Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыктан үшүрү - зекет катары алынган каражаттын эсебинен жашайт.

Башка каржы булактары болбогондуктан айлык акы, коммуналдык тейлөө жана телефон байланышы сыяктуу чыгымдардын бардыгы мына ошол булактан каржыланат.

Айрым мусулман коомдоштуктары муфтияттын каржылык чыгымдарын ачык-айкын жүгүртүүнүн жоболорун иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп келатышат.

Молдокелердин айлыгы канча?

Дин башкармалыгында 31 адам иштейт. Мындан сырткары өлкөнүн жети облусундагы казыяттардагы 21 диний кызматкерге жана райондордогу жалпы 44 имам-хатибге муфтияттын эсебинен маяна төлөнөт. Айлык акы мусулманча – хидая деп аталат. Дин башкармалыгынын жалпы айлык акы фонду айына 500 миң сомду түзөт экен.

Муфтияттын иш башкармалыгынын башчысы Жумалы Олжонов маяна жалпысынан республика боюнча 96 адамга төлөнө турганын белгиледи:

- Айрым бирөөлөр муфтияттагыларга арабдар айлык акы төлөйт экен деп ойлошот экен. Андай эмес. Бизге ажылыктан кайрымдуулук катары зыяратчылардан түшкөн акчадан айлык төлөнөт. Муфтийдин айлыгы 12 миң сом, орун басарлардыкы 11 миңден, андан кийинки кызматтагылардыкы 10-8 миң сомдун айланасында. Ошол эле каражаттан облус-шаарлардагы казыларга, алардын орун басарларына жана райондордогу имам-хатибдерге айлык төлөй баштадык. Казылар 5 миң, анын орун басарлары менен имам-хатибдерге 3 миң сомдон айлык төлөнөт.

Мындан сырткары муфтияттын, казыяттын имараттарын коммуналдык тейлөө, телефон байланышы, иш сапар чыгымдары Дин башкармалыгынын өзүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

Муфтияттын жалгыз каржы булагы бул – уламалар кеңешинин чечими менен кабыл алынган ажылык сапардан ар бир зыяратчы төлөгөн үшүрү - зекет.

Битир-садаканын өз орду бар

Мусулмандардан жылда Орозо айтта чогултулган битир-садака муфтияттын чыгымдарына колдонулбай турганы белгиленди. Жумалы Олжонов бул акчаны муктаждарга бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия иштей турганына токтолду:

- Уламалар кеңеши боюнча битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде калат. Он пайызы казыяттарга түшөт. Калган 40 пайызы Дин башкармалыгынын казынасына түшөт. Жылына болжол менен 4 миллион сомдун айланасында. Анын бардыгы комиссиянын чечими менен медреселердин студенттерине, мугалимдерге жана муктаж адамдарга бөлүштүрүлөт.

Анткен менен Дин башкармалыгынын бир жылдык бюджетинин так өлчөмү белгисиз. Муну муфтияттын иш башкармалыгы ажылыктан түшкөн каражаттын өлчөмү жылына ар кандай сумманы түзө турганы менен байланыштырды. Бирок уламалар кеңеши бекиткен чен боюнча ажылыкка аттанган ар бир зыяратчы 200 долларга жакын үшүр-зекет берет.

Кыргызстан боюнча жылына 4500 адам ажылыкка бара турганын эске алганда, муфтиятка түшкөн акчанын өлчөмү башкармалыктын бюджетин түзүүдө бир топ эле болушу мүмкүн.

Муфтияттын каржы булактарын ачыктоо демилгесин көтөрүп жүргөн дин таануучу Асан ажы Саипов бул боюнча мындай дейт:

- Муфтияттын өзүнө ар бир зыяратчыдан 100 доллардан, ажы-умра бөлүмүнө 80 доллардан жана казыяттарга 20 доллардан акча түштү. Анын бардыгын 4500 адамга кошкондо бир миллионго жакын каражат болуп атпайбы. Мына ошол каражат кандай колдонулуп жатат деген жагы ал башка маселе. Битир-садака боюнча деле ачык-айкын отчет жок. Ошонун бардыгын тартипке салыш керек болчу.

Жакында өткөн Кыргызстан мусулмандарынын курултайында анын жаңы жобосу бекитилип, анда муфтияттын каржы иштерин айкындаштыруу маселеси көтөрүлгөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG