Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Кыргызстанда ондогон конфессиялар жана диний агымдар иш алып барат. Мындай шартта кантип сабырдуу жана ынтымактуу коомду курууга болот?

Бул суроого 30-ноябрда ар кыл диний өкүлдөрдүн катышуусунда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө жооп изделди.

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын билдиргенине караганда, Кыргызстанда ушул тапта 2200дөн ашык диний уюм жана мекеме бар.

Булардын ичинен 1800дөн ашыгы ислам динине таандык диний уюмдар жана мечит-медреселер болуп эсептелет. Ал эми православ багытындагы 52 жана католик багытындагы 4 уюм жана мекеме иш жүргүзөт.

Ошондой эле 1 еврей коому, 1 буддист уюму жана 1 саентологиялык чиркөө катталган. Ал эми эгемен жылдары катталган христиан дининин протестанттык багытындагы уюмдардын саны 250нүн тегерегинде. Мындан тышкары бахаи диний агымына таандык 12 уюм катталып, иш жүргүзөт.

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршенов диний жаатты мыйзамдар аркылуу жөнгө салуу керек деп эсептейт:

- Биз мамлекет менен диндердин ортосундагы мамилени кылдаттык менен карап, Конституциянын негизинде карама-каршылыкты туудурбагандай чечишибиз керек. Кайсы мыйзамга кандай толуктоолорду киргизүү жагын карашыбыз зарыл.

Адистердин билдиришинче, ушул тапта диндердин ортосунда карама-каршылыктар жана түшүнбөстүктөр жок эмес. Талдоочулар да Кыргызстан көп конфессиялуу өлкөгө айланганын, кандай гана болбосун диндер ортосундагы мунасаны табуу керектигин айтышууда.

“Бири-бирибизди урматтайлы”

Ал эми адвентисттердин түштүк жыйынынын президенти Валерий Назимко диндер ортосундагы ынтымактын жолун мындайча айтты:

- Чындыгында эле бизде диний багыттар абдан көп. Алардын ар биринин турмушка карата өзүнүн диний көз карашы бар жана алар диний ынанымга ар кандай жол менен келген. Мындай шартта биз бири-бирибиздин ынанымдарыбызды жана маданиятыбызды урматтаганда гана тынчтыкта жашай алабыз. Бизде башка жол жок.

Ал эми евангелисттик “Благодать” миссионердик адвокаты Жанара Аскар кызы Кыргызстан көп конфессиялар мамыр-жумур жашап келаткан башка өлкөлөрдөн үлгү алуу керек деген ойдо. Анын оюнча, диндердин коомдук өнүгүүгө кошо турган салымын жана күч-кубатын мамлекет пайдаланышы кажет.

- Кыргызстан көп конфессиялуу биринчи гана өлкө эмес. Бул мурдатан эле дүйнө жүзүндө болуп келаткан көрүнүш. Баарын топтоп, башын бириктирип, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой тургандай кылышыбыз керек.

Салттуу диндер - өлкө таянычы

Совет мезгилинде жана ага чейин да Кыргызстанда негизинен ислам жана православ диндери жашап келген. Бишкектеги Орус православ чиркөөсүнүнүн кызматкери Игор Дроновдун айтымында, православ христиандары менен мусулмандар Кыргызстанда 140 жылдан бери ынтымакта жашап келатат. Дронов бул башкаларга үлгү болушу керек деп эсептейт:

- Менин оюмча башкалар мусулмандар менен православ христиандарынан үлгү алыш керек. Анткени православ дини Кыргызстанга 140 жыл мурда келген. Бул аралыкта мусулмандар менен бир да чыр-чатак болгон эмес.

Дин таануучулар да Кыргызстанда көпчүлүктү түзгөн салттуу исламга жана православ христиандарына мамлекет өзгөчө көңүл бурушу зарыл деп эсептешет. Өлкө эгемендиги учурунда пайда болгон диний агымдарга караганда бул салттуу диндер коомдо сыналып, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө алганын белгилешүүдө. Дин таануучу Бакыт Мурзубраимов:

- Кыргызстанда 85-90 пайызы мусулмандар жашайт деп айтылган үчүн негизги багытты ушуларга бурушубуз керек. Бирок башка топторду да унутпашыбыз кажет. Аларга толеранттуу мамиле жасаш үчүн элибиздин диний билимин жогорулатуу керек.

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта эле дин эркиндигин жарыялап, адам укугун кастарлай тургандыгын айтып чыккан. Бирок талдоочулар өлкөнүн дин багытында туруктуу саясаты жок болуп келгендигин, ал аралыкта башка өлкөдө тыюу салынган тоталитардык түрдүү секталар, экстремисттик агымдар өлкө ичинен турук алууга жетишкенин белгилешүүдө. Алар бул жагдай мамлекеттин эгемендигине коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн бири деп кооптонушууда.
XS
SM
MD
LG