Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Кыргызстан жаштарды чет өлкөгө диний окууларга жиберүүнүн тартибин киргизип, жергиликтүү диний окуу жайларды иретке келтирүүнү максат кылууда.

Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитети “Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомчулуктун сынына койду.

30-январда Бишкекте бул долбоор аталган комитет менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын биргелешкен конференциясында талкууланып жатат. Конференциянын алдында “Азаттык” маселенин күңгөй-тескейин “арай көз чарай” талкуулап көрдү.

Талкууга “Дин, укук, саясат” көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов, Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын мечит, медресе жана диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Юсуп Балтабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев катышты.

"Азаттык": Долбоордун негизин диний билим берүүчү окуу жайларды иретке келтирүү жана чет өлкөгө окууга мамлекеттин уруксаты менен жиберүү өңдүү маселелер түзүүдө. Мындай демилгеге кандай жагдайлар себеп болуп жатат?

Табылды Орозалиев: Кырдаал ушуга алып келди. Анткени Кыргызстанда азыр отузга жакын диний агым же конфессия бар. Каттоодон өткөн 2100 диний уюм бар. Анын ичинде ислам багыты боюнча 62 медресе, 10 жогорку окуу жайы, христиан багыты боюнча 11 окуу жайы бар.

Диний окуу жайларда система жок болгондуктан, көп проблемалар келип чыгууда. Мисалы, биздин жаштар окууга Иранга, Иорданияга, Египетке, Сауд Аравиясына, Түркияга барып, ислам багытында таалим-тарбия алып келишет. Бул жерге келгенде ар ким өзүнүн көз карашын таратып атышат. Динди кужураларда (үйлөрдө же башка ылайыктуу жайларда) чогултуп тараткандар бар. Мунун баары кыргызстандык мусулмандарды диний ажырымга алып келип атат. Ошондуктан кырдаал курч турат.

Мисалы, балдар Сауд Аравиясына кеткенде гана муфтияттан, бизден уруксат сурап, жолдомо менен кетишет. Калган өлкөлөргө каалагандай кетишет. Турист болуп, коммерциялык иштер менен деле барып, калып калгандар бар. Ал эми 14-15 жаштагы балдарды Бангладешке алып чыгып кеткендерди жоопко тартыш керек. Бул – кылмыш.

Бул маселе - мамлекеттик коопсуздукка байланышкан иш. Иштелип жаткан мыйзам ушуга жооп бериши керек. Жанагыдай ажырымга алып келген диндердин өкүлдөрү бул жакка келип, динди таркатканда мусулмандар бири-бири менен карама-каршы туруп калып атат. Бул кийин чоң ажырымга алып келиши мүмкүн. Андай ажырымдар азыр эле пайда болуп калды.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Юсуп Балтабаев: Эгемендик алгандан бери бул маселе бышып жетилди. Жалпы билим берүү багытында бирдиктүү программалардын иштелип чыгуусу – учурдун талабы. Дин башкармалыгы, анын структурасындагы бардык окуу жайлар бул мыйзамды колдоп атышат. Бирок талкууларда долбоорго кошумча сунуштар берилип жатат.

Албетте биз дин кызматкери болгонубуз менен, ал студентпи, окуу жайдын башчысыбы, мамлекеттин жараныбыз. Ошондуктан алар тышка чыкканда да бир тартипке баш ийишин дин башкармалыгы колдойт. Биздин да маалыматыбыз бар: ар түрдүү мамлекеттерге, ар кыл окуу жайларга барып окуп жаткандар чаржайыт көрүнүшкө айланды. Ушуну мыйзам аркылуу иретке салып, эки мамлекет ортосунда келишимдерди түзүп, ошол келишимдердин негизинде бизге ылайыктуу кадрларды даярдап берүү тууралуу биз жиберип, иретке келтирип алсак жакшы болот эле.

Кадыр Маликов: Мыйзам кабыл алуу аркылуу эле маселе чечилбейт. Биринчиден, биз убакытты өткөрүп ийдик. Кыргызстандагы диний билим берүүнү атаандаштыкка туруштук бергидей, жаштарды кызыктыргыдай кылып модернизациялоо керек деген маселе 2006-жылдан бери көтөрүлүп келатат.

Экинчиден, канча мыйзам кабыл албайлы, азыр мына парламентте тынымсыз чыгып атат, алар көптүгүнөн да иштебейт. Мындан тышкары чет өлкөгө чыгууга кадыр-барктуу бийлик же авторитардык-тоталитардык коом гана тыюу сала алат. Биздин жагдайда мыйзам иштебейт, бийлик анчалык барктуу эмес. Ошондой эле бизде Казакстандагыдай, Тажикстандагыдай же Орусиядагыдай жөн эле тыюу салып салгыдай бийлик вертикалы жок. Конституцияда ары-бери эркин каттоо, билимди тандоо сыяктуу укуктар бар. Башкача айтканда, бул жерде чектөөлөр менен эле чечүүгө болбойт.

Менин көз карашымда долбоорду азыркы реалдуулукту эске алып туруп талкууга коюш керек. Мисалы, мамлекеттин канча ресурсу бар? Кадр, каржы менен жабдуу мүмкүнчүлүгү канча? Эң башкысы мамлекеттин мыйзамды аткаруу механизми барбы? Мыйзам сөзсүз иштелип чыгышы керек, бирок ал ушул реалдуулукту эске алуу аркылуу, бардык кызыкдар тараптардын, мисалы, муфтияттын, медреселердин өкүлдөрү менен биргеликте иштелиши керек. Анткени ал жерде идеологиялык өтө кылдат маселелер бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG