Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Ажылыкты уюштуруу ишине байланыштуу кайрадан нааразычылыктар жаралууда. Бул сапар Ош шаарынын бир катар диний өкүлдөрү ажылыкты уюштуруу ишине облустардын казылары кирбей калганына макул эместиктерин билдиришүүдө.

Ошондой эле парламент комитети чет элдиктерге ажылык жолдомо алууга уруксат берүүнү сындап жатат.

“Ажылык жана умра борбору” бул дооматтарды негизсиз деп, баары мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирүүдө.

Муфтийдин түштүк облустары боюнча орун басары Убайдулла Сарыбаев 13-сентябрда “Акипресс-Фергана” маалымат агенттигине курган маегинде диний өкүлдөр муфтий Чубак ажы Жалиловго нааразы болуп жатканын айтып чыкты. Ал бул нааразычылыктар ажылыкты уюштуруу ишине үч облустун жана Ош шаарынын казылары тартылбай калганынан чыкканын билдирди.

Ош шаарынын тургуну, “Таза дин үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Жусуп ажы Султанов “Азаттыкка” курган маегинде бул маселени мындайча көтөргөн:

- Жети облустун жана Ош, Бишкек шаарларынын казыларынын бир да уюштуруу топтун курамына кирбей калганы биздин бушайман кылып жатат. Ошол ажылык боюнча 17 адамдан түзүлгөн борбордун курамына муфтий өзү беш орун басары менен гана кирген. Эксперттерден алты адам кирип алган, молдолорго караганда эксперттер көбүрөк болуп жатат. Депутаттардан болсо бешөө кирген.

Булардан тышкары Ош шаарынан ажы башчы Шүкүрбек Жураев да “Ажылык жана умра” борбору тарабынан түзүлгөн быйылкы ажылык сапардын баасына, ажы башчыларды тандоо сынагына макул эместигин “Азаттыкка” билдирген.

Бул жылы ажылык сапарды уюштуруу ишин муфтияттын алдында “Ажылык жана умра” борбору жүргүзүүдө. Анын курамы 17 адамдан туруп, парламенттеги беш фракциядан бирден өкүл, муфтияттын өзүнөн беш адам, калганы коомдук кыймылдардын өкүлдөрүнөн жана эксперт-юристтерден түзүлгөн.

Коррупция менен күрөшүү аргасы

Муфтият эл өкүлдөрү жана эксперт-укук коргоочулар ажылыкты уюштуруу ишине көзөмөл кылуу үчүн киргизилгенин, бул ажылыктагы коррупцияны жоюу аргасы экенин билдирүүдө.

Муфтий, “Ажылык жана умра” борборунун деректири Чубак ажы Жалилов коюлган дооматтарды негизсиз деп атап, баары мыйзам чегинде жүрүп жатканына токтолду.

- Бул жерде казылар аралашпай калды деген туура эмес. Ажылык боюнча уюштуруу кеңешке муфтийдин бардык орун басарлары кирген. Ал эми “Ажылык жана умра” борборунун алдындагы убактылуу штабга бардык казылар милдеттүү түрдө кирет. Бул ошол мыйзамдарды билбегендиктен болуп жатат деп ойлойм.

“Ажылык жана умра” борборунун мүчөсү, Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин башчысы Бакыт Нурдинов бул коррупциялык иштердин жолун буугандан кийин, андан ажырап калган адамдардын нааразычылыгы деген оюн билдирди.

- Республика боюнча бардык жерде эч кандай нааразычылык жок, бир гана Ош шаарында эки-үч топ гана чыгып жатат. Булар былтыркы жана мурдагы ажылыктардан көп пайда көргөн кишилер. Экинчиден, “Ажылык жана умра” борбордун курамы, ага депутаттардын кириши мыйзамдык негиздер менен болгон.

Сынга кабылган борбор

Деген менен Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат комитети 13-сентябрдагы жыйынында “Ажылык жана умра” борборунун ишин сынга алды. Комитеттин төрайымы чет элдик жарандарга ажылык жолдомо алууга уруксат берүү туура эмес болот деген ойдо.

- Сауд Арапстан ажылык квотаны бир гана Кыргызстанга берет. Эгер ушул келишим бузулса, Сауд Арапстан экинчи биздин өлкөгө квота бербей койот. Ушундай келишимди бузганы үчүн бир өлкө беш жылдан бери ажылыктан ажыраган. Булар VIP деп калькуляция чыгарып, чет элдиктерге 4600 доллардан деп коюптур. Коррупция эмнеде болот? Тизмеде, визада, анан албетте квотада болот.

“Ажылык жана умра борбору” Кыргызстанга түздөн-түз тиешеси бар чет элдик жарандарга ажылыктын баасын 4600 доллардан сатуу боюнча чечим чыгарган. Мында бир топ жагдайлар эске алынганын Чубак ажы Жалилов айтууда.

- Бул кыргызстандык жарандар бүткөндөн кийин артса, өздөрү кыргызстандык эле, бирок Орусиянын жарандыгын алып калгандар, аялы же апасы Кыргызстандан болгондор эске алынган. Бирок кечээги сөздөрдөн кийин бул маселени “Ажылык жана умра” борборунун жамаатына койом. Балким чет элдиктердин баарын такыр алып салабыз. Бирок азырга чейин бир да чет элдик катталган жок.

Муфтияттын айтымында, мындан түшкөн каражат медреселерди каржылаганга, диний билим берүүгө жумшалмак.

Сауд Арапстан быйыл Кыргызстанга 4500 квота бөлгөн. Мындан сырткары кошумча ажылык жолдомо алуу боюнча сүйлөшүүлөр да жүрүп жатканын айтышууда. Ал эми ажылыктын баасы быйыл 2350 доллар деп бычылган. Былтыр бул баа 2300 долларды түзгөн эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG