Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору Кыргызстанда ислам теологиясы боюнча адистерди даярдоо программасын коомчулукка тартуулады. Адистердин ой-пикирин жана сунуштарын эске алуу менен программа Билим берүү министрлигине берилет.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директор орун басары Данияр Мурадилов Кыргызстанда диний адистикти арттыруу үчүн бакалавр даражасындагы диниятчыларды даярдоо программасын иштеп чыкканын кеп салууда.

- Бизде жалпысынан теологодор аз. Ал эми ислам жаатындагы кууш адистиктеги теологдор андан бетер аз. Кыргызстанга теологдор керекпи же кереги жокпу деген суроонун жообу баарыбызга ачык-айкын белгилүү.

Сунушталып жаткан окуу программада гуманитардык сабактарга өзгөчө басым жасалганын Мурадилов кошумчалады.

Кыргызстан бийликтери террорчулар жана экстремисттер тууралуу акыркы кезде байма-бай айтып жатышат.

Айрым серепчилер мамлекет азырынча дин менен ийкемдүү мамиле кылуудан мурда илгеркидей эле коркутуу, жерүү мамилесин улантып жатат деп эсептешет.

Мурадилов экстремизм менен терроризм түшүнүктөрүн билими жетик адистер гана калың калкка жеткиликтүү ажыратып бермек деген ойдо:

- Азыркы күндө экстремизм, терроризм деген темалар абдан актуалдуу болуп жатат. Динден экстремизм жана терроризм коркунучу барбы же жокпу, теологдор ажыратып биле алат.

Же болбосо кайсы бир адамдар диндин кээ бир ураандарын жаттап алып, аны колдонуп, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып жатабы? Буларды билиш үчүн теологдор керек.


Кеңири форматтагы билимдин зарылдыгы

Бишкетеги Ислам университети, Ош университетинин теология факультети ислам теологдорун даярдап жатышат.

Мындан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын алдында ондогон медреселер ислам динин жаштарга үйрөтөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев диний багыттагы майда окуу жайларды бириктирип, чоң диний окуу жайын ачуу керек деп эсептейт:

- Каттоодон өткөрүп, алар кайсы окуу программалардын негизинде окушат, Кыргызстандын Конституциясына каршы келбейби?

Аалымдардын, мударистердин, даярдыгы кандай экендигин билип, мүмкүн аларда мударистер азырак болсо, бир эле Ислам университетин ачып, аны күчтүү кылып, тыштан окуп келген балдар ал жерде сабак берсе жакшы болмок. Ошону бүткөн адамдар гана мечиттерде иштесе деген ойду айткам.


Ошол эле кезде депутат Иманалиев диний окуу жайлар жалаң диний билим берүү менен чектелбестен, башка предметтерди үйрөтүү орундуу болорун айтууда:

- Кыргызстандын негизги керектүү нерселерин, Кыргызстандын тарыхына, географиясына, мамлекеттик түзүлүшкө байланыштуу сабактарды, көркөм чыгармаларды да кошо окутса жакшы болмок.

Кыргызстанда кийинки кезде динге бурулган жаштардын кескин арбышы, былтыркы окуялар диний окууга жаңыча өңүттөн көз таштоого түртүп жаткандай.

Керек болсо диний кызматкерлер улут аралык кагылышта жараштыруу эмес, тутандыруу аракетин көргөн деген сөздөр да айтылган. Өлкөдө иштеп жаткан ондогон медреселердин окуу программасы да суроо туудурарын айтып да, жазып да келатышат.

Кыязы, алар диний уюмдар, изилдөө топтору жана мамлекет биргелешип, жалпыга түшүнүктүү программаны алып чыгат деп күтүп жатышкан сыяктуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG