Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Аялдар диний радикализмге каршы


Ош облусунун Араван районундагы аялдарды окуткан жеке үйлөрдүн бири. (Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок). 13-сентябрь, 2012-жыл.

Ош облусунун Араван районундагы аялдарды окуткан жеке үйлөрдүн бири. (Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок). 13-сентябрь, 2012-жыл.

Экстремисттик уюмдардын жайылышы, алардын жаштарды, кыз-келиндерди тузакка түшүрүп, азгырып жатышы боюнча аялдар өздөрү кандай ойдо?

Өзгөчө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында куралдуу жихадга үндөгөндөр, диний экстремизмге чакыргандар арбын экендиги да айтылып келүүдө. Бул аймактагы диний лидер айымдар экстремизм тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.

Жихадчылардын таасири

Ош облусунун Араван шаарындагы мектеп мугалими жана жергиликтүү дин жаатындагы адис Камила Рузиева ар түркүн ислам агымдарынын жайылып жатышын чоң проблема деп атады:

- Араван районундагы диний абал жакшы. Бирок диний окууларда жана үйрөтүүлөрдө ар түрдүүлүк көбөйүп жатат. Ар башка диний түшүнүктөр көбөйүүдө. Мисалы, “Таблиги жамаат” дааваты менен өзүнчө система, институт болуп калды. Медреседе окугандар, түрк медресесинде окуган сулайманчылар өзүнчө бир бөлүк болуп калып жатат. Ошону менен бирге “Хизб-ут Тахрир” да жайылууда.

Камила Рузиева жогоруда аты аталган жергиликтүү жамааттардын ичинен Сирияга жихадга чакырып жаткандар таасирдүү болуп жатканын белгиледи:

- Булардын ичинен эң таасирдүүсү жихадчылар болуп жатат. Алар Сирияга согушка, жихадга деп жашыруун чакырышууда. Мага Сирияга барууну эч ким сунуштаган жок. Бирок кээ бирөөлөргө сунуштагандарын угуп калдым. Алар Түркияга барабыз деп андан ары Сирияга кетип жатышыптыр. Араван районунун өзүнөн болжолу 30-50дөй адам кеткен болуш керек. Үй-бүлөсү менен кеткендер да бар деп уктум. Бирок муфтият, казыяттан сураганда туугандары аларды Түркияга медресеге окуганы кеткен деп айтып коюп жатышат. “Хизб-ут Тахрирдин” таасири жихадчылардыкына жетпейт. Жихадчылар халифалык болбогон жерде жашоого болбойт деп айтышат. Биз халифалыкты курушубуз керек, аны Сириядан куруп баштайбыз дешет.

Ноокаттагы “Хизб-ут Тахрир”

Диний жамааттарга бөлүнүү, ар түркүн ислам агымдарынын жайылышы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда да бар. Насибохан Шералиева бул райондогу аялдар диний башкармалыгынын башчысы. Анын айтымында, райондо диний абалды жакшыртууга мурдагыга караганда көбүрөөк көңүл бурула баштады.

- Азыр диний абалды мурдагыга караганда абдан жакшы десек болот. Татаал же кооптуу деп айтууга болбойт. Азыр бизде Ноокатта көбү “Ахли сүннөт вал жамаат”, башкача айтканда туура исламда. Анан башка жерлердегидей эле бизде да кичине агымдар бар. Бизде азыр “Таблиги жамаат” даават кылып, өз иштерин кылып жатат. Аларды жаман деп айта албайбыз. Анан бизде да “Хизб-ут Тахрир” диний уюму бар. Анын адамдары 2008-жылы Ноокаттагы окуяда кармалып, камалганын билесиңер. Алар азыр каерде, кандай иш алып барып жатат билбейм. Ал эми бизден Сирияга кеткендер жөнүндө кабарым жок. Ноокаттан Сирияга барды деген бир да адамды укпадым.

Кадамжайдан Сирияга кеткендер барбы?

Сирияга кеткендер тууралуу былтыр алгачкы маалыматтар чыкканда алар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан экен деп айтылган. Кызыл-Кыяга жанаша жайгашкан Кадамжай районунун борбору - Пүлгөн айылындагы аялдар медресесинде мугалим болуп иштеген Гүлхан Исманова буларга токтолду:

- Кадамжайда Сирияга кеткендер жок. Маалымат каражатарынан гана Кызыл-Кыядан кетиптир деп угуп калдык. “Хизб-ут Тахрир” боюнча айтсам, анын мүчөлөрүн мен өзүм көрбөдүм. Бирок бирөөдөн укканымды айтсам, бир адамды таксиде кетип баратканда “Хизб-ут Тахрирге” даават кылыптыр. Мен “хизбуттахрирчимин”, биз эч кимден коркпойбуз деп, ачык эле үгүт кылган экен. Бирок алар каерге, кантип чогуларын билбейбиз. .

Өздөрүн өздөрү окуткан кыз-келиндер

Исламда аялдардын мечитке баруусу зарыл эмес, алар диний маалыматтарды үйдө же атайын аялдар үчүн шарты бар жерлерде, борборлордо, же курстарда алганы жакшы деп айтышат диний кызматкерлер, имам-молдокелер. Ошол эле кезде коомдогу диний радикалдашуу, ашынган экстремисттик көз караштар кыз-келиндерди да кыйгап өткөн жок.

Куралдуу кагылыштар жүрүп жаткан Сириядагы согушка аттанып, президент Башар Ассадга каршы күрөшчүмүн дегендердин катарында кыргыз кыз-келиндери да бар экендиги мунун бир далили. Деген менен диний аял лидерлер өз аракеттери жана ар түркүн колдоолор менен кыз-келиндердин кат сабатын жоюу менен алек.

Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Кимия Жуманова район борборундагы медресеге барып, сабак алат, анан өз айылына келип, 15тей аялга Куран окууну үйрөтөт.

- Мен өзүм жумасына бир жолу барып сабак алам. Куранды жана аны туура окуу боюнча эрежеси, тажвидди үйрөнөм. Анан кайра өзүмдүн Алга айылымдагы 15тей аялга Куран үйрөтөм. Биз Сирияга барууга башынан каршыбыз. Биз ал боюнча өзүбүздүн кыздарыбызга, мектептеги окуучуларга да эскертип жатабыз.

Ал эми Ноокат районундагы аялдар диний башкармалыгынын башчысы Насибохан Шералиеванын айтымында, мурдагы жылдарга караганда, динди үйрөткөн хужуралар (диний билим берген жеке үйлөр) ачыкка чыгып, катталууда. Алар расмий уруксат алып, эмнени окутуп жатканы коомчулукка дайын болуп калды.

Муфтияттагы Жаштар жана ар түрдүү агымдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Мурадилов “Азаттыкка” маегинде Сирияга адамдарды кандай жолдор менен кетип жатканына токтолду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG