Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Белгилүү ислам аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Медресе системасы 19-кылымдын акырында, 20-кылымдын башында билимдүү адамдарды даярдаган мектеп болгон. Муну жергиликтүү молдодон кат-сабатын жоюп, кийин Уфадагы жана Казандагы медрседен билим алган кыргыз алиппесинин түзүүчүсү Ишеналы Арабаевдин мисалынан билсек болот деп айтышат. Ушундай фактыларды келтирген кээ бир адамдар Кыргызстандагы билим берүүнүн медресе системасы айрым багыттары боюнча мындан жүз жыл мурдагы деңгээлге да жете албай турат деп белгилеп жүрүшөт. Сиз ушуга кошуласызбы?

Чубак Жалилов: Биринчиден, Ишеналы Арабаев молдокенин кылган иштерине Кудай ыраазы болсун. Ал эми диний билим берүүнүн деңгээли бир кылым мурдагы деңгээлде калып калды деген сөздүн кайсы бир жагынан чындыгы бар. Бул бизде диний билим берүү бир жактуу, башкача айтканда дүнүявий илимдердин медреселерде окутулбаганына байланыштуу айтылган сөз.

Бирок бизде ал сабактарды, атап айтканда астрономия, география, табият илимдерин, башкача айтканда светтик делген илимдерди мамлекеттик мектептер окутуп, арабанын бир огун ошолор тартып жатышат. Ошондон улам медреселерде бул сабактарды кайталап окутуунун кереги жок деп туюп жатабыз. Бирок 9-класстан кабыл алган медреселер ал сабактарды окутушат. Ал эми жогорку диний окуу жайда адистештирилген билим берилгендиктен, кууш багыттар-адистиктерге гана көңүл бурулат.

Баягы кыргыздын “ичип тойбогон жалап тоймок беле” дегендей, мисалы, сегиз жыл англис тилин жакшы окубаган бала аны эки жылда үйрөнүп кетпейт. Ошондуктан адистешкен гана багыттар боюнча окутулат.

Ал эми биринчи класстан тарта диний медресе ача турган болсо, анда сөзсүз башка да сабактар, мисалы, астрономия, химия, физика жана табият таануу илимдери, баары окутулушу керек. Бирок бул вазийпаны азыр мектептер аткарып жаткандыктан, медреселер буга басым койгон жок.

"Медресеге берүү түшүнүгү калыптана элек"

“Азаттык”: Азыр көп ата-энелер балдарым ыймандуу, кайрымдуу болсун деп медреселерге окутуп жатат. Бирок бул бир жагынан жакшы болгону менен, экинчи жагынан илим, техника өнүккөн азыркы заманда аларды бир тараптуу гана кылып калыптандырып, мүмкүнчүлүктөрүн тарыткан жокпу?

Чубак Жалилов: Бул абдан туура. Бул Кыргызстанда гана эмес, мен көрүп келген көп ислам дүйнөсүндө бар көйгөй. Балдарды медресеге окутканда бизде көбүнчө “ыймандуу болуп кетсин” деп эмес, “эптеп адам болуп калсын” деп беришет.

Илгери союз учурунда СПТУ деген болоор эле. Анда да айылда кутуруп, Кудайдан жөө качкандарды СПТУга жөнөтүп кутулушчу. Эми азыр болсо медресеге берип кутулушат. Ошондой эле жин оору менен сыркоолоп калгандарын жөнөтөт.

Бизде ата-энелердин балдарды медресеге берүү түшүнүгү али калыптана элек. Тың чыккан балдарын экономист, юрист жана башка адистиктерге окутууга аракет кылат. Бирок акыркы кезде мындай түшүнүктөр да суюлуп калды, балдарын чындап эле терең диний билим алсын деген максатта окутуп жаткандар көбөйүүдө. Тилекке каршы азырынча булардын саны аз.

Ошондуктан кээде жакшы эмес фатвалар чыгып, жаңылыш диний көз караштар айтылып, исламдын улуттук дүйнө таанымыбызга, билимибизге, жалпы маданиятка кошкон салымын туура эмес аңдап алып жаткан жаңылыштыктар жогорудагы көрүнүштөрдөн улам келип калууда.

"Жаңы доор башталууда"

“Азаттык”: Дин илимин да, ошол эле кезде техникалык жетишкендиктерди мыкты өздөштүргөн адам кылып тарбиялап чыгаруунун кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

Чубак Жалилов: Мен азыр биздеги медреселердин биринчи доору аяктап, жаңы доору башталуу алдында турат деп айтаар элем. Биздеги медреселер “балдар эптеп мусулман эле болуп калсын, намаз эле окуп калса болду” деген миссияны аткарып бүтүштү. Эми жаңы доор башталып жатат.

Медреселерден дүйнөлүк деңгээлдеги аалымдарды, Ал-Бийруни, Иби-Сина жана Имам Бухаридей окумуштууларды чыгарбасак да, Орто Азиянын деңгээлиндеги илимдүү молдолорду, мыкты аалымдарды чыгара турган кадамдарды башташыбыз керек. Бул өзү замандын чакырыгы, талабы болуп турат. Бул үчүн көп деле нерсе кереги жок.

Бирок бул жерде медреселерге дүнүявий илимдерди окутуп койгондо эле маселе чечилип калбайт. Анткени диний билим берүүнүн өзү да чала сабат окутулуп жатат. Грамматика, Куран тафсири, ал гана эмес, эң маанилүү делген ислам укук таануусу (фикх) жана ишеними боюнча да башаламандык бар. Ошондуктан биринчи кезекте аалымдарды чогултуп, диний билим боюнча биргелешкен программаларды түзүп чыгуу керек. Бул иштер көңүл жубаткан популисттик сөздөр менен эмес, олуттуу, медресе системасын түп ордунан өзгөрткөн жаңы программаларды киргизүү менен жүрүшү зарыл. Бирок мындай реформатордук кадам көптөгөн талаш пикирлерди пайда кылат. Ал гана эмес, кээ бир адамдардын кызматтан кетүүсү менен коштоло турган нерсе. Бирок ага карабай негизи ушундай баатырлыкка барышыбыз кажет.

“Азаттык”: Ушул кезде парламентте диний билим берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Мамлекеттин диний билим берүүгө аралашканы канчалык туура болот?

Чубак Жалилов: Кыргызстанда мамлекет динден ажыратылган, светтик деп айтылганы менен биз динден бөлүнүп кала албайбыз. Мындай деп кайсы бир кызыкчылыктын негизинде жазылып калышы да мүмкүн. Бирок канткен күндө да мамлекет диний билим берүүгө сөзсүз түрдө аралашуусу керек. Анткени мамлекет элдин курсагын тойгузуп, коопсуздугун камсыз кылгандан тышкары, алардын руханий коопсуздугунун да милдетин алыш керек.
"Манасчылар исламдан алыс, ал эми ислам аалымдары Манастан алыс"

Мамлекетте биз кайсы багытты жана көз карашты карманабыз деген маселе так иштелип чыгышы зарыл. Бул жаатта Түркия абдан алгылыктуу иштерди жолго салган. Кыргыздын менталитетине, дүйнө таанымына, үрп-адатына туура келген жана ага сиңген өзүбүздүн таза исламыбыз жолго коюлушу абзел.

Азыркы учурда бизде Пакистан исламы, Сауд Арабстан исламы, Египет исламы, аны менен катар илгертеден бизде үзүлбөй, бирок сүзүлүп келаткан Орто Азия исламы бири-бири менен аралашып жатат. Ушундай шартта кыргыздар өзүнүн улуттук моделине шайкеш болгон исламын тандап алуу жолун баштан кечирүүдө. Өзбектер менен тажиктер отурукташкан эл болгондуктан, бул маселе аларда кыйла жолго түшүп калган десек болот. Ал эми кыргыз менен казак көчмөн болуп, анын таасири бизге тийип турат.

"Ислам салттарга каршы эмес"

“Азаттык”: Куранда “Мен силерди улут-улут кылып жараттым, бири-бириңерди айырмалап, таанып-билүүңөр үчүн” деген аят бар экен. Азыркы учурда кыргыздар “кайрадан исламдашуу” мезгилин баштан кечирип жатат десек болот. Бирок ушундай шартта ислам динин терең кабылдаган жаштар, адамдар “улуттук өзгөчөлүктөрүн жоготуп коюуда, алды-артын карабай эле арабдарды, пакистандыктарды туурап кетип жатат” деген пикирлер арбын. Ошондон улам ислам дини улутту жок кылуучу дин деген да көз караштар бар? Буга сиздин пикириңиз?

Чубак Жалилов: Ооба, ушундай маселе бар. Бирок мен тарыхтан бир мисал келтиргим келет. Анткени тарых бизди алдабайт. Биз кыргыздар хакастар тараптан, Энесай боюнан келгенбиз деп айтып жүрөбүз. Ошол жактагы ислам динин кабыл кылбаган биздин кыргыздарыбыздын жымшыйган көзүнөн башка эч нерсеси калган жок. Ал эми исламды кабыл алып калган биздин тилибиз, маданиятыбыз, адабиятыбыз толук сакталып, кыргыз деген улуу журттун атын көтөрүп келатабыз.

Сиз айтып кеткендей, Хужурат сүрөсүндө “Мен силерди улут-улут кылып жараттым, бири-бириңерди айырмалап, таанып-билүүңөр үчүн” деп айтылат. Бул деген ар бир эл өзүнүн улуттук каада-салтын, тилин жана өзгөчөлүгүн сактоо милдеттүү дегенди туюндурат. Ал эми кайсы бир улутту жок кылып жиберүү, улутту сүрүп чыгаруу Кудай астында күнөө деп эсептелет.

Экинчи бир маселе, улут дегенде эле анын үрп-адатына, салт-санаасына жаман жоруктарды кошо берген болбойт. Мисалы, биздин өлгөн жерде “ачуу басмай” деган акмак жоругубуз бар, мындан тышкары, тааныбаган эле кызды көчөдөн ала качкан да жаман жоругубуз бар. Эми буларды салт дегенге болбойт.

Ислам шариаты бардык эле салттарга каршы деген таптакыр туура эмес. Себеби ар бир көрөңгөлүү улуттун, маданияттуу улуттун каада-салттарынын баары адамгерчиликтин, акыл-эстин чегинен жаралган. Ал эми ислам дайыма адамгерчилик менен акыл эсти жактап келген.

"Пикирди сыйлаганды үйрөнөлү"

“Азаттык”: Биздин түндүк-түштүк, батышчыл, орусиячыл деп бөлүнгөн жаман адатыбыз бар. Эми жакындан тарта Манасты талашып бөлүнүүчүлүк башталды. Теңирчилер Манасты ураан чакырышса, мусулмандар Манас мусулман болгон деп айтып, бири-бири менен ушунун тегерегинде талашып-тартышып жүрүшөт. Манас баарыбыздыкы да, эми ушундай талаштын кереги бар беле?

Чубак Жалилов: Мен бул дискуссиянын кереги бар деп ойлойм. Анткени талаштан тактык жаралат. Бирок ошол нерсе адептин чегинен чыкпашы кажет. Адамдын пикирин сыйлоону, башкалардын ою менен эсептешүүнү жана урматтоону, дегеле ал пикир туура эмес болсо да, айтылып жаткан ойдун ээси адам болгону үчүн бири-бирибизди сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек.

Тилекке каршы бул жерде теңирчилерде да, молдокелерде да кемчилик бар. Эң эле чоң түшүнбөстүк - азыркы манас таануучулар менен манасчылардын исламдан алыс, ал эми ислам аалымдарынын болсо Манастан алыс болгонунда деп түшүндүрөр элем.

Чындыгында Манас боюнча талаша турган эч нерсе жок. Атүгүл биздин кыргыздарга исламды диний китептер аркылуу эмес, Манас тууралуу үйрөтсө да болот деп айтып жүрөм. Мисалы, диний көз карашка көбүрөөк жакын деп айтылган Сагымбай атабыздын вариантын карап көрсөк ар бир бетте үч-төрт диний түшүнүк келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG