Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Кыргызстанда дин эркиндиги чектелүүбү?


Рождество майрамында коңгуроо кагылууда. Бишкек. 6-январь, 2011-жыл.
Рождество майрамында коңгуроо кагылууда. Бишкек. 6-январь, 2011-жыл.

Freedom House уюмунун Кыргызстанда дин эркиндиги чектелүү деген баасына мамлекеттик мекемелер макул эмес

Freedom House уюмунун билдирүүсүндө 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда киргизилген бир катар чектөөлөр диний уюмдардын эркин иш алып баруусуна кедерги болуп келатканы айтылат.

Эл аралык адам укугун коргоочу Freedom House уюмунун Кыргызстандагы программалык директору Стюарт Кандын "Азаттыкка" айтымында, 2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамда бир катар чектөөлөр бар. Уюм ал мыйзамдагы диний уюмдун курамында 200дөн кем эмес кишиси, кеминде тогуз сыйынуучу жайы, 15 жылдан кем эмес убакыттан бери иштеп келаткан жамааты болушу керек деген талаптарды мисал тартууда.

Аталган уюмдун атайын кеңешчиси Алмаз Эсенгелдиев буларга токтолду.

- Кыргызстанда дин эркиндигине 2009-жылдан бери тыюу салынган. Ошондон бери абал жакшыра элек. Негизи адамда өз динин эркин тандоого укугу болушу керек. Бул Кыргызстан кол коюп, кабыл алган адам укугу боюнча эл аралык келишимдерде да жазылган. А Кыргызстандын мыйзамында “кайсы бир динге ишениш үчүн, катталышың керек, катталбасаң ал диниңе ишене албайсың” деген талап бар. Бул мамлекеттин динге кийлигишүүсү жана чектөөсү болуп саналат.

Каттала албагандар көбөйдү

Freedom House уюмунун билдирүүсүнө диний азчылыктардын укугун коргоп келе жаткан адвокат Жанара Аскар кызы да кошулат. Ал 2008-жылдан тарта чыны менен жаңы диндердин катталуусу оорлоп кеткенин айтып, мамлекеттик мекемелерде жана укук коргоо органдарында диний азчылыктарды жектеген мамиле бар дейт.

- Мыйзамдарда диний ишмердүүлүк чектелбейт деп көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө чектелүү. Муну көп жерде көрүп жатабыз. Мисалы, уюмдар каттала албай жатышат.

Ал эми протестанттыкты кабыл алган кыргыз жигити Нарынбектин айтымында, мамлекеттик органдардан тышкары кыргыз коомчулугунда да башка диндегилерди кодулоо кезигет.

- “Сен эмнеге диниңди сатып кеттиң, башкалар сага акча төлөп жатабы? Ошон үчүн силер диниңерди саткансыңар, сатылып кеткенсиңер” деген сөздөр айтылат. Ким кайсы жолду тандайт, ал ар бир адамдын өз иши.

Чектөө бар деген туура эмес

Бирок мамлекеттин диний саясатын жүргүзгөн президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Freedom House уюмунун тыянагына макул эмес. Алардын айтымында, Кыргызстанда бардык жарандар кайсы бир динге ишенүүгө жана сыйынууга, же эч бир динге ишенбей коюуга укуктуу.

Дин комиссиясынын аналитика, диний уюмдар менен кызматташуу жана эл аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Маметбек Мырзабаев салыштыруу үчүн кошуна өлкөлөрдөгү абалды карап көрүүгө чакырды:

- Эч кандай тоскоолдук жок. Баары өздөрүнүн уюмдарын түзүп, өз ой-пикирлерин айтууга, өздөрү каалагандай ишенгенге, ошондой эле ишенимине жараша ибадат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, күндө жаңы мечиттер, жаңы чиркөөлөр ачылып жатат. Биздин бул жаатта канчалык алдыга кеткенибизди билүү үчүн кошуна өлкөлөрдү карап көрсөк болот.

Ал эми “Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев Кыргызстанда дин эркиндиги жетиштүү деп эсептейт. Ал Freedom House уюмунун жана диний азчылыктардын билдирүүлөрүн ушул мелүүн абалды сактап калууга болгон аракет катары баалайт:

- 2008-жылдагы мыйзамдагы катталыш үчүн 200 кишиси болуш керек деген талап ар кайсы жерде чыккан чыр-чатактарды эске алуу менен киргизилген. Болбосо баары тең ишмердүүлүгүн эркин эле жүргүзүп жатышат. Диний азчылыктар деле өздөрү ушул абалга анчейин нааразы эмес, тескерисинче ачык айтпагандары менен ыраазы эле.

Кыргызстанда ушу тапта 30дай багыттагы 2,5 миңден ашуун мечит, сыйынуучу жайлар, уюм-мекеме иш алып барат. Алардын ичинен ислам багытындагы 1800 жана христиан динине таандык 300 мекеме бар. Христиан динине таандык уюмдардын көпчүлүгүн протестанттык багыттагы агымдар түзөт.
XS
SM
MD
LG