Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу диний билим берүүнүн азыркы абалы, келечеги жана көйгөйлөрүнө арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, “Диний билим берүүчү мекемелер жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору Каныбек Осмоналиев менен Билим берүү академиясынын адис кызматкери Мурат Иманкулов катышты.





“Азаттык”: Каныбек мырза, бүгүнкү күндө жеткинчектерге диний таалим-тарбия берүү заманбап билим берүү системасынын шарттарына туура келеби?

Осмоналиев: Бул маселе абдан актуалдуу. Бирок диний билим берүү системасы тууралуу сөз болгондо өзүбүздүн чолок ой жүгүртүүлөрүбүздөн чыга албай калып атабыз.

Ар кандай декларацияларды айтып, дин эркиндиги, мамлекеттик коопсуздук деген түшүнүктөрдү айтканыбыз менен мунун бардыгынын пайдубалын түзгөн негизги маселе – дин жаатындагы билим берүү маселеси экенине көп көңүл бурулбайт. Бурулса да өз кызыкчылыгыбызга жараша гана болуп келе жатат.
Медреселердин бири Түркиянын, бири Пакистандын, дагы бири Сауд Арапстандын багытында жана башка багыттарда окута беришет.

Биз “Диний билим берүү жана диний мекемелер тууралуу” мыйзам долбоорун 2008-жылы эле түзүп, парламентке, министрликке сунуштаганбыз. Ошону үч жылдан бери эч жерге өткөрө албай келе жатабыз, өткөн жылы депутат болгондон бери бул маселени да көтөрүп келе жатам.

“Азаттык”: Мурат мырза, мектептерде дин таануу сабагын киргизүү тууралуу концепция канчалык деңгээлде ишке ашты? Же дагы деле долбоор боюнча кагазда турабы?

Иманкулов: Ошол 2008-2009-жылдардан тарта дин таануу сабагын мектеп программасына киргизүү тууралуу маселе көтөрүлүп, иш-аракеттер көрүлө баштаган. Атайын адистер бул боюнча 2010-жылы концепция даярдашкан, 2011-жылы басма сөзгө жарыяланган.

“Азаттык”: Азырынча долбоор боюнча гана турабы?

Иманкулов: Азырынча ишке кирише элек. Буга саясий колдоо жетишпей жатат.

“Азаттык”: Каныбек мырза, “мектептерден баштап университеттерге чейин дин таануу сабагын киргизүү керек, ар кайсы диндердин тарыхын жакшы билген бала өзү баамдап, келечекте кайсы динди тутарын иликтеп алат” деген пикирлерге кандай карайсыз?
Кийинки убактарда протестанттар көбөйүп атат, ошондуктан мамлекет эч качан мындан качпай, маселени диний негизги баалуулуктар менен айкалыштырып чечиши керек.

Осмоналиев: Толугу менен кошулам. Биздин Кыргызстан бул маселени чечүү жагынан да эң артта калды. Анткени КМШ мамлекеттеринин дээрлик бардыгы жалпы билим берүү мектептердинде “Дүйнөлүк диндердин тарыхы жана маданияттары” деген сабак киргизилген. 2010-жылы Тажикстанда, 2009-жылы Казакстанда киргизилген. Бизде буга толук даярдык көрүп, документтердин бардыгын даярдап койсок да министрлик эмгиче аракет кыла элек.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш концепция менен мыйзамды кошуп карап, жаңы Баш мыйзам боюнча парламент өзү бекитип, өкмөткө түздөн-түз аткара турган кылып, токтом кабыл алышы керек. Мен жакында Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү атайын диний негиздеги лицейлерди ачуу тууралуу токтом киргиздим.

“Азаттык”: Дин башка, саясат башка деп ээн эркин таштап салгандан түрдүү коопсуздук көйгөйлөрү чыгып жатпасын?

Осмоналиев: Туура айтасыз. Мамлекет өзүнүн эң негизги милдети –элдин коопсуздугун сактоо, коргоо милдетинен качпашы, кетпеши керек, өз колуна алышы керек. Анткени ошол эле дин карманган жарандар да мамлекеттин жараны.

Мамлекет менен ири диний конфессиялардын ортосундагы мамилени эмгиче түзө албай келе жатабыз. Ар ким өзү каалагандай, өзү түшүнгөндөй саясат жүргүзүп келгенинин натыйжасында Кыргызстан бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк, анын ичинде деструктивдик диний секталардын полигонуна айланды.

Эң ири эки дин: сунит багытындагы ислам жана православ багытындагы христиан дини биригип, Кыргызстандын жалпы динчилеринин 85-90 пайызын түзөт. Бирок кийинки убактарда протестанттар көбөйүп атат, ошондуктан мамлекет эч качан мындан качпай, маселени диний негизги баалуулуктар менен айкалыштырып чечиши керек.

“Азаттык”: Демек диний экстремизмге каршы туруунун эң эле жөнөкөй бир жолу – ислам болобу, башка болобу диндердин чыныгын баалуулуктарын элге жайылтуубу?
Диний билим берүү системасы тууралуу сөз болгондо өзүбүздүн чолок ой жүгүртүүлөрүбүздөн чыга албай калып атабыз.

Осмоналиев: Туура. Муну биринчи орунга койгон мамлекет өзүнүн дин саясатын туура жүргүзүп жаткан мамлекет болот.

Угарман: Мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларга киргизиле турган дин таануу сабагын окутуучу адистер барбы? Жок болсо аларды ким окутат? Баягы эле чала сабат молдокелерби?

Иманкулов: Биз бул концепцияны түзүп жаткан учурда келечекте аны окута турган мугалимдер маселесин да эске алганбыз. Анткени бир жагынан алганда сиз айтып жаткан маселе да бар, экинчи жагынан андай адистер дагы бар. Көп жылдардан бери кыргыз-түрк "Манас" университетинде, кыргыз-орус Славян университетинде, Ош мамлекеттик университетинде атайын дин таануу сабагынан адистер даярдалып келатат. Ошондуктан адистер жагынан маселе жок.

Осмоналиев: Адистер бар. Бирок башкысы – мамлекет аларды пайдаланып, жол ачып берүүнүн ордуна, тескерисинче диний билим берүү маселесине бут тосуулар болуп жатат.

Кыргызстанда алтымыштан ашуун медресе бар. Тилекке каршы ошол 60 медресенин алтымыш көз карашы бар. Бири-бири менен документтери унификация болгон эмес. Алар менен муфтияттын да, Билим берүү министрлигинин да иши жок. Ал медреселер бири Түркиянын, бири Пакистандын, дагы бири Сауд Арапстандын багытында жана башка багыттарда окута беришет. Окуу пландарын текшерген эч ким жок, мунун баары келип-келип, ислам дининин ичиндеги карама-каршылыктарды туудуруп жатат. Мамлекет менен диниятчылардын бири-биринен ажырым болуп кеткенинин азабы ушуга алып келди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG