Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Кыргызстанда диний-экстремисттик уюмдар аялдар аркылуу үй-бүлөлөрдү өз катарына тартуу аракеттерин күчөтүүдө.

Баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдар айрым мектептерде окуучуларды өз катарына тарта баштагандыгы тууралуу интернет булактарында маалыматтарды Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын тогузунчу бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдрахманов тастыктаган жок:

- Өспүрүмдөр же мектеп окуучулары катышкан бир дагы факт жок. Ал эми аялдар боюнча: чынында жакында төрт аял кармалган. Алардын соту болуп бүттү, экөө издөөдө, бирөөнүн соту уланып жатат.

Кадамжай районунун аймагында онго чукул аял хужрага чогулуп, "Хизб-ут Тахрир" уюмунун идеяларын таратып жаткан жеринен кармалышкан.

Кыргызстанда тыюу салынган он үч уюмда кыргызстандыктардын канчасы мүчө экендиги, анын ичинде аялдардын саны тууралуу болжолдуу да маалыматтар жок. Бирок аялдар аралашкан мыйзамсыз аракеттер тууралуу ар кайсы аймактардан таратылган маалыматтар диний-эстремисттик уюмдардын жаңычыл аракеттеринен кабар берип турат. Укук коргоочулар жер-жерлерде аялдардын тыюу салынган уюмдарга кирип жатышына каржылык кызыкчылык таасир этүүдө дешет. Кеңеш Абдырахмановдун айтымында, аялдардын экстремисттик агымдарга киришине көп себептер бар:

- Улутуна карап тартылып атышат. Кошуна мамлекеттердин таасири бар. Акча маселеси, каржылоо болуп атат. Себептери көп.

Кыргызстандын муфтиятында аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмү ачылганына көп убакыт боло элек. Анын төрайымы Жамал Фронтбек кызынын айтымында, дин башкармалыгы ислам жолундагы аялдарга ар кандай дооматтар артылбашы үчүн жер-жерлердеги диний ишмерлерди атайын аттестациядан өткөрүп, колуна күбөлүк берүү камын көрүп жатат:

- Көпчүлүк учурда органдын кызматкерлери "бөрк ал десе, баш алып" атышат. Хужрада окутуп аткан аялдарды эле сен тигиндейсиң, мындайсың деп, камап аткан учурлар болуп атат. Биз аялдарга кандай проблемалар болсо бизге кайрыласыңар, аттестациядан өтөсүңөр деп айтып атабыз.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстандагы тыюу салынган 13 диний уюмдан "Хизб-ут Тахрир" уюму халифат куруу саясий максатын көздөп аракеттенген жана кеңири жайылган уюм саналат. 2004-жылы эле тыюу салынганына карабастан, ал катарына жергиликтүүлөрдү ар кандай ыкмалар аркылуу тынымсыз тартып келатканын адистер баса белгилешүүдө. Бул уюмдун акыркы кездери айрыкча аялдарды тартууга батыл киришип жаткандыгын тартип кызматтарынын байма-бай таратып жаткан фактылары күбөлөп турат.

Фергана өрөөнүндөгү тынчтык жана коопсуздук проблемаларын иликтөө маалымат-аналитикалык борборунун директору Бегижан Ахмедовдун баамында, диний-экстремисттик уюмдардагы мындай феминизация тенденциясы коом үчүн өтө опурталдуу:

- Анткени аялдар кирип кетсе, башкаларды тартыш аябай оңой. Алар аргументти, таасир этишти билишет. Анан үйдөн күйөөсүн, балдарын вахабитпи, хизбутчубу, салафи же башка агымдаргабы, айтор, тартып кетиш оңой.

Талдоочунун баамында, бул тенденцияга каршы күрөштүн натыйжасы байкалбай жатат. Анын тереңирээк жайылып кетишине, Украинадагыдай ачык акцияларга чыгышына жол бербеш үчүн жергиликтүү бийликтен баштап, муфтият, коомчулук жана мамлекеттик бийик органдар туташ иштеши керек дейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиевдин ишендиргенине караганда диний радикалдык уюмдарга каршы аракеттер жетиштүү деңгээлде эле жүрүп жатат. Маселенин төркүнү исламдын тышкы күчтөрдүн куралына айланып жаткандыгында:

- Сырткы күчтөр бекер жатып алган жок да. Ошондуктан диний радикализм күчөп атат. Өзүбүздөгүлөрдөн да болуп атат. Пакистанга, Индияга, башка араб өлкөлөрүно барып келишет дегендей. Алар каржылашат. Ошолордун бардыгы “тыянагын” берип атпайбы.

Кыргызстандагы диний кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Коргоо кеңеши сентябрь айында талкуулай тургандыгы кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG