Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Жаңы окуу жылынан баштап Бишкек жана Ош шаарларынын он мектебинин 9-классында Дин маданиятынын тарыхы сабагы пилоттук долбоор катары окутула баштайт.

Кыргызстандын мектептеринде дин маданияты боюнча билим берүүнүн негизги максаты эмнеде, окууну өздөштүрүүнүн стандарттары, ыкмалары кайда, ким аркылуу иштелип чыгат, сабакты дин кызматкерлериби же мектеп мугалимдери өтөбү, дегеле бул демилге жаштардын радикалдык диний агымдарга кирип кетүүcүн алдын алабы? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз, чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Гүлназ Исаева, Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Мурат Иманкулов жана Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин тарых мугалими Канат Урматов катышты.

“Азаттык”: Гүлназ айым, орто мектептерге дин маданиятынын тарыхы сабагын киргизүүнүн негизги себептери эмнеде болду?

Гүлназ Исаева: Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты реформалоо жана диний уюмдардын иштерин тартипке келтирүү максатында 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинде атайын концепция бекитилип, бир топ иш-чараларды өткөрүү боюнча чечимдер кабыл алынган. Ошол концепциянын приоритеттүү багыттарынын бири – бул дин таануу жана диний билим берүү тармагын реформалоо жана сапатын жогорулатуу болчу. Аны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн буйругу менен иш-чаралар иштелип чыгып бекитилген. Анда орто мектептерде дин маданиятынын тарыхын окутуу маселеси да каралган. Азырынча биз он мектепти тандап алып, сынамык долбоор катары бул сабакты киргизип жатабыз.

“Азаттык”: Мурат мырза, мектептерде дин сабагын киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча комиссиянын төрагасы экенсиз, сабактын негизги концепциясы же идеологиясы эмнеде, окутуунун өзөгүндө эмне турат?

Мурат Иманкулов: Сабактын аты эле айтып тургандай, бул жерде тарыхка өзгөчө басым жасалып жатат. Концепцияны иштеп чыгууда биз ушул нерсеге көңүл бурдук. Биринчиден, эмнени окутуш керек, экинчиден, кандай окутуш керек, үчүнчү, ким окутуш керек деген маселе турат. Бул үч маселени бирдиктүү чечпей туруп, натыйжага жетпейбиз. Биринчиден, бул сабак мектептердеги тарых сабагынын чегинде окутулат. 9-класстын базасында 18 сааттык атайын курс киргизилип жатат. Бул сабактын методикалары мектептин тарых мугалимдери бере ала тургандай кылып түзүлүүдө. Сабак бере турган мугалимдер атайын кайра даярдоо курсттардан өтүшөт. Бардык мектептерге дароо киргизип койсок, бир топ маселелер чыгышы мүмкүн. Ошондуктан азырынча он мектепте окутула баштайт.

Гүлназ Исаева: Азыр Кыргызстанда дин таануу, диний билим алууга талап күчтүү. Бул сабакты окутуунун зарылчылыгы дүйнөлүк диндер, алардын негизги аныктамасы эмнеде, диндердин негизги бөлүнүштөрү, агымдары жөнүндө кеңири маалыматтарды берүү болуп эсептелет.

Мурат Иманкулов: Кыргызстанда 5-класстан тартып эле тарых сабагы окутулат. Ушул мезгилден тартып эле диндер, алардын келип чыгышы, өнүгүшү жөнүндө маалыматтар берилет. Ал эми бул сабактын киргизилиши азыркы диний радикализм күчөп, жаштар ар кандай агымдаргы азгырылып жаткан шартка жооп болот. Тогузунчу класска киргизилип жатканы да бекеринен эмес. Анткени бул курактагы балдарда көз карашы, дүйнө таанымы калыптанып жаткан мезгил болот.

“Азаттык”: Канат мырза, дин маданиятынын тарыхы сабагын берүүгө азыркы мектептер даярбы, мугалимдер, кадрлар жетиштүүбү?

Канат Урматов: Азыркы мектеп мугалимдеринин, анын ичинде тарых мугалимдеринин бул сабакты берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Алар университеттерде диндер жөнүндө атайын маалыматтарды алышкан. Ошентсе да алар атайын кайра даярдоо курстарынан өтүшү керек. Азыр долбоор ишке кирсе дагы эмне керек, эмне жетишпейт деген жаңы маселелер чыгат деп ойлойм, ага жараша аракет кылышыбыз керек.

Мурат Иманкулов: Бизде бул сабакты киргизүүдөн мурда көп талаш-тартыштар болгон. Дин таануу же дин маданиятынын негиздери деп атайлы дегендер чыккан. Мында биринчи кезекте мектептердеги окуучулардын кызыкчылыгы, андагы мугалимдердин мүмкүнчүлүгүн эске алдык.

Гүлназ Исаева: Бул сабакты окутууда кайсы бир динге артыкчылык, өзгөчөлүк берилбейт. Дүйнөлүк диндер, Кыргызстанда жашап жаткан диндер жөнүндө объективдүү, илимий негизде маалыматтар берилет. Биз мугалимдерди кайра даярдап жатканда дал ушул маселеге басым жасалат. Бул чоң жоопкерчилик, бул ишти баштап алып, кийин жаман кесепеттерге кептелип калбайбызбы, натыйжасы кандай болот деп дайыма ойлонушубуз керек.

“Азаттык”: Мурат мырза, дин маданиятынын тарыхын окутууда башка чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы пайдаланылдыбы?

Мурат Иманкулов: Бул сабакты киргизүү маселеси Кыргызстанда 2009-жылдан бери эле талкууланып келе жатат. Билим берүү министрлигинде бир топ варианттар иштелип чыккан. Ошондон бери биз Орусиянын, Түркиянын, Американын, башка батыш өлкөлөрүнүн да тажрыйбаларын карап көрдүк. Ислам өлкөлөрүндө бул маселе кандай чечилип жатат деп, аны менен да тааныштык. Эң негизгиси өзүбүздүн тажрыйбаны эске алып, аны негиз кылып алдык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG