Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Конгрессмендер Трампты Орусияга каршы бекем турууга чакырды


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп.

АКШда конгрессмендер Трампты Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетпөөгө чакырышты. Мындай кайрылууга 27 демократ жана республикачылар кол коюшкан. Алар Трампты Киевге аскердик куралдарды жеткирүүгө уруксат берүүгө да үндөштү.

- Орусия агрессиясы уланып, Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине доо кетип жаткан учурда Киевге кайрадан экономикалык, саясий жана аскердик көмөктү күчөтүүгө чакырабыз, - деп айтылат кайрылууда.

Мунун алдында конгресс Украинага миллион долларлык аскердик жардам берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Москва менен алаканы оңдоо ниетин көздөй турганын айткан.

Орусия Крымды 2014-жылдын мартында аннексиялап алган. Кийинчерээк Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп чыккан. Батыш менен Украина бийлиги аймакта Орусиянын оор курал-жарактары менен аскер кызматкерлери бар экенин айтып келишет. Бирок Москва аны четке каккан. БУУнун маалыматы боюнча, жаңжал башталган 2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышында 9 700 кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG