Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Тажикстан: Молдолор хижабга каршы чыгышты


Тажикстанда Уламалар кеңеши мурда эч болбогон кадамга барды. Кеңеш тажикстандык кыз-келиндерге кайрылып, чет өлкөдө жасалган хижабдын ордуна салттуу тажик кийимдерин кийүүнү өтүндү. Адатта молдолор диний баалуулуктарды даңазалап, аны жайылтарын эске алганда, айрымдар динаятчылар мындай кадамга өкмөттүн кысымы алдында барганын болжолдошууда.

Ушул айда имам жана динаятчылар менен расмий жолугушууда Уламалар кеңеши чет өлкөдө жасалган хижабдар тажикстандык аялдарга ылайыксыз деп билдирди.

Молдо жана имамдар кыз-келиндерди улуттук узун багалектүү ыштан же дамбал менен кийе турган тизеден ылдый көйнөктөргө өтүүгө чакырышты. 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери тажик бийлигинин өлкөдө диндин ролун азайтуу аракетине карабастан, Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен ислам салттарын жана мурасын бекем карманган өлкө.

Уламалар кеңешинин мүчөсү имам Кобилжон Боев кеңештин ушундай чечимин мындайча түшүндүрөт:

- Мен бул жолугушууда болгон эмесмин, бирок ага башка молдолор жана имамадар, өлкөнүн баш муфтийи дагы катышты. Алар тажик кыз-келиндерине улуттук кийимди кийүүнү сунуш кылышты. Чет өлкөдөн келген хижабдар чыныгы ислам дининин жөрөлгөлөрүнө ылайык келбейт. Биз Ислам борборунун өкүлдөрү, Уламалар кеңеши Ислам талаптарына жооп бербеген хижабга каршыбыз.

Хижабдар – негизинен Араб өлкөлөрүнөн, Түркия жана Ирандан алынып келинип, Тажикстандын базарларында кеңири жайылып, тажик коомунда кызуу талкууланган темадан. Себеби өткөн жылы өлкөнүн Агартуу министрлиги мектеп жана жогорку окуу жайларда жоолук салынып жүрүүгө тыюу салган.

Ушундан улам айрым студенттер окууларын таштоого, башка бирөөлөрү министрликти сотко берүүгө аракет кылышкан. Бирок көпчүлүк кыздар сабак учурунда жоолугун чечип коюуну туура көргөн.

Дүйшөмбү шаарындагы менчик дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Мехринин айтымында, жакында эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аялдарга жумушка хижаб кийип келүүгө тыюу салды.

- Алар жыйын өткөрүшүп, кыздар жоолук салынбашы керектигин айтты. Мен эч бир жерге арызданып барган жокмун. Кимге арызданмак элем? Полициягабы?

Көпчүлүк тажиктердин баамында, өкмөт Уламалар кеңешине кысым жасап, хижабга каршы өнөктүк баштоого үндөөдө.

Дүйшөмбүлүк диний эксперт Абдулло Рахнамонун (Abdullo Rahnamo) айтымында, Улам кеңеши көз карандысыз уюм болгону менен дайыма өкмөттүн саясатын колдоп келген.

Рахнамонун пикиринче, эми Уламалар кеңеши ыңгайсыз абалда калды: бир чети кеңеш өкмөт менен мамилелерин бузгусу келбейт, ошол эле учурда хижабга тыюу салып, ислам дининин баалуулуктарынан баш тартууну дагы каалабай турат.

Тажикстанда хижаб тууралуу коомдук пикир элдин билим деңгээлине жана социалдык жашоо шартына ылайык экиге ажырады. Өздөрү хижаб кийбегендер, аялдарга тандоо эркиндиги берилиши керектигин айтышат.

Демократиялык партиянын мүчөсү жана мектеп директору Файзулло Файзиев “хижаб тууралуу талаш-тартыштардан саясат жасабаш керек, себеби бизде башка мындан дагы маанилүү маселелер бар” дейт.

XS
SM
MD
LG