Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстанда эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде мектеп куруп, кайрымдулук фонддорун түптөп, массалык маалымат каражаттарын негиздеген "Нуржулар" кыймылы - Фетхуллах Гүлендин жамааты жөнүндө ар кыл сөздөр айтылып келет.

Бул жамаат саясий максатты көздөйт деп ырастагандарды жактырбай, аны коомду тарбияга үндөп, жетим-жесирге жардам берип, келечектеги элитаны даярдаган агым катары сыпаттагандар деле аз эмес.

“Биз жана дин” берүүсүндө Фетхуллах Гүлендин жамааты тууралуу суроолорго Франциядагы “Сайнсис По” (Sciences Po) эл аралык изилдөө борборунун адиси, Орто Азиядагы диний жамааттарды изилдеген Байрам Балжы жооп берди.

"Азаттык": Байрам мырза, Фетхуллах Гүлен жамаатын эмне деп атасак болот, жамаатпы, кыймылбы же диний топпу?

Байрам Балжы: Сиз айткан нерселердин эч бири эмес, бирок ошол эле мезгилде ошолордун баары деп айтсак болот. Эмне үчүн дегенде, Фетхуллах Гүлендин жамааты сыяктуу татаал өзгөчөлүккө ээ диний жамаатты ислам дүйнөсүндө табуу аябай кыйын. Башталышында ислам бар, бирок түпкүрүндө канчалык дин болсо да, көбүнесе жарандык коом катары таанымал.

Бул жамаат коомдук жана экономикалык максаттарга да ээ. Ошондой эле акыркы мезгилде өзү каалабаса да, саясий таасирге ээ болуп жатканын айтсак болот.

"Азаттык": Албетте, Фетхуллах Гүлен жамаатынын негизинде "Нуржулар" кыймылы жана Саид Нурсинин окуусу бар экени белгилүү. Анын азыркы абалы жөнүндө айтып берсеңиз. Бул кыймыл азыркы учурда кандай өзгөчөлүгү менен таанылууда? Фетхуллах Гүлен жамааты коомдук кыймылбы, саясий кыймылбы же болбосо диний кыймылбы?

Байрам Балжы: Менин оюмча, динге таянган коомдук кыймыл болуп эсептелет. Бирок жалаң гана диний максатка ээ деп айта албайбыз. Бизге маалым болгондой, бул жамаат коомдук жана экономикалык максаттарга да ээ. Ошондой эле акыркы мезгилде өзү каалабаса да, саясий таасирге ээ болуп жатканын айтсак болот.

"Азаттык": Бул жамаат Түркиядагы 2014-жылдын 17-декабрындагы окуядан кийин саясатташтыбы же ага чейин эле саясий чөйрөдө таасирдүү беле? Билесиз, Түркияда ушул датадан тарта "Саясий төңкөрүш жасоого аракеттенди" деген жүйө менен жамааттын мүчөлөрү туткундалып, жамаатка караштуу коомдук, финансылык уюмдар жана массалык маалымат каражаттары мамлекетке өткөрүлдү. Бул жараян дагы деле уланууда.

Байрам Балжы: Кандай гана диний жамаат болбосун белгилүү бир деңгээлдеги күчкө ээ боло баштагандан кийин саясат маселесине кирбей коё албайт. Себеби, өзүнө караштуу университеттери, мектептери, фирма жана холдингдери, радиосу, газетасы жана телевидениеси болгондон кийин саясаттан таптакыр алыс болуу мүмкүн эмес. Ушундай чоң күчкө ээ болуу саясатка карата кандайдыр бир деңгээлде жамааттын өзүнүн көз карашын калыптандыруусуна жана мамилесин түптөөсүнө түрткү болот. Ошондуктан бул жамаат алгачкы мезгилдерде суфийликти, мистицизмди карманган жамаат болгон болсо да, акыркы мезгилде кааласа-каалабаса дагы саясий чөйрөгө кирүүдө.

Менин оюмча, жамааттын Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы максаты - билим берүү. Түркиядагыдай бул жерде да саясатта, кандайдыр бир министрликтерде, күч органдарында чоң күчкө ээ экенине ишенбейм.

"Азаттык": Кааласа-каалабаса да саясатка кирүүдө деп айтып жатпайсызбы. Кыргызстан менен Орто Азияда да бул жамаат саясатка кирүүдө же болбосо кирүүгө мажбур болууда деп айта алабызбы?

Байрам Балжы: Бул аябагандай маанилүү суроо. Бирок "Хизмет" кыймылы делген бул жамааттын Түркиядагы күчүн, кудуретин жана өсүү деңгээлин башка мамлекеттеги абалы, күчү, кудурети менен салыштыруу мүмкүн эмес. Жамааттын Түркиядагы көздөгөн максаттары жана ээ болгон кудурети, башка мамлекеттердеги, мисалы Кыргызстан, Казакстан же болбосо Африка өлкөлөрүндөгү максаттарынан жана күчүнөн айырмаланып турат. Түркияда аябагандай чоң күчкө жана таасирге ээ. Бирок Кыргызстанда андай күчкө ээ деп айта албайбыз. Себеби, бул жамаат Түркияда түптөлүп, Түркияда өнүккөн. Менин оюмча, жамааттын Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы максаты - билим берүү. Түркиядагыдай бул жерде да саясатта, кандайдыр бир министрликтерде, күч органдарында чоң күчкө ээ экенине ишенбейм.

Мындан сырткары бул жамаат Түркияда өз убагында мамлекеттен колдоо алган жана ушундай деңгээлге келүүсүнө мамлекеттин таасири чоң болгон. Ал эми Орто Азия мамлекеттеринде мамлекеттин бул жамаатты колдогонун көрүүгө мүмкүн эмес. Буга кошумча, Түркияда мамлекет менен бул жамааттын ортосунда кризис болуп жаткан болсо, бул кризистин болушунда мамлекеттин да жоопкерчилиги бар.

Фетхуллах Гүлен өзүнүн шакирттерине "мусулман, ошол эле убакта бай мусулман боло аласыңар" деп айткан. Ошондуктан жамаат акча табуу ниетин эч качан жашырган эмес.

"Азаттык": Түркиядагы бийлик менен Фетхуллах Гүлен жамаатынын ортосундагы араздашуудан кийин бул жамааттан кооптонгон Орто Азия бийликтери, анын ичинде Казакстан менен Тажикстан жамаатка караштуу мектептерди мамлекеттин карамагына өткөрүп алды. Кыргызстанда андай болгон жок. Жамаат Орто Азияда саясий максатты көздөбөйт деген пикириңизди эске алганда, кыргыз бийлиги бул жамаатка тийбей туура иш кылдыбы?

Байрам Балжы: Негизи кээ бир мамлекеттердин мындай кадамдары көп нерсени деле өзгөрткөн жок. Азербайжанда да мамлекет бул окуу жайларын өз көзөмөлүнө алды. Бирок мамлекеттер бул окуу жайларын ар дайым текшерип турушчу жана мамлекет буларды өзүнө каратып алуу менен эч нерсе деле өзгөргөн жок. Болгону билим берүүнүн деңгээли түшүшү ыктымал. Себеби, жамааттын окуу жайында иштегендер жандили менен иштейт эмеспи. Ал эми мамлекеттик кызматкер катары андай иштешпейт да.

"Азаттык": Сиз жогоруда айтып өткөндөй, бул жамаат диний негизге, сопулук түпкүргө ээ, бирок азыркы учурда светтик маселелер, ошол эле секулярдык билим берүү менен алек. Бул жамаат секулярдык билим берүү менен алек болуу аркылуу диний түпкүрүнө, сопулук негизине карама-каршы иш жасап жаткан жокпу? Динчилдик кайда калды?

Байрам Балжы: Ооба, жамааттын секулярдуу билим берүүсүн ушундай деп чечмелеген исламчыл жамааттар да бар. "Силер мусулман эмессиңер, себеби диний билим берүүнү таштап салдыңар" деп айткандар аз эмес. Бирок мен мындай пикирге кошулбайм. Себеби, христиан дүйнөсүндө да байкаганыбыздай, кандайдыр бир диний жамаат, диний болуп турса да диний эмес иш-аракет жүргүзүшү мүмкүн. Мисалы, мен Францияда чоңойдум. Ал жакта "Жизвиттер" деген диний жамаат бар. Диний эмес иш-аракет жүргүзгөн көптөгөн диний жамааттар бар.

"Азаттык": Бирок бул жамаат өзүн диний жамаат катары таанытып жатпайбы?

Байрам Балжы: Өзүн диний жамаат катары таанытканы менен, диний эмес, секулярдуу нерселерге маани берүүсү табигый нерсе. Мындай жамааттар өнүгүү үчүн секулярдык билим берүү жана иш-аракет менен алек болуу керек, деп ишенишүүдө.

"Азаттык": Бул жамаат коомдо башкаларга карата көрүнбөгөн кысым-басым жаратат деп айтылып келет. Тагыраак айтканда, саясий, экономикалык чөйрөдө бул жамаат өзүн колдобогондорго каршы көрүнбөгөн басым пайда кылат деген пикир бар. Буга кандай дейсиз?

Байрам Балжы: Алгачкы мезгилдерде мындай нерсе жок болсо да, кийинчерээк, бийлик менен болгон келишпестиктен кийин сиз айткандай абалга келди. Бирок бардык жамааттардын белгилүү эрежелери болот. Жамаат мүчөлөрүнө кандайдыр бир чектөө киргизет. Ошондуктан мен бул жамаатка кошулгум келген жок. Бул жамаатка кошулгандардын арасынан нааразы болгондор, жамаат биздин жашообузга кийлигишүүдө дегендер де жок эмес.

"Себат" түрк лицейи

"Себат" түрк лицейи

"Азаттык": Кээ бир эксперттер, бул жамаат билим берүү жана коомдук иштер менен алек болгон жамаат болууну таштап, экономикалык жана финансылык бир жамаат өзгөчөлүгүнө ээ болуп калды деген пикирди айтышууда. Себеби, бул жамааттын аябагандай чоң экономикалык жана финансылык уюмдары бар эмеспи?! Сиз кандай деп ойлойсуз бул маселеде?

Байрам Балжы: Башындан бери эле Фетхуллах Гүлен бул нерсени жашырган эмес. Өзүнүн шакирттерине "Мусулман, ошол эле убакта бай мусулман боло аласыңар" деп айткан. Ошондуктан жамаат акча табуу ниетин эч качан жашырган эмес. Эсимде, алгачкы жолу бул жакка мектеп ачуу үчүн келишкенде бул жамааттын мүчөлөрү, "ачылган мектептер кийин акчалуу мектеп болот" деп ачык айтышкан. Казакстанда, Кыргызстанда мектеп ачып жатканда алар, "алгач мектептер бекер болот, бирок биз акча табуубуз керек, себеби акча болбосо биз иш кыла албайбыз", деген пикирин билдиришкен.

"Азаттык": Бирок бул жамаат динди колдонуу менен адамдарды тоноп жатат деген пикирлер да аз эмес. Сиздин оюңузча, чогултулган акча адилеттүү жана максатка ылайык колдонулуп жатабы?

Байрам Балжы: Алгач айта кетүүчү нерсе, жамааттын мажбурлап акча чогултканына мен күбө болгон жокмун. Жамаатка кошулгандар өз эрки менен акча беришет. Берилг0ен жардамдар “химмет”, “зекет” жана башка аттар менен берилет. Кээ бир учурларда жамаат мүчөлөрүнө карата мажбурлоо болгону да чын. Бирок жалпысынан жамаат мүчөлөрү өз эрки менен беришет. Мисалы, акча бергендер акча табуу үчүн беришет. Сиз аларга жардам берген сайын сиздин соодаңыз да көбүрөөк болот. Сиз да акча табасыз. Муну инвестиция десек болот жана бул инвестиция аларга акча алып келет.

"Азаттык": Түркияда бул жамаатка каршы жүргүзүлгөн саясаттын, кооптонуунун себеби да ушулбу анда? Мындай чоң капиталга ээ жамаат, албетте, мамлекетти кооптондурат да.

Байрам Балжы: Алгачкы мезгилдерде мамлекет менен Фетхуллах Гүлен жамааты бирге иш алып барышчу. Бирок алардын душмандары күчүн жоготкондон кийин булар бири-бирин атаандаш катары көрө башташты. Мурда булардын жалпы кызыкчылыгы болгон болсо, белгилүү бир учурдан кийин экөөнүн кызыкчылыгы төп келбей, кагылышты.

Негизинен бийликти өз көзөмөлүнө алууну түздөн түз каалабаса да, ага таасир тийгизүүгө аракет кылат. Биз буга күбө болуудабыз жана жамаат бул нерсени жашыра албайт.

"Азаттык": Кыргызстандагы бул жамааттын таасири канчалык чоң экенин айтпасак да угармандарыбыз билишсе керек. Иш чөйрөсүндө, керек болсо саясий чөйрөдө Фетхуллах Гүлендин жамааты эффективдүү иш алып барууда. Бул жамааттын Кыргызстандагы иш-аракеттерин кандай деп баалайт элеңиз?

Байрам Балжы: Мурдагы башка суфий, мистикалык кыймылдардан айырмаланып, бул жамаат күчкө аябагандай чоң маани берет. Негизинен бийликти өз көзөмөлүнө алууну түздөн-түз каалабаса да, ага таасир тийгизүүгө аракет кылат. Биз буга күбө болуудабыз жана жамаат бул нерсени жашыра албайт. Жашыруун болсо да, бийликке багыт берүү аракети байкалат. Мисалы, бул нерсеге Америкада да күбө болдум. Конгрессте, ишкерлерди бириктирген ар түрдүү уюмдарда активдүү иш алып барышууда.

Булардын иш-аракети кээде бийликтин кызыкчылыгы менен дал келет. Себеби, булар, айталы Кыргызстанды сыртта таанытууда жана эл аралык кызматташууга көмөктөшүүдө. Бирок белгилүү бир деңгээлден кийин мамлекеттик бийликтерде бул жамааттын чыныгы ниети эмне, деген күмөндүү ой пайда болууда. Чындыгында мен бийлик өкүлү болбогондон кийин ал жагы мени кызыктырбайт. Мен болгону байкоочумун.

"Азаттык": Байкоочу катары эмнени айта аласыз? Фетхуллах Гүлендин жамаатынын чыныгы ниети эмне болушу мүмкүн?

Байрам Балжы: Менин оюмча, бул жамааттын өкүлдөрү кайсыл мамлекетте жашаса, ошол мамлекетти таанытышат жана ошол мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга жылдырышат. Себеби, алардын бул өлкөлөрдө окуу жайлары бар.

"Азаттык": Фетхуллах Гүлен жамааты менен түрк бийлигинин ортосундагы келишпестиктерден кийин сиздин оюңузча, түрк бийлиги бул жамаатка кандай мамиле кылуу керек экендиги жөнүндө кыргыз бийлигине кандайдыр бир багыт көрсөттүбү? Тагыраак айтканда, түрк тарап бул жамаатка карата кыргыз бийлигинин саясатын өзгөртүүгө аракет кылуудабы?

Байрам Балжы: Чынын айтсам, ушул нерселерди билүү үчүн да Кыргызстанга келдим. Түрк бийлиги бул жамааттын башка өлкөлөрдөгү таасирин азайтуу үчүн колунан келишинче аракет кылды, кылууда. Кээде расмий түрдө да айтылды. Бирок бийликтин бул аракети канчалык натыйжа алып келүүдө аны айта албайм. Кыргызстан тарапка да ушул багытта талаптар коюлду, бирок менин жеке пикиримде ушул мезгилге чейин оң натыйжа алынды деп айта албайбыз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG