Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Бир катар депутаттар Кыргызстан түрдүү диний уюмдардын очогуна айланып баратканын, ага мамлекеттик органдар тиешелүү көңүл бурбай жатканын айтып чыкты.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар өлкөдөгү диний кырдаал боюнча коңгуроо какты.

Кыргызстан полигон болуп баратабы?

Парламенттеги Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев Кыргызстан аймактагы мамлекеттердин ичинен түрдүү диний агымдардын жайытына айланып баратканын айтып чыкты.

- Азыр биздин өнөктөштөр Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, ошондой эле бул жакта Кытай өздөрүнүн катуу диний саясатын жүргүзүп жатат. Ошолордон качкандардын баары бизге келип, өздөрүнүн билген иштерин жүргүзүүдө.

Муфтияттын да ишмердигин сындап өткөн Осмоналиев бул маселени президенттин деңгээлинде талкуулоо зарылдыгын сунуштады.

- Мусулмандар дин башкармалыгын эч ким тоготпой калды. Менимче, президент жабык карайбы, кандай гана форматта болбосун, Коргоо кеңешинин жыйынын бул маселеге арнап өткөрбөсө болбой калды. Жихадисттерди киргизип алып, райондун имам-хатибдери каалагандай саясат жүргүзүп жатат. “Таблиги жамаат” башка жактарда жабылды эле, бизде болсо Бишкектин казыятынан баштап бардык жерде толуп отурушат.

Каныбек Осмоналиевдин пикирин башка бир депутат, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина улады. Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюму экстремисттик уюмдардын катарына “Таблиги жамаат” уюмун да киргизген. “Бирок Кыргызстанда ал уюмдун ишмердиги көзөмөлгө алынбай келатат”,- дейт депутат.

- 2010-жылдын декабрь айында эле Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюму диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесин бекиткен. Ага “Хизб-ут Тахрир” жана “Таблиги жамаат” уюму да кирген. Биздин бардык кошуналар бул уюмдардын ишмердигине өз мамлекеттеринде тыюу салган. Ошондуктан алардын баары бизге келип жатат. Кыргызстан бүгүн түрдүү диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын полигонуна айланды. Айрым диний уюмдар элди “Кыргызстанда 80 пайыз мусулман жашайт, демек биз ислам мамлекетибиз” деп, жолдон адаштырбашы керек. Биз мамлекетке дин аралашпаган, башкача айтканда Конституция менен жашаган өлкөбүз. Биз шариат менен жашабайбыз.

Депутат: өкмөт комиссия түзүшү керек

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиевдин парламентте айтышынча, Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” уюму экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердигине тыюу салынган. Ал эми “Таблиги жамаат” уюмуна мындай тыюу жок. Ал эми маалыматтарды кошуна жана шериктеш мамлекеттер Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия “Таблиги жамаат” уюмуна тыюу салганы айтылат.

Мындан тышкары депутат Ирина Карамушкина Тышкы иштер министрлигинен алган маалыматын да ортого салды, Анын билдиришинче, Пакистандагы диний борборлордо учурда 37 бала билим алып жатса, 116 бала окууну аяктаган. Ошондой эле Кыргызстандан 500гө жакын бала чет өлкөгө эч уруксаты жок диний билим алуу үчүн кеткен. Алардын арасында 9 жаштан 14 жашка чейинкилер да бар дейт эл өкүлү. Бул фактыларды айткан депутат өкмөткө кайрылып, комиссия түзүүнү сунуштады.

- Ошондуктан мен дагы бир жолу өкмөткө медреселерди, мамлекеттик эмес балдар үйлөрүн текшерүү сунушу менен кайрылам. Алардын окуу программаларын, билим деңгээлин, ден соолуктарын, ал жерлердеги диний кызматкерлер балдарды окутууга укугу барбы же жокпу текшерүү керек. Мыйзамдуу каттоодон өтпөгөн бардык диний агымдардын ишине тыюу салуу зарыл. Казакстан жана Орусия менен сүйлөшүп, чек араларды бекемдөөсү керек.

“Таблиги жамаат” тыюу салынган мамлекеттерден Кыргызстанга келип дааватка чыккандар бар экенин дааватчылар өздөрү да жокко чыгарбайт. Азиз Калчабаев, маселен казакстандыктар Кыргызстанга келип дааватка чыгып жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Аларда дааватка тыюу салып жатпайбы. Ошондон улам дааватка чыгам дегендер Кыргызстан менен байланышып, анан бул жактан 3 жана 40 күнгө дааватка чыгып жатышат. Ошондой эле Орусиядан да келип, бул жакта дааватка чыккандар бар. Бирок алар орустар эмес, Орусиядагы кыргыздар.

Кыргызстан дин башкармалыгы “Таблиги жамаат” уюму менен, атап айтканда дааватчылар менен кызматташып, аларга колдоо көрсөтүп келатат. Анткени муфтият дааватчылар салттуу исламды тутунарын жана үйрөтөрүн белгилешет. Муфтийдин даават, үгүт иштери боюнча орун басары Максат Токтомушев.

- “Баланча киши дааватка чыкканга чейин кандай болчу” деп, элден маалымат жыйнай турган болсоңуздар, эл өзү айтып берет. Мен ушуну жетиштүү деп ойлойм. Албетте 100 пайыз оңолуп кетет дегенден алысмын. Бирок дааватка чыгып, ал жактан оңолбой келген адамдарды гана мисал кылып, аларды башка оңолгондорго каршы коюп, жаманатты кылбайлы. Бул жерде адамдык фактор роль ойнойт.

Ал эми Ош облусунун казысы Султан ажы Гапыров имамдыкка же диний кызматкерликке бир гана салттуу исламды карманган, ханафи-мазхабын тутунган адамдар шайланарын айттууда. Бөтөн иделогиядагы, жихадисттик көз караштагы адамдар имам болот дегенди четке какты.

- Имамдар жаңы шайланып жатканда сөзсүз ханафи-мазхабын тутунгандыгы эске алынат. Анткени муфтияттын уставында ханафи-мазхабы боюнча иш алып барат деп жазылган.

Тыюу менен маселе чечилбейт

Анткен менен диний жана эксперттик чөйрөдө “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун ишмердиги өлкөлө тыйылганын колдоого алышканы менен, “Таблиги жамаат” боюнча бирдиктүү пикир жок.

Маселен Казакстан, Өзбекстан же Орусиянын жолуна түшүп, диний уюмдарды тыюу жолу менен кырдаалды жөнгө салууну жаңылыштык болот деп эсептеген эксперттер да арбын. Саясий илимдердин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин доценти Тимур Козукулов Кыргызстан кошуна мамлекеттерден айырмаланып, өзүнүн жолу менен кетиши керек деп эсептейт.

- Диний уюмдар боюнча чечим кабыл алууда чаржайыт болуп калбаш үчүн алдын-ала так негиздеме керек. Маселен, диний уюмдардын иш-аракети келечекте канчалык зыян алып келет деген анализ болушу зарыл. Ошого карап иш жүргүзүлгөнү туура. Бул маселелерди тыюу салуу менен гана чечип коё албайбыз.

Санжар Тажыматов

Санжар Тажыматов

Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов депутаттардын билдирүүлөрү жана тынчсыздануулары боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Жакынкы күндөрү Коргоо кеңешинде бул маселелер каралмакчы. Чындыгын айтканда, бул маселелер боюнча диний чөйрөдө кандайдыр бир карама-каршылыктар бардай болуп турат. Себеби биздин регион үчүн мурда салттуу болбогон агымдардын пайда болушу- акыркы кездери бизди белгилүү бир деңгээлде кооптондуруп турат. Ошолордун ичиндеги “Хизб-ут Тахрир” уюму конституциялык түзүлүшкө каршы туруп, халифат куруу максаты бар экени баарына белгилүү. Ал эми “Таблиги жамаат” уюму Кыргызстанда каттоодон өткөн эмес. Ошол эле кезде ал уюмга тыюу да салынган эмес, уруксат да берилген эмес. Бул маселелер эми Коргоо кеңешинде каралат.

Анан Кыргызстан диний уюмдар үчүн полигон болуп калды дегенге кошулбайм. Бирок диний кырдаал татаалдашканы бул анык. Анткени бүгүнкү күндө Кыргызстан “Таблиги жамаат” уюмунун таяныч жерине айланып турат. Ошондуктан постсоветтик аймактагы жана Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттер менен мамиледе бул боюнча тынчсыздануу жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселени терең изилдеп караш керек. Анткени бир гана тыюу салуу менен көп маселелер чечилбей калышы да мүмкүн.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дан ашык диний уюм бар. Алар ар түркүн отуздай конфессиянын же диндердин өкүлдөрү. Кыргызстандагы диний кырдаал Коргоо кеңешинде талкууланары буга чейин да айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG