Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Меркель: Германия качкындар боюнча саясатын өзгөртпөйт


Германия канцлери Ангела Меркель жакында болгон чабуулдарды катуу айыптап, бирок буга байланыштуу качкындарга болгон меймандос позициясын өзгөртпөсүн билдирди.

28-июлда журналисттер менен жолугушууда Меркель террористтер Германиянын жардамга муктаж адамдарды кабыл алуусун азайтууну көздөшкөнүн айтты.

“Террористтер биздин тилектештик менен биримдикти жоготкусу келет. Алар биздин жашоо образыбызга, ачыктыгыбызга жана бей-бечараларды кабыл алууга даярдыгыбызга шек келтирүүнү эңсешет. Алар үрп-адаттар жана диндер ортосунда жек көрүүчүлүктү, коркууну жайылтууга кызыктар. Биз буга чечкиндүү каршы турабыз”, деди Меркель.

Акыркы убактарда Германияда айрым качкындар тарабынан бир нече жолу карапайым адамдарга чабуул болуп, андан 13 адам мерт болгон. Ондогону жаракат алышкан.

Ушундан улам ачык эшик саясаты үчүн Меркелдин өкмөтү катуу сындарга кабылган. 2015-жылы Германияга Сирия, Ооганстан жана Ирактан миллиондун тегерегинде адам кирген.

XS
SM
MD
LG