Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддагы иш-чара учурунда мамлекеттик гимн ырдалганда ордунан турбай койгон медресенин тарбиялануучу кыздарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул окуя социалдык тармактарда да кызуу талкууну жаратууда.

22-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” аттуу конференция өткөргөн. Анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни ырдалган. Баары ордунан туруп, мамлекеттик символго таазим эткени менен алдыңкы катарда отурган, жоолук оронгон кыздар турбай коюшкан. Муну алар “Куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүрүп, каршылыктын себебин айтып берүүнү каалашкан эмес.

Бул кыздар Жалал-Абад шаарындагы “Айша-Садык” кыздар медресесинде билим алган 16-17 жаштардагы окуучулар.

Медреселерде жалаң гана дин жаатында билим берилип, мамлекеттик символдор жана кагазга жазылган мыйзамдар тууралуу маалыматтар дээрлик окутулбайт. Атын атагысы келбеген дин ишмери, Ноокен районунда жаңыдан уюшулган "Нур" кыздар медресесинин устаты анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз мурда жалаң гана диний жактан билим алып келгенбиз. Азыр да медреселердеги окуучуларга диний түшүнүктөрдү окутабыз. Ошол себептүү кыздардын гимн тууралуу түшүнүгү жок. Демек бул багытта да окутуш керек экен деген ой келди. Мамлекеттик символдор жана жазылган мыйзамдар боюнча дээрлик сабактар өткөрүлбөйт болчу. Светтик билим берүүгө эмитен гана көңүл бурулуп жатат. Азыр медреселерде ушундай маселе бар.

Жыйынга шаардагы "Имам-Аззам" медресесинин кыздары да катышып, бул көрүнүштү алар окутулуп жаткан сабактар менен байланыштырышат. Анткени медреселерде сабактар Курандын негизинде гана өткөрүлөт. Атын атагысы келбеген окуучу буларды айтты:

"Ар бир гимн жаңырганда сыйлап туруш керек болчу. Гимнди биз билебиз, ар дайым ордубуздан турабыз. Ал эми тигил кыздардын турбай койгонун түшүнгөн жокпуз. Бизди медреселерде бул багытта окутпаганы менен өзүбүз деле билебиз. Бул ар бир адамдын өзүнөн болуш керек".

Бишкек
Бишкек

Жалал-Абадда өткөн конференцияга Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын имамдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен катар медреселердин окуучулары да катышкан. Коргоо кенешинин 2014-жылдагы чечимдерин ишке ашыруу максатында уюштурулган конференция дин тууралуу туура түшүнүктөрдү жайылтууну талкууга алды.

Мамлекеттик гимн аткарылып жаткан жыйындарда жана ар кандай иш- чараларда ар бир атуул тике туруп угууга, мамлекеттик эн белгиге урмат көрсөтүп колун жүрөк тушуна коюуга милдеттүү. Бул жөрөлгө өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттик атрибуттарды сыйлоого жана урматтоого милдеттүү экенин билдирет.

Облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов бул жагдайды медреседеги таалим тарбия менен байланыштырат:

- Буга медреселердин жетекчилери күнөөлүү. Чет өлкөнүн академиясы же медресеси болобу мамлекеттин чегинде жайгашкандыктан гимн баштаган атрибуттарды сыйлап, аны аткарууга милдеттүү жана парз болуп эсептелет. Бул жерде лицензия алып, диний билим бергени менен, алар гимн, желек жана президентти билүүгө милдеттүү. Медреселерде дипломдуу адис же тажрыйбалуу илимий даражасы бар аалымдар окутпайт да. Ал жерде айылдын молдосу же башка адам келип окутуп, алардын түшүнүгү ошондой болуп баратат. Демек бул жердеги окуу программаларын текшерүү керек.

Мындай ойго Жалал-Абад облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Муктасар Дыйканова кошулбайт. Анткени ар бир медреселерде мамлекеттин атрибуттары илинип, аларга түшүнүк берилет:

- Медреселерге барып таанышсаңар баарына күбө болосуңар. Ал жерде мамлекеттик гимн, символикалар, президенттин айткан сөздөрү жана ошондой эле "Манастын жети осуятынан" бери жазылган. Бирок бул жерде кыздар өздөрү жакшы түшүнө албай коюшту окшойт. Ошол себептүү гимн ырдалып жаткан учурда катачылыктарга жол берилди. Бул жерде бир жактуу караганга болбойт.

Диний конференция учурунда мамлекеттик гимнге жасаган мамилеси үчүн "Айша-Садык” кыздар медресесинин тарбиялануучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу облус казысы Абдулазиз кары Закиров билдирди. Ал мындай ири иш-чараларга катышпагандыктан кыздар катачылыктарга жол бергенин айтат.

- Мамлекеттин кайсы жараны болбосун, улутуна карабай өлкөнү сүйүүгө жана ага жан дили менен кызмат кылып, мамлекеттик символдорду сыйлоого алыш керек. Ал эми гимн жаңырып жаткан убакта кыздардын турбай коюшу бул түшүнүктүн жоктугу менен байланыштуу. Анткени буга чейин өткөрүлгөн ар бир диний иш- чаралар куран окуу менен башталып, куран окуу менен аяктачу. Жаш кыздар мындай жыйындарга биринчи ирет катышып жаткандыктан катачылыктарга жол берилген. Ошол себептүү аларды башкача көз караш менен карабашыбыз керек. Бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Кыздар медресесинин тарбиялануучуларынын бул аракети азыр коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар кыздарды күнөөлөсө, кээ бирлер “медреседе Кыргызстанды, анын символдорун сыйла деп окутпаса, анда кыздарда эмне күнөө? Кеп аларды окуткан аалымдарда, кандай сабак берип жатканын көзөмөлдөй албаган мамлекетте” деп жазууда.

Облус боюнча 625 мечит бар. Алардын ичинен 547 мечит бүгүнкү күндө каттоодон өткөн. Ал эми 78 мечиттин каттоосу жок. Андан сырткары 190 намазкана жана алты медресе диний билим берип каттоодон өткөн. Учурда медреселерде 830дан ашык окуучу билим алат. Кыргызстанда, расмий маалымат боюнча, 500дөй мечит расмий каттоосуз иштөөдө.

XS
SM
MD
LG