Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

ИИМ экстремисттик сайттарды издейт


Кыргызстанда аймактык, улуттук жана диний араздашууга өбөлгө түзгөн экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан интернет сайттардын серверлерине чектөө киргизилет.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги “Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү парламентке сунуштады.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мындай чектөө түз маанисинде зарылдыгын айтып, бирок бийлик аны оппозициялык сайттарды жабуу үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонууда.

“Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор интернет сайттардагы жана мезгилдүү басылмалардагы экстремисттик материалдарды таап чыгып, ага каршы чара көрүүнү ичине камтыйт.

Ага ылайык, экстремисттик материалдарды тараткан интернет сайттар жана басылмалар соттун чечими менен жабылат.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев мыйзамга толуктоо киргизүү экстремисттик материалдарды тараткан маалымат булагын таап, чара көрүүгө шарт түзөт деп эсептейт:

- Бул толуктоолордун киргизилиши менен экстремисттик материалдар жайгаштырылган сайттардын серверлери каякта жайгашканын аныктоо укугу болот. Ошондуктан кайсы гана өлкөдө жайгашпасын, анын артында тургандар кимдер экенин билип, аларга каршы чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле аталган сайттарга соттун чечими менен тосмо койуу укугуна ээ болобуз. Бул толуктоо экстремизм менен күрөштү күчөтүүгө шарт түзүп, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү аракеттерге бөгөт койо алат.

Сөз эркиндиги ооздуктообу?

Буга чейин экстремисттик материалдарды тараткан интернет сайттардын серверлери чет өлкөдө болгондуктан чара көрүү кыйынчылык туудуруп келген. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, интернет провайдерлер сот экстремисттик деп тапкан сайттардын серверлерине тосмо койууга милдеттеме алат.

Кыргыз тилдүү гезиттер биримдигинин төрагасы Бабырбек Жээнбеков бийлик экстремисттик деген шылтоо менен оппозициялык прессага басым жасоонун амалын ойлоп таап жатышы мүмкүн деп шекшийт:

- Бийлик мына ошондой сыртынан коопсуздукка байланыштуу деген негизде жакшы мыйзамдарды киргизип туруп, анан аны кайра өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонгон учурлар көп эле болгон. Мисалы, ошол эле мыйзамдын бир шарттары оппозициялык маалымат каражаттарын ооздуктоого багытталышы мүмкүн. Ошол аркылуу бийликти сындап жаткан маалымат каражаттарын жаптырып салууга жол ачылышы күтүлөт. Себеби бийлик оппозициялык маалымат каражаттарына каршы башка чараларды колдонуп жатканы белгилүү.

Парламент депутаттары мыйзамга толуктоо киргизүүдө улуттар аралык жек көрүүнү козуткан, диний араздашууну жана аймактык ажырымды күчөткөн материалдарга так аныктама киргизүүнү сунушташууда.

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бул толуктоолор дин тутуу жана сөз эркиндигине зыяны тийбегендей болушу керек деген ойдо:

- Чектөө дегендин өзү дин эркиндигине жана сөз эркиндигине коркунуч келтириши мүмкүн. Ошондуктан мыйзам долбоорун бекитип жатканда ага абдан этияттык менен мамиле кылып, мына ошондой жагдайга алып келүүчү мыйзамдын талаптарын талдап чыгышыбыз зарыл. Анткени сөз эркиндиги менен дин эркиндиги адам баласы төрөлгөндө берилген байлык катары кабыл алышыбыз керек.

Жогорку Кеңеште экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүдө бул толуктоолорду башка мыйзамдар менен биргеликте бекитүү жагы сунушталды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары чыккан ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев муну менен бирге эле “Экстремизмге каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамга бир топ өзгөртүүлөр да сунуштала турганын белгиледи.
XS
SM
MD
LG