Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Бишкекте 21-августта дин жана коопсуздук маселелери боюнча эл аралык жыйын өттү.

Анда жергиликтүү жана алыскы, жакынкы чет өлкөдөн келген дин ишмерлери, серепчилер, жарандык коом өкүлдөрү мамлекет менен диндин мамилесин, коопсуздукту сактоодо ролун талкуулады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы диний кырдаалды кооптуу деп баалаган эле.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчиси Рахматулла Эгембердиев жыйындын башкы максаты коопсуздук сактоо боюнча ийри отуруп, түз кеңешүү, тажрыйба алмашуу экенин белгиледи:

- Жалпы эле дүйнө диндери, анын ичинде эң чоң диндердин бири исламдын ниети, каалоосу – бул тынчтык. Биз мамлекет, анын коопсуздугу үчүн эмне кыла алабыз, кандай көмөк көрсөтө алабыз, мамлекет бизге кандай жардам бере алат деген маселелерди талкуулоо максатында чогулуп отурабыз.

Жыйынга Орусиядагы муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнудин катышты. Ал “Азаттыктагы” маегинде коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайларды белгилеп өттү:

- Биринчиден, постсоветтик аймактарда жана союздун тушунда да дээрлик болбогон, чоочун идеологиялардын келиши. Экинчиси - бир эле диндеги бири-бирине каршы турган, муну менен катар жаңжалдуу жагдай жараткан жамааттар. Биз мусулмандарды бөлбөө керек деп эсептейбиз. Биримдигибизди сакташыбыз керек. Бул үчүн мусулмандардын бири-бири менен кызматташтыгы, бири-бирин сыйлап, түшүнүүсү керек.

Шаршенбек Байбосунов – кыргыз чиркөөлөр ассоциациясынын башчысы. Анын айтымында, диний араздашуулардын алдын алуу, кесепетин жоюу үчүн ушундай талкуулар маанилүү:

- Көптөгөн диний агымдар, уюмдар бар. Ар ким өзүнүкүн туура дейт. Эгер биз чын эле кудай деп жүргөн болсок, кудайдын каалоосу - бири-бириңер менен согушуп жашагыла деген осуят эмес. Кудайдан коркуп, өзүңөрдү такыба алып жүргүлө, бири-бириңерди сүйүп, сыйлагыла деген талап. Көптөгөн дин өкүлдөрү чогулуп, биз маселелерди сүйлөшкүбүз келет, маселелерди чогуу чечкибиз келет дегендин өзү эле чоң жеңиш.

Нарындын казысы Мамбетасан Ибраев жасалып жаткан иштерди айтып берди:

- Имамдар менен биргеликте кантип иштеш керек, "Хизб-ут-Тахрирге" жаштарды кантип киргизбей сактап калуу керек, өзүбүздүн так ислам динин кантип таанытыш керек деп иштеп жатабыз.

Баткен облусунун казысы Жусуп Балтаев четте диний билим алууну көзөмөлдөө маселесине токтолду:

- Сыртта окуп жаткан студенттерди көзөмөлгө алуу мамлекеттин иши. Ошол эле учурда диний башкармалык дагы бул иштен сыртта калбаш керек.

“Дин жана коопсуздук” деген темада эксперт, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев баяндама жасады. Ал диний араздашуунун алдын алуу милдети ириде мамлекеттин моюнунда экенин белгиледи:

- Дин өзүнөн өзү эч кимге коркунуч алып келбейт. Бирок динди жамынган ар кандай экстремисттик кыймылдар бар. Бул бир гана Исламга тиешелүү эмес. Башка диндерде деле экстремисттик аракеттер бар. Экинчиден, диндердин ортосунда карама-каршылыктар бар. Ар бир дин өзүн эң мыкты деп эсептейт. Диндердин бири-бири менен диалогу, бири-бирине сабырдуулугун орнотуу милдетин мамлекет жасаш керек. Анткени дин баалуулукка кирет. Баалуулуктардын жаңжалын токтотуу өтө кыйын.

Белгилей кетүүчү жагдай, баяндамачы катары катышкан Орозбек Молдалиевден башка бир катар бийлик өкүлдөрү чакырылганына карабастан эмнегедир жыйынга келген жок. Бул азыркы муфтий менен пикир келишпестиктен улам бийлик байкот жарыялады деген сөздөргө негиз болду. Расмий тарап азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызтандагы диний кырдаалды кооптуу деп баалаган. Муну эгемен жылдары дин көзөмөлсүз калганы, айрыкча жаштардын салттуу динден башка агымдарга кириши менен түшүндүргөн жана терроризм-экстремизм коркунучу тууралуу эскерткен эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG