Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Санаага салган диний чакырык


Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Өткөн аптада Араван районунун айылдарынын бириндеги сүмөлөк бышырып жаткандарга “Аллаху акбар, силер каапырсыңар” деген кыйкырык менен экинчи топ бастырып кирип, мушташ чыгарганы коомчулукту кооптондурган пикирлерди жаратты.

Бул көрүнүш кыз талашуудан чыккан жаштардын кызуу кандуулугубу же радикалдашуудан кабар береби, анын кесепети кандай болушу мүмкүн? Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Бактыбек Осмонов, саясий илимдердин кандидаты, дин маселелери боюнча серепчи Уран Ботобеков “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул маселени талкууламакчы.

"Азаттык": Бактыбек мырза, Аравандагы мушташта “Аллаху акбар, силер каапырсыңар» деп жаңырган кыйкырык Кыргызстанда коомчулукту кооптондурууда. Деги окуянын чыныгы чоо-жайын иликтеп көрдүңөрбү, мушташтын чыныгы себеби эмне экен?

Бакытбек Осмонов: Бул маселени биздин комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери барып териштирди. Алардын жыйынтыгына таянсак, окуяда диний же улуттар аралык маселе жок. Жанагы “Аллаху акбар” дегендер деле өспүрүмдөр экен, ич ара келишпестиктен улам ошондой сөздөр чыгып кетти дешүүдө. Биз аларды иликтеп көрсөк, беш маал намаз окуган же дааватка барган балдар эмес экен. Ошондуктан алардын аракетинен радикалдык кадамдарды деле көрбөдүк.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00
Түз линк

Бул окуя коомчулукта диний билимдин тайыздыгын көргөзүп турат, биз ушул жагынан аксап жатабыз. Жихад деп алып эле Сирияга кетип жатышат. Чыныгы жихад ар бир адамдын жан дүйнөсүндө болушу керек, көбү муну түшүнбөй жатат...

Мырзахалим Каримов, угарман: Аравандагы окуяны уктум, талдадым. Мен 1990-жылдардын башында Тажикстанда болгон окуяны өз көзүм менен көргөн, иликтеген жазуучумун. Бизде дагы ошого окшош кырдаал түзүлдү. Кыргызстан ошол жол менен кетүүдө, азыркы абал жакшылыкка алып барбайт. Мамлекетте идеология жок, ислам кыймылы, аны кармангандар өзүнчө мамлекет болуп алды. Азыр жаштарды токтотуу кыйын болуп баратат, катуу мыйзамдар керек. Эгер андай болбосо Тажикстандагы окуялар кайталанышы ыктымал.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:51 0:00
Түз линк

Уран Ботобеков: Аравандагы окуяны же Кара-Суудагы имамдын камалышын анализдеп көргөндө ислам багытына тиешелүү абалдын кооптуу экендигин көрүүгө болот. Жер-жерлерде светтик көрүнүштөрдү жерип, кабыл албай, телевизор көрбөй, гезит окубаган ишенимдерге берилген адамдардын катмары пайда болгондуктан алардын көз караштары, идеологияларынын кагылышы болуп жатат десек болот. Ушундан улам айтсам, Аравандагы окуяда конфликттердин элементтери ачык көрүнүп турат.

Ачык айтсак, Кыргызстанда радикал көз караштагы адамдардын катмары бар. Ошол эле "Хизб ут-Тахрир", салафи, вахабийлердин коомго таңуулаган идеологиясы, философиясы да бар. Алар азыркы мамлекеттик түзүлүштү таанышпайт. Демек бул кырдаал мамлекеттин коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн...

XS
SM
MD
LG