Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Ислам менен каада-салт бири-бирин колдойт


Хижаб кийген аялдардын акциясынан бир көрүнүш, 5-ноябрь, 2013-жыл

Хижаб кийген аялдардын акциясынан бир көрүнүш, 5-ноябрь, 2013-жыл

Диний жана улуттук баалуулуктардын окшоштуктары, айырмалары жана кайчы келген өңүттөрү Бишкекте студенттердин, диний аалымдардын, окумуштуулар менен эксперттердин катышуусунда өткөн жумада талкууланды.

Анда кийим кийүү, дааватчылык, куран окуу өңдүү маселелердин талаш-тартыштуу өңүттөрүнө көбүрөөк маани берилди.

"Хижаб кийсе болот, болбойт" деген сыяктуу жандуу пикирлер менен коштолгон талкууда көтөрүлгөн ар бир маселеге өз кезегинде диний аалымдар менен эксперттер түшүндүрмө берип жатышты.

Маселен, кийим кийүү андай деле катаал эрежелерден көз каранды эмес экенин Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, Ислам университетинин проректору Марс Ибраимов белгиледи. Анын айтымында, кыргыз кыздары эгер каражаты жетсе, улуттук кийимдерди деле кийип жүргөнү оң. Эгер ага мүмкүнчүлүгү жок болсо, колунан келген кийим менен эле жабык жүргөнү жакшы.

Дааватчылыктын күңгөй-тескейи да жыйында кызуу талкууланган темалардан болду. Ал эми жаштардын кыргызча намаз окуу сунушун диний аалымдар колдогон жок.

Белгилүү араб таануучу-окумуштуу Валимжан Таңырыков натура түшүнүктөрдүн, талаш-тартыштардын келип чыгышына ислам таануу иштеринин солгундугу, биринчи кезекте Курандын кыргыз тилинде жеткиликтүү которулбай жатышы себеп болууда деп билдирди:

- Ар бир динде догма бар. Ал догманы бузганга болбойт. Намазды араб тилинде окуш керек. Дубаны араб тилинде окуш керек. Эгер маанисин түшүнөм десеңер кыргыз тилинде деле окуп койгула. Бирок мен силерге кескин айтам: ушул убакка чейин бир да кыргыз Куранды туура которо алган эмес.

Таңырыковдун баамында, ошол билимсиздиктин айынан диний жана улуттук маданият аң-сезимге чаташкан калыбында кирип атат:

- Азыр ислам маданияты менен эмес, араб маданияты менен улуттук маданиятттын тиреши жүрүүдө. Динге жамынып, араб маданиятын жайылтууга же улутчулдукка жамынып ислам динин четке сүрүүгө болбойт. Биз деле жалпы жонунан ислам маданиятына киребиз. Бирок ал улуттук каада-салттарыбызды четке какпайт. Баарыбыз адамбыз.

Бул ойду Аалымдар кеңешенин төрагасынын орун басары Марс Ибрагимов да толуктады:

- Улут башка, дин башка. Кээде биз улутубузду карманып, диний баалуулуктарды унутуп калбашыбыз керек. Ошол эле учурда динге берилип кетип улуттук баалуулуктарды чанганга болбойт. Тең салмактуулукту сакташыбыз абзел. Маселен Манас биздин улуттук баатырыбыз. Анын өмүр баянын билүүбүз керек. Бирок ага сыйынганыбыз болбойт.

Бул өндүү талкуулар динди жана улуттук маданиятты калыптандырууга, жаштарга туура багыт берүүгө, радикалдык кадамдарга жетелеген натура түшүнүктөрдү айырмалоого жардамы тиет деген ишенимин талкуунун уюштуруучусу, филология илиминин доктору Анарбай Сыдыков билдирди:

- “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” деген принципте эмес, “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген ниетте ушул теманы билген, ушул багытта билим алып жаткан жаштардын, адистердин пикирин угалы дегенбиз. Мында улуттук баалуулуктарды диндин тыюуларынан ажыратып кароо керек экени түшүнүктүү болду окшойт.

Исламий жана светтик багытта билим алып жаткан Бишкек гуманитардык университетинин жана Ислам институтунун студенттеринин катышуусундагы мындай талкуу биринчи жолу өттү. Ал Коргоо кеңеши кабыл алган, 2014-2020-жылдардагы дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясындагы иш-чаралардын алкагында уюштурулган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG