Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Серепчилер диний радикалдашууну алдын алуу үчүн шаарларда өтүп жаткан талкуулардан күтүлгөн натыйжа болбой турганын белгилешүүдө.

Радикалдашуу жана диний экстремизмдин алдын алуу жаатында соңку учурларда түрдүү талкуулар, жыйындар тез-тез уюштурула баштады. Бирок серепчилер интеллигенция өкүлдөрүнүн гана катышуусунда өтүп жаткан мындай талкуулар күткөн натыйжаны бербейт деп жатышат.

Адистер экстремизмдин жайылышын алдын алуу үчүн айылдарда да тушүндүрүү иштерин жандантууну сунушташат. Бул жаатта коопсуздук маселелери боюнча серепчи Бакыт Жумагулов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Диний радикал кыймылдардын тузагына түшүп калуудан сактануу, экстремизмге жол бербөө жаатындагы иш-чаралар көбүнчө шаарда интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп жатат. Бирок радикалдардын катарына кошулгандар интеллигенттер эмес, карапайым кишилер экенин билебиз. Сиздин оюңузча алдын алуу иштеринин кандай формалары майнаптуу болот?

Жумагулов: Өткөн жылы диний радикалдашууну алдын алуу, экстремизмге бөгөт коюу максатында президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен диний концепция иштеп чыгылган. Андагы талаптарды аткаруу жаатында сиз айткандай, көбүнчө талкуулар, жыйындар шаарларда гана жүрүп жатканы чын. Айылдарда да уюштурулса керек, бирок аз санда.

Экстремизмди жактагандар жер-жерлерден чыгып атат. Сирияга кетип калгандардын басымдуу бөлүгү айылдыктар. Демек күч органдары, диний уюмдар отчет үчүн гана жыйын курбай, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңеш депутаттары менен тыгыз байланышып, системалуу түрдө пландарды иштеп чыгышы керек. Бул мамлекеттик саясат.

“Азаттык”: Айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн имамдар жооптуу экени айтылып жүрөт. Бирок радикалдашууну азайтуу имамдын колундагы ишпи?

Жумагулов: Жок, имамдын колунан келчү иш эмес бул. Билим берүү тармагы, күч органдары ошол имамдар менен бирдиктүү иш-мерчемдерин аныкташы керек. Балким ушундай иштер жүрүп жаткандыр, бирок имамдар менен милиция жана билим берүү мекемелери тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатканы азырынча байкалбайт.

“Азаттык”: Мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү сунушталып жүрдү эле. Бул экстремизмди алдын алууга салым кошушу мүмкүнбү?

Жумагулов: Азыркы кырдаалдан алып караганда, салым кошушу мүмкүн. Балага кичинесинен эле диний экстремизмдин маанисин окутууну заман талап кылып атат. Салттуу дин менен агымдардын айырмасын окуучуларга окутуу зарыл. Ошондой эле биздеги диний билим берүүчү мекемелер да окутуу системасын өзгөртүшү керек. Бизде андай окуу жайлар негизинен динди үйрөтүүгө басым жасашат. Гуманитардык сабактар маанилүү эместей. Ал эми Өзбекстандагы, Орусиядагы, Египеттеги Ислам университеттеринде гуманитардык, табигый илимдерди окутууга да көңүл бурулат.

Жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү зарыл. Диний окуу жайды бүткөн бардык эле адам имам болуп иштемек беле? Же баары казыятка, муфтиятка барабы? Башка тармактарда да иштеши керек. Ошондуктан диний таалим берүү системасына өзгөртүү киргизүү зарыл болуп турат.

Адамзаттын табияты ушундай – баары өзүнө “Мен киммин? Кайсыл жолдон барышым керек?” деген сыяктуу суроону сөзсүз берет. Ошол учурда агымдардын азгырыгына тушугуп калбашы үчүн билим берүүгө көңүл буруу кажет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG