Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Бийлик диний билим берүүнү тескөөнү көздөйт


Араванда мусулман аялдарды окуткан мугалим сабак берүүдө, Ош облусу. 13-сентябрь, 2012.
Араванда мусулман аялдарды окуткан мугалим сабак берүүдө, Ош облусу. 13-сентябрь, 2012.

Кыргызстанда “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору коомчулук талкуусуна коюлду.

Мыйзамда чет жерде диний билим алууга кеткендерди мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана бирдиктүү тартипке салуу жоболору да камтылган. Кыргызстандан Арабстанга, Иранга, Пакистанга жана башка Азия мамлекеттерине диний окуу жайларга кеткен балдыр-кыздар аз эмес, бирок алардын так саны беймаалым.

Кеч болсо да, эп болсун

Акылбек Тагаев
Египеттеги атактуу “аль-Азхар” университетинин студенти. Анын айтымында, болжол менен Египетте билим алган 300гө чукул кыргызстандык бар. Тагаев аталган университетте окугандардан чочулоого, “алар эмне билим алып жатат” деп тынчсызданууга негиз жок дейт.

- Мен “аль-Азхар” университетинин шариат факультетинде 2-курста окуйм. Жеке өзүм жөнүндө айта турган болсом, мен ханафи мазхабынын укук негиздерин, анын жол-жоболорун окуйм.


Акылбек Тагаев “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Кыргызстандын коопсуздугуна, учурдун талабына жараша иштелип чыгып жатса керек деген ойдо:

- Кыргызстанда бул мыйзамды чыгарып жаткандар, албетте биздин пайдабызды көздөп, мамлекеттин коопсуздугун ойлоп, бул ишти жасап жатышкан чыгар. Андан биздин шегибиз жок. Мамлекет биздин камыбызды жеп, бизге зыяны тийе турган нерсени ойлобосо керек. Ал эми Египеттин өзүндө кандайдыр бир коркунучтуу көз карашта окуп жаткан балдардын бар экенин мен билбейт экем, уккан да эмесмин.

Кыргызстанда коомчулуктун талкуусуна коюлган “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда мамлекеттик органдардын, муфтият өкүлдөрүнүн, динаятчыларын жана эксперт-адистердин катышуусунда талкууланды. Аны президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган, ал эми мыйзам долбоору “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин башчысы Каныбек Осмоналиевге таандык.

Адистер бул сыяктуу мыйзам бир топ жыл мурда эле кабыл алыныш керек болчу, бирок азыр да болсо кеч эмес дешүүдө. Дин комиссиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бул жааттагы башаламандыкты жөнгө салууга укуктук негиз түзүлмөк деп эсептейт:

- Арабстанга кеткендер эреже катары уруксат алып кетишет. Ал жактагылар уруксат документи жок болсо, кабыл алышпайт окшойт. Ал эми башка өлкөлөргө жөн эле кетип калып жатышат.

Мисалы, мыйзам кабыл алынып, биздин Билим берүү министрлигинин Түркиянын же Иорданиянын Билим берүү министрликтери менен студенттерди алмашуу келишими болсо, анда эч кандай маселе жок, каалаган жагына барып окуй берсин. Бирок азыр ким кайсы жакка барып окуп жатканы белгисиз болуп жатат. Ар кайсы өлкөдөгү окуу жайлардын өздөрүнүн багыттары болот. Алардын ар кимиси эмнени үйрөнүп келсе, Кыргызстанда ошону сүйлөп жатышпайбы.


Коркунучту четтен гана издебейли

Адатта кыргызстандык студенттер диний билим алганы Сауд Арабстан, Египет, Иордания, Ливия, Пакистан, Индия, Бангладеш, Түркия, Татарстан жана башка мамлекеттерге барышат. Кыргызстандагы теологдор ассоцациясынын төрагасы Самаган Мурзаибраимовдун айтымында, диний билим берүүгө көзөмөлдүн болгону жакшы. Бирок ал чет жерге диний билим алууга кеткендерди тартипке салуу же чектөө терс агымдардын таасирин тизгиндээринен күмөнү бар.

- Бир туура эмес ишти башка бир туура эмес кадам менен чечүүгө аракет кылбашыбыз керек. Башка мамлекетте окуп келгендердин биздин диний коопсуздугубузга кандайдыр бир залакасы тийип жатканын байкасак, анда биз алардын окууга баруусуна тыюу салуу аркылуу эмес, аларды кайсы бир шектүү көз карашка алданып, же өтүп кетпей тургандай кылып тарбиялаганыбыз жөндүү. Чет өлкөдө билим алууга тыюу салган күндө деле биздин жаштардын диний сабаты жок болсо, анда алар Кыргызстанда туруп деле түрдүү маалымат каражаттары аркылуу башка агымдарды үйрөнүп алышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, чет жерге диний билим алганы кетип, Кыргызстанга жат түшүнүктөрдү жайылтып жаткан көрүнүштөр диний билим берүү көйгөйүнүн бир гана өңүтү.

Сунушталып жаткан “Диний билим берүү жөнүндөгү мыйзам” ишке кирип калса, ал Кыргызстандын өзүндөгү терс жагдайларды да тартипке салмак дешет. Маселен, Кыргызстанда ушу кезде диний билим берген 91 окуу жай бар болсо, алардын ичинен 75и ислам жаатындагы окуу жайлар. Анын 65и медресе, 9у институт, бирөөсү университет. Ошол эле кезде христиан дининде окуткан 15 билим берүү мекемеси бар. Анын жетөө жогорку окуу жай болсо, алтоо орто билим берген мектептер. Бирок алардын бирдиктүү окуу програмасы, тиешелүү шарттары болбогонуна байланыштуу бүтүрүүчүлөргө берилген документтери мамлекет тарабынан таанылбайт.
XS
SM
MD
LG