Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстандагы мечиттердин 15 пайызы каттоодон өткөн эмес, ал эми имамдардын 72 пайызынын билимин тастыктаган документтери жок.

Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү айтып чыгышты. Ал эми динаятчылар диний билимдүү, жогорку адистер имам болуудан качышарын белгилешүүдө.

Катталбаган мечиттер, дипломсуз имамдар

Президенттик аппараттын Этностук өнүгүү, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмү "Кыргызстандагы мечиттердин 15 пайызы каттодон өткөн эмес, имамдардын 72 пайызынын билимин тастыктаган документтери жок" деген маалыматты таратты.

Аталган бөлүмдүн эксперти Шаазада Түмөнбаевдин айтымында, жергиликтүү эл мечиттерди каттатуунун жол-жобосун билишпейт же айрымдары каттатууга далалат деле кылган эмес.

- Кыргызстанда бардыгы 2166 мечит бар. Алардын ичинен катталганы 1701, ал эми 460 мечит каттала элек.

Ал эми имамдардын көпчүлүгүндө билим даражасын тастыктаган кагаздары жоктугуна байланыштуу Түмөнбаев мындай пикирде.

Ош шаарындагы мечит
- Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын жана Ички иштер министрлигинин аналитикалык маалыматтары бар. Ошолордун берген маалыматы боюнча чындыгында эле Кыргызстанда имамдардын 72 пайызга жакынынын расмий билими жок.

Ислам дини боюнча Кыргызстандагы же башка өлкөлөрдөгү диний окуу жайларды бүттү деген дипломдору жок.


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Билим берүү боюнча бөлүм башчысы Рустам Гулматов диплому жок имамдар бар экендигин жокко чыгарбайт. Бирок андай адамдар көпчүлүк учурда жергиликтүү элдин өтүнүчү менен имам болуп шайланарын,
ошол эле кезде диний билими текшерүүгө алынарын белгиледи.

- Диплому жок болуп, бирок билимдүү адамдарды, айылдын эли “ушуну имам кылып бергиле, бул бизге жагат, анткени адилеттүү” деп суранган учурлар бар. Бирок ошондо да аны текшерип туруп, шайлап беришет. Себеби шариатта эң биринчи элдин кызыкчылыгы турат.
Молдорлорду дайындап, "муну жасай аласың, тигини кыла албайсың" деген шарттарды коюу үчүн өкмөт аларды көзөмөлгө алып, тыйын бөлүп турушу керек.

Адистер акыркы кездери Кыргызстандан жана чет өлкөдөн окуу жайды бүтүп келген диний билим жогору жаштар көп экендигин айтышууда. Бирок анын баары эле имам болууга көңүлдөнүшпөйт экен. Диний маселелер боюнча адис Бакыт Мурзубраимов:

- Жогорку билимдүү дин адистери бар. Акыркы кездери теология бөлүмдөрүнөн даярдалып чыгышууда. Бирок алар жок эле дегенде мектептерде адеп сабактары боюнча мугалим болушууда. Ал эми талантына же шартына жараша мечиттерге имам болуп кеткендер да бар, бирок алар абдан аз.

Түркиядан үлгү ал

Муфтияттын Билим берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Рустам Гулматов мунун себебин ажыратып берди.

- Диний билими жогору адамдардын баары турмуш тиричиликтин айынан соода жана башка иштерге өтүп кетүүдө. Анткени имамдарда айлык-акы деген жок.

Теолог адис Бакыт Мурзубраимов "билимсиз диний кызматкерлердин иш-аракеттери мамлекетке коркунуч жаратып коюшу мүмкүн, бийлик кол кабыш кылбаса, маселени муфтият өз алдынча жөнгө салууга чамасы аз" деп эсептейт.

Ал светтик деп саналып, бирок ислам дининин баалуулуктарына таянган Түркияны мисал тартууда.

- Молдорлорду дайындап, "муну жасай аласың, тигини кыла албайсың" деген шарттарды коюу үчүн өкмөт аларды көзөмөлгө алып, тыйын бөлүп турушу керек. Ал үчүн жалпы саясат өзгөрүш керек. Бул бир аз татаал маселе. Мисалы Түркияны алсак, жүз миңге жакын диний кызматкер бар. Ошолордун айлык-акысын мамлекет төлөп берет. Ага жараша мамлекет аларга катуу талаптарды жана шарттарды койот. Дин кызматкерлери көрсөтүлгөн шарттар боюнча гана иш алып бара алышат.

Кыргызстанда имамдарды даярдаган 52 медресе, 6 институт жана бир Ислам университети бар. Мындан тышкары айрым жогорку окуу жайлары теология адистиги боюнча да даярдашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG