Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Дахау концлагеринин жоголгон дарбазасы Норвегиядан табылды


Arbeit macht frei (“Эмгек адамды эркин кылат”) деген жазуусу бар нацисттик Дахау концлагеринин дарбазасы Норвегиядан табылды. Бул тууралуу Бавариянын полициясы маалымдады. Норвегиянын Берген шаарынын полициясы эки жыл мурда Германияда жоголгон, салмагы 100 килограммдан ашкан темир дарбазаны анонимдик булактар аркылуу таап беришти.

Мюнхенден алыс эмес жерде жайгашкан Дахау Германиянын аймагындагы алгачкы концлагерь. Ал 1933-жылы ачылган. Алгач бул жерде саясий буйрук менен соттолгондор, кийин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда еврей жана цыгандар кармалып турган. (SDz)

XS
SM
MD
LG