Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Аза күткөн жердешибизге Куран окуп көңүл айтуу үчүн чогулганыбызда, бир киши мага мындай деп калды:

- Ой, неге кол берип саламдашпайсың?

- Дасторкон четинде отургандарды ордунан козгобой эле, жалпы угуза салам айтканым жетиштүү эмеспи?

- Туура, бирок эски тааныштар кол алышып көрүшөт.

Мен чын эле жанаша отурган бул кишини тааныбаптырмын. Бизден алысыраак айылдан болот, кыйла жыл мурун мугалим эле. Чыкыйта жагоо тагынып, мектептен тышкары да бой-турпатын тыкан алып жүргөн бул агай эми дааватчы болуп алыптыр.

- Мурда көбүнчө жылаңбаш эле жүрчүсүз. Кээде алкагы жазы шляпа же жарашыктуу калпак кийчү элеңиз кырдантып. Тармалданта тараган чачыңызды кырдырып, «арап топу» кондуруп алыптырсыз төбөңүзгө. Сакалыңыз да бетиңиздин жарымын жаап калгандыктан, сизди бейтааныш молдокелердин бири деп ойлоптурмун, кечириңиз.

- Ээ, жаштык кез өттү да эми! «Сакал – акыл» дегенге мурда ишенчү эмесмин, көрсө, өзгөчө касиети бар экен.

- Ал кандай касиет?

- Сакал койгон соң туш келди сүйлөгөндөн, жаман жорук жасагандан уялып калат экенсиң, сакалдуу эле киши ушинтеби деп көргөндөр кеп-сөз кылбасын үчүн.

- Ушул жерге чогулгандардын көпчүлүгү сакалын кырып алыптыр. Демек, алардын баары оозуна келгенди айтып, оюна келгенди кыла берсе болот турбайбы?

- Жок, эми андай деле эмес, - деп дааватчы агай оңтойсузданып калды.

- Сен муну жакшы билбейсиң, – деп сөзгө аралашты дасторкондун аркы четинде отурган калпакчан киши. - Кечээ жакынга чейин эле бүтүрүүчү класстын балдары менен майрамдап, аракты өкүртө ичип жүргөн. Эми деле тиги бурчтан ары далдаага чакырып, куюп берсең, кылкылдата жутуп алгандан тартынбайт, анча-мынчага мас да болбойт.

- Сакал өскөндө акыл узарабы-жокпу, билбейм, бирок амалкөйлүк чындап эле артып бараткандай сезилет мага, - деди дагы бир жердешим.

Теңтуш досторунан окшойт, алардын бул тамашасына ачууланган жок мурдагы мугалим.

Такыбалыктын белгисиби?

Ачыгын айтканда, сакал мусулман адамдын диний ынанымын билдирген символ болууга жарабайт. Буга ишенбегендер Бишкектеги эски аянтка барып, Борбор Азиянын Америка университети жайгашкан имараттын бет маңдайында тургузулган илимий коммунизмдин негиздөөчүсү Карл Маркс менен анын эң жакын досу, санаалашы Фридрих Энгельстин сакалчан эстелигин көрсүн. Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Лениндин сакалдуу эстелиги Мамлекеттик тарых музейинин алдынан арт жагына жылдырылган бойдон турат. «Ошту тиктеген ордумдан козгоп, тескери каратып койгонуңарга таарынбайм, бирок мындан ары алыс, кенен ойлонгула, кыргыздар!» дегенсип колун жаңсаганына да көңүл буруп коюшсун (тамаша).

Азыркы дүйнөлүк диндер пайда боло элек байыркы доордо Сократ аттуу улуу акылман өткөн, ал киши да сакал коюп жүрчү экен. Мусулманды бери кой, жалпы эле «китептүүлөргө» да кирбеген кытайлардын улуу ойчулу Конфуцийди деле сакалсыз элестетүү кыйын. Көркөм чыгармаларында, публицистикалык макалаларындагы сынчыл көз караштары үчүн чиркөөдөн ажыратылган атактуу Лев Толстой, адамдын жан дүйнөсүндөгү купуя сырларды абдан кылдат ачып берген жазуучу А.П.Чехов, таанымал марксист Г.В.Плеханов, анархисттер М.А.Бакунин менен П.А.Кропоткин, Октябрь революциясынан кийин совет өкмөтүн жетектегендердин да кыйласы (мисалы, Я.М.Свердлов, М.И.Калинин) да сакалдуу болушкан. Коммунисттик коомду курууга тоскоолдук кылбасын деп далай чиркөөлөрдү жана мечиттерди жаптырган Ф.Э.Дзержинскийдин сакалчан эстелиги Курманжан даткага орун бошотсо да, азыр Улуттук китепкананын артында турат).

Демек, сакалды жарашык үчүн гана ар ким табитине карай койгону же, күтө билбесе, жарашпаса, койбой эле жүргөнү жакшы экен. Эзелтен муну сүрдүү, салабаттуу көрүнүш үчүн өстүрүп келишкен. («Көрүнөм деп сүр менен көз айнексиз жүрбөгөн» деп Исирадин Аманбаевди бир акын тамашалаганы эсибизде). Бирок кээ бир дааватчылар ээгиндеги кылдарын жапайыдан бетер саксайтып алат – бет түзүлүшүнө жарашкыдай кичине эби-сынын келтирип жүрүшсө жакшы болмок. Антпесе адамдын кебетеси эчкиге окшоп калат экен.

Сырткы сүрдүүлүккө анча маани бербегендер же сакалсыз деле сөөлөттөн тайбайм дегендер дайым кырынып жүрөт. Кыргызда илгери жашы улууларды айырмалоо үчүн да коюшчу экен. «Жигит курактагылар атасынын, жакын ата туугандарынын көзү тирүү кезде сакал койгон эмес, атүгүл агасын сыйлап иниси мурут да өстүрүүгө шашпаган», - дешет аксакалдар. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» Карасакал деген ылакап аты бар каарман кандай неме болгондугун эстегилечи.

Экинчи жагынан алсак, кана, сакал фанаттары, айткылачы, кимиңер сакалын дайыма таза кырып жүргөн Абдышүкүр Нарматовдон кыйын билесиңер исламдын маани-маңызын?

Сакалдан чоочулайбы же ага жашырынган ниеттенби?

«Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде» деп бекеринен айтылбаган. Тышкы көрүнүшүнө, кийген кийиминин бычымына карап кишинин байлыгын, кесибин, улутун, жаш курагын, ден соолугун, мүнөзүнүн ачык-айрым же түнттүгүн болжолдоп билүүгө болот. Бирок жаңылыш бүтүмгө келген учурлар да көп кездешет. Ал эми адамдын рухий жетилүү деңгээлин, жан дүйнөсүн, ой-санаасын, ниетин, канчалык ыймандуу экендигин бир пуд тузду чогуу таткандан кийин гана билесиң. Чындап келгенде, «машаллах», «иншаллах» сыяктуу арапча сөздөрдү аралаштыра сүйлөгөнү же беш убак намазды калтырбай окугандыгы, тынбай даават айткандыгы эле кишинин ыймандуулугунун кепили боло бербейт. «Сүннөт» деп модага айланган халат, дамбал, «арап топу» жана саксайган сакал сыяктуу эле, диний жөрөлгөлөрдү да чүмбөт катары пайдаланган алдамчылар көп.

Мен дегеле сакал койгонго каршы эмесмин. Бирок кошуна Өзбекстан менен Тажикстанда орто жаштагылардын сакалчан жүрүшүнө эмне үчүн катуу тыюу салынгандыгын түшүнүүгө аракеттенели. Аларда атүгүл дааватка чыгуу мүмкүн эмес, мечиттерде чогулууга да чек коюлган. Эгер диний жөрөлгөлөрдү адептүүлүк менен аткарып, өздөрүнөн башкача ой жүгүрткөндөргө кысым жасабай жүрүшсө, өзбектер менен тажиктер деле кимдин кандай кийингенине кийлигишпейт эле деп ойлойм. Буга далил катары биздеги жагдайга назар салалычы.

Бизде азыр беш көкүл кыздарга капкара жоолукту чүмкөй башташты. Хиджапка уруксат бербейт деп мектептерди күнөөлөгөндөр жоолук салынбагандарды ыймансыз дешет. Мечитке неге барбайсың, дааватка качан чыгасың, сакал койсоң боло, сүннөт кийим кий ж.б. деп туш келген жерде айта берип кулак-мээни жешет. Адамдарды кийген кийимине, дааватка чыккан-чыкпагандыгына, намазды мечитте же үйдө окугандыгына карай ыймандуу-ыймансыз деп бөлүшөт. Намаз окубагандарды түз эле тозокко алпарып камап салышат, тиги дүйнөнүн путевкаларын таратып жүргөнсүп.

Ар кайсы хадистерден үстүрт же такыр тескери түшүнүп алган сүйлөмдөрдү тоту куштай кайталай беришет, «минтип койсоң баланча миң күнөөң кечирилет» деп. Айрыкча дааватка чыгуучуларга тири укмуштай убадалар айтылат. Кырк эмес, үч эле күндүк үгүткө чыгып келгенден кийин жаштардын көбү улам кайра үйдөн безмей өнөкөткө кабылат. Башын иштетип, өз турмушундагы конкреттүү маселелерди чечүүгө жалкоолонушат. Рухий өксүгүн толуктоонун, материалдык тартыштыкты жоюунун ордуна чала молдолордун чийилип калган пластинкасын мээсине каптап алышат маңкурттун башына кийгизилген ширидей. Үйүндө бир кап уну жок, карызы кекиртегине жетип калган болсо да, азыр карыган ата-энесине, чиедей балдарына, бала эмизген же кош бойлуу аялына карабай, кудай берет деп талаалап кеткендер жайнайт.

Кудай сага өзү ойлонуп түшүнсүн деп акыл берген, адамдык кадыр-баркын, намысын сактасын деп жүрөк берген, көрсүн деп көз, иштеп жан баксын деп кол, бут берген, дагы эмне бериши керек?

Реалдуу турмушта адам катары татыктуу жашоодон жүз буруп, үй-бүлөдөгү ата-энелик, перзенттик, бир туугандык, коомдогу жарандык милдеттерин аткаруудан качып, жоопкерчилигин унутуу, турмуш чындыгына баш оорутпоо үчүн тайкы, тайыз түшүндүрүлгөн тигил дүйнөнү гана ойлоп калышат окшойт булар. Жаштыгынан катуу азгырылып жатат го десең, улуусу менен кичүүсү, кемпири менен келини чырдашып, үй-бүлө бузула жаздап турганына карабастан кырк күндүк дааватка чыгып кеткен чалдарды көргөндө оозуңдан келмең түшөт.

Чала молдолор колунда эч кандай бийлик жок кезде ушунчалык чалмакейди чалып жатат, а кокус биздин республиканы ислам мамлекети кылабыз дегендерге эл азгырылса, булар жарык дүйнөнү тиги дүйнөдөгү тозокко айлантышат го!

Кыргызстанда диний кырдаал опурталдуу болуп калды.

Демек, кошуналар ушундай абалдын алдын алуу үчүн дааватчыларды, дамбалчан-сакалчандарды, хиджап-паранжа кийгендерди тыйышат экен.

Араптын көлөкөсү болгуча…

Кыргызда кыздар, келиндер, орто жаштагы зайыптар, балпайган байбичелер ар кимиси өзүнүн курагына, үй-бүлөлүк абалына, макамына жараша кийинчү экен. Мисалы, күйөөгө чыга элек кыздар топу, үкүлүү тебетей кийишчү же кызыл жоолук салынышчу, болгондо да ээктен албай, желкесине эле тартып байлашчу жүдөбөй. Келин болгондон тарта ак жоолукчан жүрүшчү. Азыркылар чүмкөнгөн капкара жоолукту ата-энеси, жакын тууганы каза болгон же жесир калган аялдар деле салынчу эмес, аза белгиси катары жашыл, кара-көк гүлдүү көйнөк кийишчү кыргыздын кыз-келиндери. Жоолукту көбүнчө жердиги ак, саймалуу же гүлдүүсүн салынышчу, байбичелер ак элечегин башынан түшүргөн эмес.

Кышкысын бир башка, жайкысын бир башка кийинчү ысык-суукка жараша. Улгайган курактагылар элечек салынчу экен каркайтып. Дегеле кыргызда аялзаты кийген кийим-кеченин түрүн санап отурсаң өтө көп.

Азыр биздин дааватчылар үчүн арап өлкөлөрүндөгүдөй бети-башты кууруп ийчүдөй болгон ысыктан, шамал учурса чачка ширей турган кумдан сакташ үчүн салынуучу хиджап жука дамбал, халат модага айланды. Биздин шартта айрыкча күз ортосунан тартып кайра май айына чейин үшүп калбаш кийген кыска чапандын же күрмөнүн астынан халаттын этеги чыгып калганда көзгө өтө өөн учурайт. Чындыгында бул баягы Хрущевдун түндүк аймактарга да жүгөрү өстүрөбүз деп оолукканындай эле жорук.

Миниден да мини кеткенде

Эми маселенин экинчи жагын да сөз кыла кетели. Өзү эмес ата-энеси да шаардыктар менен аралашып жашап келген бир кошуна эженин кызын бармактайынан жакшы билем. Бала бакчада орусча тарбияланып, мектепте, техникумда, анан университетте да орус тилинде окуду. Эки жыл мурун кийим жаңыртуу үчүн апасы экөө базарга барып, жайнаган шымдан эч кайсынысын жактырбай коюптур. Көрсө, ошол кезде шаардык кыздардын дээрлик баары жамбашы ачылып калгыдай шымды мода кылып алгандыктан, базарда да жалаң ошондойлор сатылып жаткан экен. «Элдин баары кийип жүрбөйбү, сен деле ала бер», - деп апасы кыстаса, кызы минтип жооп бериптир: «Өткөндө троллейбуста ушундай кийинген кызды элечекчен бир апа элдин көзүнчө катуу уяткарды. Мен ошондой абалда калгым келбейт. Дагы издеп көрөйүн, табылбаса, атайын тиктирип кийем». Бул биздеги мисал. Ал эми Америкага барып келген жакын тааныштарым тиякта коомдук жайларга шортачан чыккандар айып төлөй тургандыгын, атүгүл аялзатын сугула карап койгондор да жазага тартыларын айтышат.

Акылдуу, адептүү жаштар өтө жылаңачтанып алганды да, араптар менен пакистандыктардын көлөкөсүн ээрчиген кара жоолукчандар менен дамбал-сакалчандарды да жактырбайт. Алар сырткы кебетеси менен ашкере такыба көрүнүүгө да умтулбайт, утурумдук моданы туурап жеңил-желпи жоруктарга да азгырылбайт. Эң башкысы – алардын дили таза, пейили ак!

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG