Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:15

Кыргызстанда мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйдү. Канча медресе иштеп, кандай билим берилээри көпчүлүккө белгисиз. Социалдык тармакта мечиттер менен мектептин санын салыштыруудан чыккан талкуу катышуучуларды экиге бөлдү.

Эмне үчүн Кыргызстанда мектептен мечит менен медресе көп салынып жатат? Мектеп менен медреседеги билимдин деңгээлин салыштырууга болобу?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстан Муфтиятынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев, Билим берүү министрлигинин башкы адиси Кылым Сыдыкназарова жана коомдук активист Канат Мидин уулу катышты.

“Азаттык”: Канат мырза, сиз Фейсбуктагы баракчаңызга мечит менен мектептин санын салыштыруу логикага карама-каршы келет деп жазган пикириңиз социалдык тармактагы коомчулукту экиге бөлгөндөй болду. Мындай көрүнүш кыргыз коомунун мектептин милдети менен медресенин милдетин ажырата билбегендигиненби же кайдыгерликтен кабар береби? Мектепке караганда мечит менен медресенин көп курулуп жатканы жаш муунга оң таасир береби же терс таасир тийгизеби?

Медресеге ыктаган өспүрүмдөр

Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.

Канат Мидин уулу: Мечит менен мектептин санын салыштыруу туура эмес. Себеби алардын функциясы эки башка. Ал эми мечит менен медреселердин көп салынышы жакшы эле болуш керек. Албетте, көп санда болсо же чегинен ашып кетсе терс таасир бериши да мүмкүн. Алардын арасында мектепке барбаш керек же мамлекеттик башкаруу туура эмес дегендер болсо терс таасир тийгизээри белгилүү. Алардын ишмердигине тиешелүү тартип коргоо органдары сөзсүз көз салышы керек.

“Азаттык”: Замир мырза, Кыргызстанда ушул тапта иштеп жаткан канча медресе жана диний окуу жайы бар? Анда жылына орто эсеп менен канча окуучу билим алат? Алардагы окутуу программасын кайсы мекеме, кандай стандарттын негизинде бекитет? Деги диний окуу жайларда билим берүүнүн негизги максаты эмне?

Замир Ракиев: Ушул тапта 90дон ашык медресе бар, ал эми иш жүзүндө иштеп жаткандарынын саны 72. Аларда окуп жаткан балдардын саны алты миңден ашык.

Ал эми мечит менен медресе көп салынып жатат деген сын туура эмес. Жалпы калктын муктаждыгы болгон үчүн мечиттер салынып жатат. Бул элдин мүдөөсү, элдин талабы. Ага динден артта калган же ага көрө албастык кылгандар эле туура эмес ойду таратып жатышат.

Жалал-Абад облусундагы медреселерде окуган балдарды текшергенде бир гана араб тилин окуп, башка сабактардан кабарсыз калышкандыгы белгилүү болгон.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгында аалымдардан турган кеңеш бар. Андан тышкары тогуз казыят бар жана аларда билим берүү боюнча бөлүмдөр бар. Программаны окумуштуу профессорлордун катышуусу менен түзгөнбүз. Анда башка мектептерде кандай билим берилсе, дал ошондой эле сабактар киргизилген жана андан тышкары дин боюнча билим берилет. Ал жерде диний билим менен айкалыштырып радикализм, экстремизм, терроризм деп айтылып жаткан коркунучтарды айрып билүү боюнча мааламыттар берилет.

“Азаттык”: Кылым айым, Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар деген жүйө менен медреселердеги билим берүү программасын, кимдер окутаары такай текшерилбейт. Былтыр жүргүзүлгөн аттестация кейиштүү көп кемтикти көрсөттү. Демек, мамлекеттин келечеги болгон жаш муундун кандай билим алып жаткандыгын текшерүү зарыл го? Билим берүү министрлиги бул маселени эмне үчүн Жогорку Кеңештин, Коргоо кеңешинин деңгээлинде көтөрө албай жатат?

Кылым Сыдыкназарова: Албетте, мектеп менен медресени салыштырууга мүмкүн эмес, анткени ортосунда зор айырмачылык бар. Медресени бүткөн окуучулар билими тууралуу эч кандай документ алышпайт жана андан ары окуусун мамлекеттик окуу жайларда улантууга мүмкүнчүлүгү жок.

Ата-энелердин балдарынын убактысын бекерге кетирип, медресеге берип жатышкандыгы өтө өкүнүчтүү. Билим берүү министрлиги диний окуу жайлардагы окутуу программасын текшербейт, себеби көзөмөлдөөгө укугу жок. Бардык мыйзамдарда мамлекет динге кийлигишпейт деп жазылган. Бирок, албетте окуучулардын мектепти таштап медресеге кетип калууларынын негизинде тартип коргоо органдары текшерип, мектепке кайра тарткан учурлар болуп жатат. Мисалы, Жалал-Абад облусундагы медреселерде окуган балдарды текшергенде бир гана араб тилин окуп, башка сабактардан кабарсыз калышкандыгы белгилүү болгон.

90-жылдары Кыргызстанда болгону 39 мечит болсо, азыр алардын саны 3 миңге жакындап кетти. Мечиттердин башаламан курулушу көп терс жагдайды жаратып, бул кыргыз мечити, өзбек мечити, дунган мечити деп, эл арасындагы ич ара бөлүнүү, ажырымды да пайда кылган.

Мечиттердин курулушуна жана медреседе кандай билим берилип жаткандыгына аябай катуу көзөмөл керек. Акыркы учурда диний радикализмдин күчөп кетишине мечиттердин көп курулушу өз таасирин тийгизди деген ойдомун.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG