Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Кыргызстан муфтиятынын дааватчыларга окшош кийим кийгизүү демилгеси “Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай" талкуусуна коюлду.

Анда дааватчылык жана анын эрежелери, коомго оң-терс таасири, форма менен мазмундун айкалышы, ажырымы сыяктуу маселелер козголду. Талкууга Кыргызстан дин башкармалыгынын даават жана фатфа бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев катышты.




“Азаттык”: Талкуу башталаардын алдында орозо кармап жаткан угармандарга орозоңуздар кабыл болсун деген каалоо айта кетели. Анда талкуубузду баштай берели. Равшан ажы, жанараак телефон аркылуу сүйлөшкөндө жакында ушу дааватчылардын кийими аныкталып, алды кийиле баштады деп айттыңыз эле. Азыр үстүңүздөн көрүп турам: ак топу, апакай көйнөк илгеркидей. Өзүңүз түшүндүрүп берсеңиз, бул эмне форма?

Равшанбек Эратов: Алла Таалага - чексиз мактоолор жана пайгамбарга – салаваттар жана саламдар.

6-августта биз Кыргызстандагы бардык мусулмандардын, дааватчылардын катышуусу менен чоң жыйын өткөрдүк. Көп маселелердин катарында кийим орчундуу маселе катары каралды. Муну диний башкармалыктын фатфа, даават бөлүмү көтөрдү. Себеби өзүңүздөргө белгилүү дааватчылардын сырткы келбетине өтө көп сын-пикирлер айтылып келген.

Дааватчылар муну бирөөнүн айтуусу, таңуулоосу менен кийбесе дагы, алар динди түз, көзү менен көрүп кабыл алган адамдар да. Көпчүлүгү Индияга, Пакистанга же Сауд Аравияга барып келип, ушу пайгамбарыбызга окшош болсок деп сүннөт, диний мусулман кийим деп калыптап алышкан. Анан коомчулукта кийим-кечек боюнча чоң талкуу болгон.

Бул экинчи жыйын. Биринчи жыйында көчөлөрдө селде, чалма чалып жүрүүнү биргелешип токтоткон элек. Бул ибаадат кийим болуп мечитте, анан жума күнү мечиттин аймагында калсын деп кабыл алып, бул ишке ашып келаткан.

Жаңылык кылып жалпы жыйында чепкен да кабыл алганбыз. Ал дагы пайдасын берди, бирок ысык мезгилде эки кийим кийип жүрүш кыйын болуп, тышкысын чечкенде дагы эле апакай узун көйнөктөр ар түрдүү пикирди жаратып келген.

Бул жерде негизинен салттуу динибизди карманып келген ата-бабаларыбыздын кийимине назар салдык. Алар тизесине чейин тигилген, тик жака, кайчы жака көйнөктөрдү кийишкен экен. Ушуну коомчулукка туура түшүндүрө алдык. Биз кийимдин үлгүсүн гана чечип бердик...


Орозбек Молдалиев: Негизи кыргыздын улуттук кийими бар. Сауд Аравия, Пакистан жана жакынкы орто чыгышка барып келген жаштар ал жактагы кийимдерди көрүп, мода катары да көрүп, ар кандай себептер менен ошолордун кийимдерин кийип келип атышат. Эми ал ошолордун жумушу. Бирок дааватка чыкканда бул алардын жумушу болбой калат. Себеби коомчулук булардын шалбыраган кийимдерин абдан тескери кабыл алат.

Бул өзү даават миссиясын төмөндөтүп салат. Анткени дааватка жакшынакай насаат менен, элден бөтөнчөлөнбөй, жакшылык менен чакырыш керек. Ошондо даават максатына жетет.

Эми жанагы бирдей кийим кийгизели деген деле экинчи жээкке аша чабуу болуп кетип атат. Коомчулуктан айырмаланбаган, жакшынакай кийимдерди эле кийип чыксаңар дейм да. Себеби мындай кийимдерди тиктирип кийгенге каражаттары жоктору деле бар да...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG