Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Чуулуу тасмага каршы митинг Бишкекте да өтөт


Орусия -- "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына каршы Москвадагы акциядан. 21-сентябрь, 2012.
Орусия -- "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына каршы Москвадагы акциядан. 21-сентябрь, 2012.

25-сентябрда «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасына каршы Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында тынчтык митинги өткөнү жатат.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары расмий маалымдап, милициядан коопсуздукту камсыз кылуусун талап кылышты. Анткен менен Кыргызстанда ал чуулгандуу тасма сот тарабынан тыюу салынгандыктан, митинг өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы дегендер да жок эмес.

“Кезектеги акция”

«Бейкүнөө мусулмандар» тасмасына каршы митингдин уюштуруучуларынын бири -«Ар-намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу. Ал маалымат жыйынында бул тынчтык митинги экенин, тиешелүү укук коргоо органдарын жана шаар бийлигин аны өткөрүү боюнча кабардар кылышканын айтты.

- Эч ким Американын элчилигине таш, бөтөлкө ыргытпайт. Эч ким элчиликтин кызматкерлерин сабабайт. Биз тынчтык митингин өткөрөбүз. Мэрияга жолдогон катыбызда биз миңден ашпаган адам келет деп жаздык. Мындан тышкары, ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге, УКМКнын башчысы Шамил Атахановго расмий кат жөнөтүп, эки өтүнүч менен кайрылдык. Митинг өткөрүүгө тоскоол боло турган чагымчылдар чыгып калса, аларды биз силерге тапшырып беребиз деп айттык.

Буга чейин Башкы прокуратура Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде аталган тасманы экстремисттик деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ага ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-сентябрда доо арызды канааттандырып, аталган тасманы жайылтууга жана таратууга тыюу салган болчу.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасын өлкө аймагындагы интернетте жабуу боюнча токтом да кабыл алган. Андыктан мамлекеттик органдар тиешелүү чечимдерди кабыл алган соң, митинг өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы деп суроо койгондор да жок эмес. Алардын айтымында, чуулгандуу тасма тууралуу канчалык көп айтылган сайын ага кызыгуу улам күчөй берет. Кыргызстандын муфтияты да ал тасма боюнча митингге чыгуунун, аны улам-улам сөз кыла берүүнүн зарылчылыгы жок деп билдирген.

Мындай пикирлерге депутат Турсунбай Бакир уулу мындай жооп узатты:

- Биздин кайрылуубузга бардык мамлекеттик органдар реакция жасап, тиешелүү документтерди кабыл алып, бул фильмге тыюу салышты. Бирок ар бир мууслмандын парзы бар. Бул - Алланын ыраазычылыгы үчүн жасалат жана акыретте эсепке алынат деп ар бир мусулман аракет кылыш керек.

Тасма ажырымды көргөздү

Дин социологиясынын доктору, талдоочу Маметбек Мырзабаев ар бир жаран көчө жыйындарын өткөрүүгө укуктуу, бирок ал коопсуздукка жана өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрбөш керек деп эсептейт:

- Ал митингге чыккандан кийин аша чаап кетпеш керек. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына, коопсуздугуна, аброюна зыян келе турган кандайдыр бир иш-аракеттер болбош керек. Мыйзамдарда митинг кандай өтө турганы жазылган. Ошого ылайык өтсө, эч ким эч нерсе дебейт. Ал алардын укугу, кааласа бир жылдан кийин деле өткөрө берсе болот.

Маметбек Мырзабаевдин айтымында, «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасы батыш менен мусулман маданиятындагы ажырымын ачык көрсөткөн. Ал мусулмандар үчүн Мухаммед пайгамбар шакаба кылууга жол берилгис адам дейт:

- Диний жактан басмырлаган сөз айтса, алар дин эркиндиги катары чечмелешет. Бирок биз - мусулмандар аны башкача, биздин динибизге кол салуу, жамандоо деп кабыл алабыз.


АКШда жеке жарандар тарабынан тартылган тасма интернетке жарыялангандан бери бир катар мусулман өлкөлөрүндө анти-америкалык жүрүштөр жасалып, элчиликтерге кол салуулар да болгон. Нааразычылыкка чыккандар аталган тасма Мухаммед пайгамбарды мазактаган деп санашууда. Ал эми өткөн жума күнү Нурлан Мотуев баштаган “Чыныгы мусулмандар союзу” деп аталган уюм да Француз жана АКШ элчиликтеринин алдында митинг өткөрүү демилгеси менен чыгып, бирок ал болбой калган.


Макаланын автору менен байланышууну же сунуш, сын-пикир айтууну каалагандар төмөнкө даректерге кайрылса болот: Твиттерде: Twitter / ZBaktybaev, ал эми Фейсбукта zairbek.baktybaev@facebook.com
XS
SM
MD
LG