөрдү куруп, жолдорду салып жатып эле намаз убактысы келгенде жумушту таштай салып, сыйынууга кетип калгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул түшүнүктүү жана кадыресе эле көрүнүш.

Ушундай эле көрүнүштү мусулман майрамдарында байкаса болот: Курман айтта же Орозо айтта борбордук аянтка сыйынууга келгендер – москвалык татарлар эмес, Түндүк Кавказдын жана Борбор Азиянын жарандары. Мисалы, Орусия Муфтийлер кеңешинин маалыматына таянсак, быйыл Курман айтта Москванын мечитинин тегерегине 180 миңге жакын киши келди. Былтыр эле сыйынуучулар саны 100 миңге жакын болчу. Бул объективдүү көрүнүш, себеби дин Орусиядагы мусулмандарды бириктирип, коргонуу сезимин туудурат.

Маселен, бул жакта өзбектер менен тажиктердин жана өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы мамиле жакшы эмес, ошондуктан ар кандай мусулмандык мигрант этностордун баарлашуусуна жана биригүүсүнө ислам жол ачып жатат. Бул жерде мигранттарга мамиле терс экенин унутпаңыздар, ал көрүнүп эле турбайбы. Ислам болсо ушул өрчүп бараткан жаман көрүүгө каршы турууга көмөк берет. Ошондой эле бүт Москва боюнча 1-1,5 миллион мусулман үчүн 5 гана мечит бар. Бул абдан аз. Бирок, ар бир базарда бейрасмий мечиттер жана сыйынуу жайлары бар. Чиркөөдөн айырмаланып мечит социалдык-маданий жана саясий борбор катары дагы колдонулары маалым. Ал жерлерде адамдар сыйынуудан тышкары өз ара баарлашуу үчүн да чогулушат. Бул көрүнүш өкмөттүн шектенүүсүн туудурат.

Бул кырдаалда мен “Ким жакшы, ким жаман?” деген суроодон алыс болуп, объективдүү жагдайды көрсөткүм келет. Исламга же мусулмандыгына карап адамдарды кысымга алуу негизги себеп эмес. Менин оюмча, өкмөт мигранттарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерге барган жана коомдук тартипти бузган кавказдыктарды кармоону көздөп жатат. Бирок мыйзам бузган мигранттарды деле күнөөлөө туура эмес, себеби алардын артынан укук коргоо органдары жана саясатчылар көп пайда табууда. Мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияга байланышкан толтура көйгөйлөр бар жана мыйзамсыз миграция жоюлса, ошол эле полиция “нансыз” калат эмеспи. Ошондуктан исламофобия же исламга карата терс мамиле – бул экономикалык-социалдык жана коррупциялык көрүнүштөрдүн негизинен келип чыккан кесепет.

“Азаттык”: Сирия, Ливия, Египет жана башка араб өлкөлөрүнө кайрылалы: бул аймакта болуп жаткан көрүнүшкө кандай аныктама берсе болот, бул – дүйнөдөгү анти-исламдык саясаттанбы же ушул эле өлкөлөрдүн ички келишпестиктеринин кесепетиби?

Алексей Малашенко: Революция уланууда, “араб жазы” уланууда, синус толкунундай болуп, өйдө-төмөн болуп жатат. Бул окуялардын постсоветтик өлкөлөргө – Орусияга, Борбор Азияга, өзгөчө Азербайжанга тийгизген таасирин талкууласак, бул кызык көрүнүш. Анткени, мунун баары жаңы башталып келатканда, Орусия расмий түрдө бул Батыштын кылганы жана “апарман революциялардын” жугушу деп билдирген. Бирок жакында Орусия Федерациясынын жаңы тышкы иштер концепциясында бул окуялар - Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн цивилизациялык баалуулуктарга байланыштуу өнүгүү жолун издөөсү деп сыпатталган экен. Ливиядагы окуялар кантип аяктары арсар, Сирияда оппозицияны колдогон исламчылардын катышуусу менен жарандык согуш болуп жатат, Тунисте, Египетте жана Йеменда бийликке исламчылар келүүдө.

Албетте постсоветтик өлкөлөрдөгү мусулманчылыкка бул таасирин тийгизбей койгон жок. Мындай суроо жаралууда: эмне үчүн радикалдуу мусулмандар бийликке келип, элдин колдоосуна татып жатышса, дал ошондой эле мусулмандар башка жакта кылмышкер жана жексур катары каралат? Орусия аймагында – Ингушетияда, Дагестанда, Волга боюнда жана Татарстанда сириялык оппозицияны колдогон демонстрациялар болуп, мигингчилер: “Сириялык оппозиция чыныгы исламды тутунат жана Орусиянын Сирияга карата позициясы туура эмес” деп айтып чыгышкан. Арабдык Чыгышта толкундоолор башталып, анын жаңырыгы Түндүк Кавказга, Өзбекстанга жана Тажикстанга жетип, ал жерде “араб жазынын” имитациясы башталат деген ойлор айтылган. Бирок андай болгон жок жана келечекте эмне болору мага белгисиз. Бирок, реакция биз күткөндөй катуу болгон жок. Мындай окуяларга Батыштын кылганы же конспирологиянын натыйжасы деп карабастан, бул өлкөлөрдүн ичиндеги качып кутулбас процесстер деп караган туура.

Адамдар өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды өзгөртө албаган авторитардык режимдерден чарчагандыктан, ал режимдер кулады. Египет менен Тунисте квази-исламдык альтернативаны тартуулоо аракети жасалды. Булар бийликте калса да, калбаса да, биз “исламчылар” деп атагандар – Борбор Азияны кошуп, бүткүл мусулмандык дүйнөнүн кадыресе жана мыйзам ченемдүү саясий фактору экенин моюнга алышыбыз керек.

Кээ бир себептерден улам исламчыл кыймылдар Борбор Азияда андай катуу күч ала элек, бирок ошол эле Өзбекстанда же Тажикстанда күч алып кетпейт деген кепилдик да жок. Мисалы, Тажикстанда административдик ресурсту колдонбогон, ачык президенттик шайлоо болорун элестетсек, Исламдык кайра жаралуу партиясынын позициясы эл ичинде күчтүү. Бирок аларды тыйып, кысымга алуу коркунучтуу, анткени ал пружина сымал кайра катуу күч менен артка тебет эмеспи. “Борбор Азия жазы” же исламдык революция болорунан күмөн санайм, бирок олку-солкулук от алып, бийликтин алмашуусуна байланыштуу чатактуу жагдайлар орун алчу болсо, исламчылар шымалана ишке киришет жана аларды колдончу адамдар сөзсүз чыгат.

“Азаттык”: Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бийликтери Ооган тараптан исламдык террор менен өз элдерин коркутушат. Чынында эле ушундай коркунуч барбы?

Алексей Малашенко: Коркунуч бар, бирок ал апыртылган, себеби талибдер бийликке келип, коалициялык өкмөткө катышса, алар оогандык мамлекетти куруу менен алек болушат. Борбор Азия менен иштери деле жок болот. Албетте, кээ бир топтор жылжып кирип келишет, бирок Фергана өрөөнүн басып кирип келген талиб толкунун элестетүү өтө эле кыйын, бул чагымчылдык жана болбогон сөз. Талиб коркунучу менен элдин жүрөгүнүн үшүн алууга кызыккан күчтөр бар. Биринчиден, бул жергиликтүү саясий элиталар. Алар: “Көрдүңөрбү, демократия жок деп бизге нааразы болуп жатасыңар, анда талибдердин башкаруусунда жашап көрбөйсүңөбү?” деп коркутушат. Орусия дагы ушул картаны колдонот, себеби эмне иш менен алек болуп жатканы түшүнүксүз ОДКБ бар, Орусиянын Борбор Азиядагы тышкы коркунучтан коргой турган аскерий-саясий катышуусу бар. А тышкы коркунуч кайсы? Албетте, Кытай эмес. Демек, Ооганстан. Бул коркунучтар апыртылганын моюнубузга алсак, анда Орусиянын аскерий-саясий мекемелеринин эмне кереги бар?

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү диний жагдай мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин моюнга алды. Буга эмне себеп? Кыргызстандын өтө эле эркин болуп кеткени эмеспи?

Алексей Малашенко: Бул себептердин бири гана. Кыргызстан өнөкөткө айланган кризисте турат. Саясий партиялар жана дымагы тоодой адамдар өтө көп, ушундай башаламандык кырдаалда исламдык картаны колдонбой коюу мүмкүн эмес. Бирок эл чарчады. Авторитардык режимдердин артынан парламенттик демократияны куруу башталды. Айтмакчы, кемчиликтерине карабастан мен бул процесстерди аябай терең урматтоо менен колдойм.

Коом оорукчан адам сымал араң дем алып жатат, бирок бул коңшулаш өлкөлөрдөгүдөй көрүстөндөгү жымжырттык өкүм сүргөн жок. Кандай болсо да, үмүт бар. Бирок мындай экономикалык туруксуздуктун шарттарында, албетте, исламдык фактор жогорулайт. Бул сөзсүз эле террорчулар болбойт. Кандайдыр бир мээлүн программасы бар исламдык партия болушу мүмкүн. Бирок радикалдар да, экстремисттер да болот, себеби саясий жактан өнүккөн өлкөлөрдө ислам анча деле билинбейт.

Мусулмандык дүйнөнү карагылачы? Кайсы бир өлкөдө жакшы жашоо бар? Дээрлик биринде да жок. Ал эми Мароккону карагылачы – ал жерде дагы исламчылар көп, бирок алар падышанын эрежелери боюнча иш-аракет жүргүзүп келатышат. Ал жерде радикалдар да, экстремалдар да, кимдер гана жок? Бирок кандайдыр бир жолдор аркылуу тил табышууда. Малайзияны карасак, ал жерде да ушундай көрүнүш. Ошондуктан, менин оюмча, исламдашуу – бул абдан олуттуу жана узакка созулчу процесс жана улуттук элита исламдашкан көпчүлүктү коомдун кызыкчылыктарына ылайыкташтырууну, алар менен диалогдо болууну үйрөнүп, артыкбашын жок кылууга даяр болушу керек. Бул өзүнчө багыт жана идеология. Ал адамдар кылмышкер эмес, болгону исламдык салттарды коомго тереңирээк сиңирүүнү каалаган ак ниеттүү адамдар экенин эстерине тутушу зарыл.
XS
SM
MD
LG