Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Муфтият тарабынан жүргүзүлгөн аттестациядан 800 имам жана казыят кызматкери өтпөй калды. Ал эми 71 медресе бар болсо, анын ичинен 66 медресе мүдүрү аттестацияга киргизилген эмес.

Азыркы учурда бул медресе мүдүрлөрү мыйзам бузулду деген жүйө менен Жогорку Кеңешке, башка мамлекеттик органдарга даттанып жүргөн чагы.

"Азаттыктын" «Биз жана дин» түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышында Муфтияттын аттестациясынын айланасындагы талаш-тартыш жөнүндө кеп болмокчу. Талкууга Сокулук районундагы Мухаммадул Амиин медресесинин мүдүрү Камчыбек Өмүрзаков жана Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунун мечитинин имамы Абдыманап Масалиев катышты.

"Азаттык": Бул жерде суралуучу суроолордун көпчүлүгүнө Муфтияттын өкүлдөрү жооп беришсе жакшы болмок. Бирок өкүнүчтүүсү, Муфтияттын жана Кыргыз Республикасынын Дин комиссиясынын өкүлдөрү студиябызга келе алышпай калды. Ошентсе да, Абдыманап мырза, ар түрдүү аттестацияларга катышып жүргөн имам катары айтсаңыз, азыркы учурда өтүп жаткан аттестация менен мурдагы аттестациялардын айырмасы эмнеде?

Абдыманап Масалиев: Мурда мен Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп турганда 32 мечит болсо, азыр алардын саны 24кө азайыптыр. Биз иштеп жүргөндө да аттестация маселесин эки жолу көтөрүп, эки жолу өткөргөнбүз. Бирок мурда аттестацияны Муфтияттын кызматкерлери менен өткөрчүбүз. Ал мезгилде Дин комиссиясынан жана коопсуздук кызматынан эч ким катышкан эмес. Азыр болсо, шартка ылайык мамлекеттик органдар да имамдарды аттестациялоого катышууда.

Акыркы аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча имамдардын айланасында маселе жок. Ал эми Муфтияттын уставында диний окуу жайлардын жетекчилери жогорку диний билимге ээ болушу керек деп жазылып калгандыгы үчүн мусулмандардын арасында кайчы пикирлер пайда болууда.

"Азаттык": Аттестациялоочу комиссиянын түзүмүндө кимдер бар?

Абдыманап Масалиев: Муфтияттан, Ислам университетинен кызматкерлер, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана коомчулукка таанымал устаздар бар. Башка дагы кишилер отурушат. Алар Дин комиссиясынан, коопсуздук органдарынан болушса керек. Бирок толук кимдер бар экенин билбейт экенмин.

"Азаттык": Камчыбек мырза, сиз эмне дейсиз аттестация жөнүндө?

Камчыбек Өмүрзаков: Чындыгында биз аябай таң калып атабыз. Бул аттестация аябай шашылыш өткөрүлүп жатат. Ар бир нерсенин тартиби болгондой эле аттестация да өзүнүн тартиби менен өтүш керек эле. Сурала турган нерселер алдын ала берилиш керек эле. Мына, мисалы, азыр Абдыманап кары билбей атпайбы комиссияда кимдер отурганын. Биздин билишибизче, ошол он беш кишинин бешөө гана диний кишилер, ал эми калганы органдын, мамлекеттин жана башка уюмдардын кишилери болууда. Биз сурап жатабыз, ошолордун кандайдыр бир диний илими барбы? Дин адамдарын аттестациядан өткөрүү укугу жана жөндөмү барбы? Булардын мударистерди иштен кетирүү укугу барбы? Бул нерселер күмөн жаратууда.

Диний окуу жайдын жетекчисинин светтик жогорку билим боюнча диплому болушу керек деген маселе менен Чүй облусунун медреселеринин директорлору эки жолу жолуктук.

Бул жерде биз дин адамдарынан светтик дипломду талап кылуу дин менен мамлекет ажыратылган деген конституциялык нормага карама- каршы келет деп Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, Юстиция министрлигине, Дин комиссиясына, Муфтиятка кат жаздык. Булардын акыркы үчөө уставда жазылып калган деп жооп берди, ал эми башкасы кайрылганыбызга эки ай болсо да жооп бере элек.

"Азаттык": Сиздер Муфтияттын түзүмүнө киресиздерби? Себеби менин билишимче, ар бир мечит, ар бир медресе өз алдынча укуктук жак болуп эсептелет да.

Камчыбек Өмүрзаков: Мыйзам боюнча биз өз алдынча укуктук жакпыз. Өзүбүздүн уставыбыз, мөөрүбүз, банктык эсептерибиз бар. Муфтият деле бизге окшогон коомдук уюм. Биз Муфтият Кыргызстандагы жалпы мусулмандар баш ийген уюм болгону үчүн гана биз ага кошулабыз. Болбосо, Муфтияттын бизди тикеден-тике тейлей турган функциялары жок. Чындыгында сен аттестациядан өткөн жоксуң, иштей албайсың дегенге Муфтияттын укугу жок. Биздин кыжаалат болгонубуздун себеби өтпөй калган 66 медресе мүдүрүнүн ичинде сыйлуу аалымдарыбыз, таанымал, динге кызмат кылган, динди бизге жеткирген, бирок светтик диплому жок устаздарыбыз бар.

"Азаттык": Абдыманап мырза, сиз кандай деп ойлойсуз. Чындап эле аттестациянын жыйынтыгы жана мударистерди жумуштан алуу чечими мыйзамдык күчкө ээ болобу?

Абдыманап Масалиев: Аттестация өзү кызык нерсе. Мечитте да, медреседе да илими текшерилген адамдар иштеши керек. Биз мурда аттестация өткөргөндө, аттестациядан өтпөй калгандарга кайрадан тапшыруу мүмкүнчүлүгүн бергенбиз. Азыркы аттестацияда кандай болорун билбейм. Себеби 800дөй имам өтпөй калды деп айтылууда.

Ал эми маселе медреселер жөнүндө болууда. Себеби кээ бир аалымдар медресенин түптөлүшүнөн баштап акырына чейин кызмат кылышып, жетектешип, азыркы учурда директор болуп иштеп жатышат. Эгерде аларды светтик билими жок деп алып салуу туурабы? Себеби ошол кишинин сыйынан улам демөөрчүлөр келүүдө, ошол кишиден окуйун деп медресеге студенттер келүүдө. Ошондуктан өтпөй калган медресе мүдүрү жумуштан кетсе, ошол медресенин иши да артка кетиши мүмкүн. Андыктан Муфтият да ушуга каршы атайын иш-чараларды иштеп чыгуусу керек.

"Азаттык": Өзү кайсыл негизде ушундай аттестациялоо комиссиясы түзүлүүдө? Бул муфтийдин буйругу менен уюштурулуп жатабы?

Камчыбек Өмүрзаков: Азыр менин колумда бул боюнча документ турат. Бирок эң түшүнүксүз бул документ аттестация өткөрүү боюнча жобо же буйрук деп аталбастан, түзүлүш деп турат да. Мен укуктук билимге ээ киши катары буга түшүнбөй турам. Себеби түзүлүш эмес жобо даярдалышы керек болчу. Орусча даярдалып, кыргызчага которулуп ушундай нерсе чыгып жатат деп ойлойм. Бул нерсени саясатка аралаштырып коюп жатышат.

"Азаттык": Абдыманап мырза, сиз кандай деп ойлойсуз, аттестациялоо максатына жетип жатабы же болбосо Камчыбек мырза айткандай, бул маселе саясатташуудабы?

Абдыманап Масалиев: Көч бара бара түзөлөт дегендей, акырындык менен бул иш өзүнүн ордуна келет деген ойдомун. Кантсе да биз мамлекет жана эл эриш-аркак өзүбүздүн динди алдыга жылдырсак жакшы болот дейм.

Камчыбек Өмүрзаков: Чындыгында биз, диний мударистер, дин кызматкерлери мамлекетибиздин жана анын жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин дин чөйрөсүндө жүргүзгөн саясатын колдойбуз. Бирок биздин оюбузча, “жандоочу кийик аттырат” дегендей, кээ бир мамлекеттик кызматкерлер туура эмес иш кылууда. Мисалы, Дин комиссиясынын жетекчисинин орун басары Бакыт Осмонов бизди чакырып алып, сен кол койдуңбу деп коркутуп үркүттү. Бул туура эмес деп ойлойбуз. Өзү мамлекеттик кызматкер болсо. Кээ бир медресе мүдүрлөрү ушунун айынан мен кол койгон жокмун деп түшүнүк кат жазып беришиптир. Менин оюмча, бул кызматкер дин кызматкерлерине, мамлекет башчыга, анын жүргүзгөн саясатына шек келтирип атат.

Өзү кээ бир маселелерди мыйзамдын чегинде, тынчтык жол менен эле чечсе болот. Ал эми мындай нерселерди саясатташтыруу туура эмес кадам деп ойлойбуз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG