Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:41

“Азаттыктын” кабарчылары апта темасы аркылуу дааватчылыктын Кыргызстандагы көрүнүшүн сүрөттөөгө аракет кылды.

"Таблиги жамаат" уюмуна таандык саналып, акыркы кездери кеңири жайылып калган дааватчылык тууралуу ар кыл талаштуу пикирлер көп айтылып келе жатат. Айрым кошуна өлкөлөрдө бул ишмердикке тыюу салынган.

Дааватчылык Баткенде өтө актуалдуу маселе эмес. Анткени, аймак калкы мурдатан эле салтуу динди карманып келгенинен улам аны жектегендер жокко эсе. Жергиликтүү эл болгону бир аз атайын жоболор менен эрежеге салып коюш керек, эгер дааватчылыкты такыр токтотуп койсо башка, агымдар жанданышы мүмкүн дешет. Баткендиктердин дааватчылыкка маанайын кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдон уксак.

Дааватчылыкка ыктагандар менен аны жактабаган мусулмандар ортосундагы тиреш айылдык мечит имамынын иштен алынышына чейин жетти. Ат-Башы районунун мечиттеринин биринде катталган мындай окуя тууралуу кабарчыбыз Мирлан Кадыров айтып берет.

Байкоочулардын баамында, Кыргызстанда үч-төрт айлап дааватка чыгып кеткендер жылдан-жылга арбып баратат. Алардын ичинде жардамга муктаж ата-энесин карабай, үй-бүлөсүн бакпай жер кезгендер да бар. Казыят мындайларды тыйып жатабыз дегени менен үйүндө балдары ачка отурса да ушул жолду тандап алгандар болууда. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов кеп кылат.

Жергиликтүү элде дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Ондогон кыргызстандыктар жыл сайын аталган өлкөлөргө дааватка барып келишет. Дагы ондогон кыргыз балдары ушул өлкөлөрдөгү "Таблиги жамаат" уюмунун атайын борборлоруна жана медреселерине окуганы кеткен. Сөз кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевде.

Дааватчылардын арасында диний ишенимге рухий талаптан улам берилип кеткендер бар. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө атуулдук коомдо адамдын инсандык баалуулуктарынын жоголгону жаштардын бат исламдашуусуна шарт түзүп берүүдө. Дааватчылыктагы диний аяр сезимдерди радикалдык куралга айландырбоонун кандай аргасы бар? Бул темага кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов токтолду.

Кыргызстан муфтияты 18 жылда дааватты толугу менен системага киргизип, көзөмөлгө алдык деп айтып келет. Айрым диниятчылар миңдеген мусулмандар дааваттын арты менен терс адаттан арылганына ишенишет. Эксперттер болсо соңку мезгилде бул диний системаны радикалдык көз караштагы уюшмалар аралап кеткенин ачык айтып, коңгуроо кагышууда. Кыргызстандагы дааватчылыктын күңгөй-тескейине кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов назар салган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG