Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Акыркы мезгилде Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиянын айланасында талаш-тартыштар күч алууда. Дин комиссиясынын жетекчилигинин коррупцияга аралашканын айрым коомдук активисттер айтып чыгышты.

"Азаттык": Бул маселени талкуулаш үчүн Дин комиссиясына кайрылганыбызда алар убактысы жок экенин айтып, талкууга катышуудан баш тартышты. "Азаттык" Дин комиссиясында коррупциялык иштер бар болгонун айтып чыккан Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандары конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов менен Дин комиссиясынын мурдагы жетекчиси, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробековду чакырып, талаштуу маселени талкуулады.

"Азаттык": Бакыт мырза, сиз өткөн жумада Дин комиссиясынын жетекчиси Орозбек Молдалиевдин жумуштан кетүүсүн талап кылып, атайын жыйын уюштурдуңуз. Дин комиссиясынын айланасындагы акыбал чынында эле сиз айткандай оорбу?

Бакыт Нурдинов: Биз бир жылдан бери эле какшап келебиз, Дин комиссиясынын абалы оор. Мындайча айтканда, Дин комиссиясы акыркы мезгилде ишбей жатат деген маселеде чыктык. Орозбек Молдалиев ошондой эле анын жардамчысы Бакыт Осмонов өздөрүнүн милдетин аткарбай жатышат. Себеби ал өзүнүн милдетинен аша чаап, дин чөйрөсүнө кийлигишүүдө. Мындайча айтканда, мажбурлоо аркылуу иш алып барууда, экинчиден, ажылык маселесине толук өзүнүн адамдары менен кирип кеткен, үчүнчүдөн, аттестация убагында иргеп, өзүнө жаккан адамдарды калтырып, мындайча айтканда, адилетсиздик кылууда.

"Азаттык": Күч органдарына кайрылдыңыздарбы?

Бакыт Нурдинов: Арыз түрүндө дагы кайрылдык, азыркы кезде куруп жаткан үйү жөнүндө дагы далилдери менен бердик.

"Азаттык": Азыркы учурда эле эмес, мурдатан бери эле сиз Дин комиссиясы жана анын жетекчилерине сын айтып келесиз. Ушуга чейин канча Дин комиссиясы жетекчисин жумуштан кетүүгө чакырдыңыз?

Бакыт Нурдинов: 99-жылдан бери дин чөйрөсүнө кирип Дин комиссиясынын көптөгөн жетекчилери менен, анын ичинде Жолборс Жоробекович менен да чогуу иштештик. Сынды кабыл алган адамдар менен иштештик. Бирок кенебегендерди кеткиле деп 4-5 жетекчини кетиргенге жана соттошконго аракет кылдык.

"Азаттык": Жолборс мырза, бул жерде Бакыт мырза айтып атат 4-5 жетекчи деп. Эмне себептен Дин комиссиясы жана жетекчилиги дайыма ушундай сынга кабылып келет?

Жолборс Жоробеков: Мен да Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында эки жолу иштедим. Дин жаатында акыбал бир топ оор. Бакыт Нурдинов деле мен иштеген 1999-2000 жылдары бизге каршы чоң акцияларды жасап жүргөн. Бирок биз чакырып, сүйлөшүп бир пикирге келүү жолун тапканга аракет кылчубуз. Себеби келишим болмоюнча маселе чечилбейт. Бакыт мырза азыр Дин комиссиясы мажбурлоо жана күч колдонгон органга айланып калды деп айтып жатат. Ошондой болсо да Молдалиев чакырып, сүйлөшүп, конкреттүү маселелер боюнча конкреттүү сүйлөшүп бир пикирге келиш керек.

Доомат көп, айып арбын

"Азаттык": Өзүңүз билесеңиз керек, Дин комиссиясы 1996-жылы Акаевдин буйругу менен түзүлгөн. Сиздин оюңузча, Дин комиссиясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди, күтүлгөн иштерди аткара алдыбы?

Жолборс Жоробеков: Менин оюмча аткарат, аткарып жатат. Дин комиссиясы болобу, министрлик болобу, кайсы бир агенттик болобу өкмөт тарабынан бекитилген жоболор боюнча иштейт да.

"Азаттык": Бакыт мырза Дин комиссиясы өзүнүн укуктарынан ашып жатат, жетекчиси коррупциялык иш-аракеттерге аралашууда деп айтууда. Дин комиссиясынын жетекчисинин муфтиятты колдонуп жеке пайда табуусу ошончолук эле оңойбу?

Жолборс Жоробеков: Менин оюмча, бул өтө кыйын нерсе. Албетте, Бакыт мырзанын койгон күнөөсү өтө чоң. Муфтият менен биригип алып чоң коррупциялык системаларды жасап атат деген өтө чоң айып. Бирок менин айтайын дегеним мыйзамда, кагазда жазылбаган да жоболор бар да, айрыкча биздин менталитетибизде. Мен иштеп жүргөн мезгилде эле азыркы "Таблиги жамаат" жайылып, ошол эле "Хизб ут-Тахрир" уюму күчөгөн мезгил эле. Биз ошолор менен да жолугуп сүйлөшкөнгө аракет кылчубуз. Ошон үчүн бул жерде кандайдыр бир сүйлөшүүлөр, макулдашуулар, орток жолго келишибиз керек. Ошол эле кезде Бакыт мырза коюп аткан маселелер ошончолук эле оор болсо президенттик аппарат болобу, Дин комиссиясы болобу тез аранын ичинде чечүү керек.

"Азаттык": Бакыт мырза, эгер сиз айткандай эле коррупциялык иштер болуп жаткан болсо эмне үчүн ушул мезгилге чейин Дин комиссиясы же кандайдыр бир жетекчиси коррупцияга айыпталып, жоопкерчиликке тартылбады?

Бакыт Нурдинов: Биз былтыртан бери аракет кылып, пресс-конференция берип, далилдөө менен да айтып атабыз.

"Азаттык": Эмнеге жоопко тартылбай атышат?

Бакыт Нурдинов: Эми биз аны билбейбиз. Күч түзүмдөрү үчүн биз жооп бере албайбыз. Биз далилдерди берип атабыз. Аны кайсы жактан кантип козголбой калып атканына мен жооп бере албайм.

"Азаттык": Өзүңүздүн божомолуңуз барбы?

Бакыт Нурдинов: Дин комиссиясы президенттин кол алдында болуп калууда. Биздин чыккан үнүбүздү башкача жеткирип жатат. Бизди оппозиционер же бир башка жамаат катары жеткирүүдө. Биз алардын жасап аткан реформаларына каршы болуп аткандай, булар чыга беришет деп жеткиришүүдө. Булар чындыкты, акыйкаттыкты президентке жеткирбей атышат.

"Реформаны талап кылабыз"

"Азаттык": Бакыт мырза, "Дин комиссиясы муфтияттын ишине кийгилишүүдө, муфтиятты өзү каалагандай башкарып жатат" деп айтып жатасыз. Дин комиссиясынын кийгилишүүсүн муфтият өзү каалап жаткан жокпу? Же болбосо Дин комиссиясы менен муфтияттын кызматташуусун кийгилишүү катары карап жаткан жоксузбу?

Бакыт Нурдинов: Бул жерде бийликти узурпациялап алуу бар да. 2014-жылы 4-мартта өткөн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын акыркы курултайында устав кабыл алынбай калган. Ал жалпыга берилбей калган. Комиссия түзүлгөн, бирок ошону Юстиция министрлигинде өткөрөрдө Орозбек Молдалиев өзүнүн көзөмөлү менен өткөртүп туруп алган. Ошол уставга такап, өзүнө жаккан кишилерди коюп, башкаларын сен жарайбайсың, деп иштен айдоодо.

"Азаттык": Жолборс Жоробекович, сиздин оюңузча Дин комиссиясы реформага муктажбы? Кандай реформа кылыш керек?

Жолборс Жоробеков: Реформанын негизги максаты Дин комиссиясы кандай эффективдүү иштей алат деген суроого багытталыш керек. Реформа деген нерсе иштеп атабы же ошол иштей турган нерсе эл менен өзүнүн функционалдык милдеттерин жакшы аткарып, жакшы иштеп кетүүсү керектигинин тегерегинде болуш керек.

"Азаттык": Эмне кылыш керек?

Жолборс Жоробеков: Ошон үчүн бул жерде сөзсүз эле муфтийди алып келип алып муфтийге команда берүү деген болбош керек. Муфтийдин айткандарын да кабыл алыш керек. Кандай муфтий келбесин, мен азыркы эле муфтийди айтып аткан жокмун, сөзсүз эле Дин комиссиясы менен карама-каршы иштейм, дегенге барбайт.

Мисалы, мен алгач Дин комиссиясынын төрагасы болуп барганда бир аксакал муфтий бар эле. Мен ал кишини чакырбайт элем. Бир иш болгондо эле өзүм чуркап барчумун. Ушундай болуп атат, кандай кылабыз, сиз кантип ойлойсуз деп. Кийин Кимсанбай ажы болуп калды. Кээде мен баргычакты Кимсанбай ажы өзү чуркап келип калчу тигиндей-мындай деп. Муну айтып аткан себебим Дин комиссиясы менен муфтияттын ортосунда эч карама-каршылык болгон эмес. Ошондо эч ким сен өзүңдүн кызматыңдан аша чаап кеттиң, муфтийдин үстүнө олтуруп алдың же болбосо муфтий келип сенин кабинетиңден чыкпай олтуруп алды, деген сөздөр болчу эмес. Бирок кийинки кездерде башкача болуп кетти.

Бакыт Нурдинов: Азыр муфтийди жүгөндөп алгандыгы муфтий менен сүйлөшкөндө эле билинип атат да. Муфтий мени коргой албай калгандыгынан эле көрүнүп турат.

"Азаттык": Муфтий менен сүйлөшкөндө байкадым дедиңиз, эмнени кандай байкадыңыз?

Бакыт Нурдинов: Мисалы, 2016-жылкы ажылыкка эмне үчүн 1000 доллар кошуп атасыңар десем, биз аны кошкон жокпуз, тияктан ошондой сунуш түшүп атат деди. Мисалы, ошол эле дин комиссиясынан 1000 доллар 2016-жылы кошобуз деген нерсе Дин комиссиясынын орун басары Бакыт Осмоновдон келүүдө.

"Азаттык": Сиздин оюңузча, Дин комиссиясы сунуштап жатат делген нерсе чындап эле сунушпу же бул сунуш буйрук түрүндөбү?

Бакыт Нурдинов: Жок, булар буйрук түрүндө. Анан да молдокелерде түшүнүк мындай да, айтылгандан кийин бул аткарылыш керек деген. Ошондуктан ага тоскоолдук кыла алышпайт.

Жолборс Жоробеков: Эми бир маселе бар да, эмне үчүн дайыма ушундай чыр болуп келет дегенде, бизде бир эле маселе бар. Бул акчанын тегерегинде болгон маселе. Анан эң көп негизги акча ажылыктан болот. Мына, бүгүнкү күндө бизде керек болсо 6000дин тегерегинде ажыга барсам деген адам бар. Биз дагы Малайзиябы, Түркиянынбы системасын көрүп, эгер биз өзүбүз бул жагынан чамабыз жетпесе ошондон үйрөнүшүбүз керек.

Биринчи эле бизде кайсыл маселе башталат? Албетте, квота маселеси. Квота бөлүштүрөбүз, анан кийин тигиндей болот, ким алып барат дегендей. Мына, тегерегибиздеги мамлекеттердин биринде да же муфтийи, же мамлекети бул ишке кийгилишпейт. Бул ишти фирмалар жасашат. Мамлекеттик органдар, муфтий да ошол фирманы текшерет.

"Азаттык": Жолборс мырза, мамлекеттин динге аябагандай чоң маани бере башташы, же болбосо диний коопсуздукка маани бере башташы Дин комиссиясынын дин тармагына кийгилишүүсүнүн жолун ачып койгон жокпу?

Жолборс Жоробеков: Дагы кайталайм, Дин комиссиясы динге качан кийгилишет? Качан гана адамдардын коопсуздугу маселесинде. Башка маселелердин баары дин адамдарынын компетенциясына кириш керек.

Бакыт Нурдинов: Жолборс Жоробекович туура айтты. Адамдын жетекчилигинен да көп нерсе көз каранды. Анан да Дин комиссиясынын катасы диний чөйрөдө бир дагы аянтча түзө алган жок да. Биз артта калып калдык. Ошол үчүн тез арада аянтча түзүп туруп, тажрыйбалуу адамдарды алып, аянтча маселесин чечкенде, ошол эле Ислам мамлекети делген уюмдун айланасындагы маселелер чечилмек. Бирок биз эмнегедир азыр да ошол ажылык, коррупция маселесине такалып калып атабыз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG