Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Кыргызстандык зыяратчылардын баары Мекеге жетти


Кыргызстандык зыяратчылар Мекеде. (Сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды )
Кыргызстандык зыяратчылар Мекеде. (Сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды )

Ажылык сапарга кеткен кыргызстандык жарандардын бири Мекеде көз жумуп, дагы бири ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу маалымат берген муфтий Чубак ажы Жалилов быйылкы ажылык зыяратты уюштурууда мыйзамсыз аракеттерге жол берилбегенин билдирди. Бирок ажылык сапарды уюштуруу дале кемчиликтерден куру эместигин айткандар да бар.


Бир зыяратчы көз жумду


Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Ноокат районун тургуну, 70 жаштагы Мубараткан Нарбаева Мекеде каза таап, мусулманчылык салтына ылайык сөөгү ошол жерге коюлду. Дагы бир зыяратчы психикалык саламаттыгы начарлап, ооруканага жаткырылды.

Кыргызстандык зыяратчы аялдар Меккедеги аль-Харам мечитинде, сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды.
Кыргызстандык зыяратчы аялдар Меккедеги аль-Харам мечитинде, сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды.
Кыргызстандан жалпысынан быйыл 8 миңге жакын адам ажылыкка барууга арызын берген. Бирок Сауд Аравиясы 5041 адамга гана виза ачып, алардын сапары 11-октябрда башталган.

Муфтий Чубак ажы Жалилов азыр зыяратчылардын алды Медина шаарына жетип калганын айтат:

- Бишкек шаарынан 1943 адам, ал эми Ош шаарынан 3098, жалпысы 5041 адам учак менен учушуп, Жидда шаарына баардыгы конушту. Кыргызстандын тарыхында ошентип быйыл биринчи жолу бардык ажылар учак менен Сауд Аравиясына кетишти. Азыркы учурда ажыларыбыздын баары Мекке шаарына жетти. Эрте баргандар Медина шаарына келип калышты.


Ажылыкты уюштуруу алешемдиктен арылдыбы?


Ажылык сапарды уюштуруу быйыл муфтиятка милдеттендирилген. Мындай кадамдын жасалышына өкмөттүн алдындагы Дин агенттиги коррупциялык аракеттерге барды деген дооматтар түрткү болгон. Былтыркы ажылык сапарды уюштуруу иштери бир топ чуу менен коштолуп, анын уу-дуусу азырга чейин созулуп келгени белгилүү.

Муфтий Чубак ажы Жалилов быйыл ажылык сапар эч кандай мыйзамсыз аракеттер менен коштолбогонун белгилейт:

- Биринчиден, бардык ажылар учак менен учуп кетишти. Мурда баары учак менен учту делгенде да автобустар менен баргандар болгон. Экинчиден, биз алардын паспортторун аэропорттон гана милициянын көзөмөлү менен тапшырдык. Буга чейин паспорттор уурдалып келген. Үчүнчүдөн, консулдук тизмелер келгенге чейин эле биз сайт аркылуу аны ачык жарыялаганбыз. Төртүнчүдөн, ажылыкка кеткендердин баары Кыргызстандын жарандары. Муну УКМК, ИИМ далилдеп бере алат. Бешинчиден, келишимди мен түздөн-түз компания менен түздүм. Мурун болсо ажы башчылар түзчү да, компанияларга тыйындарын которбой зыянга учуратчу.

Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. Сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды.
Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. Сүрөт Ажылык жана умра борборунун сайтынан алынды.
Муфтият маалыматына караганда, быйыл ажылыкка ар бир мусулман 2350 доллардан акча сарптап, ал банк эсептери аркылуу жүргүзүлдү.

Ошол эле кезде ажылыкты уюштурууда олуттуу мүчүлүштүктөр кетти деп сындагандар да бар. Маселен, Оштон Жусуп ажы Султанов ажылыкты уюштурууда муфтийдин айланасындагы адамдарга артыкчылык берилди деп эсептейт:

- Ажыларды уюштура турган, аларды даярдай турган облустун, шаардын казысы, райондордун имамадары четте калып, муфтийдин жан-жөкөрлөрү, анын айланасындагы адамдардын каалоосу менен гана болуп жатат. Биз агенттиктен кутулуп, мусулмандардын колуна өттү деп жатсак, чындыгында мусулмандарга өтүп, муфтий ээлеп алганына биз күбө боло алабыз.

Муфтий Чубак ажы болсо мындай нааразылыктар мурдагы жылдарда ажылыкты уюштурууга аралашып, кынык алып калгандар тарабынан чыгып жатат деген ойдо.

Кыргызстандык мусулмандардын ажылык сапары жалпысынан 36 күнгө созулмакчы. Аларды мекенине кайра “Кыргыз Транс Авиа” компаниясы жеткирет. Компаниянын вице-президенти Таалайбек Окенов ажылар алдын-ала бекитилген жадыбал менен ташылаарын айтат:

- 11-ноябрдан баштап кайтып келе баштасак, ажыларды ташыган акыркы каттам 2-декабрда келип конот. Ошондо орто эсеп менен ажылар Саудияда 36 күн болушат. Ошондуктан ажыларды калтырып кетти, таштап кетти деген сыяктуу көптөгөн сөздөр чыгып калышы мүмкүн. Бирок андай болбойт. Бизде Сауд Аравиясынын негизги аэропорту болгон Жидда аэропорту тактап берген жадыбал бар. Ошол жадыбалдын негизинде гана уча алабыз.


Ажылыктын негизги ибадаты


Ажылыктын ибадаты зул-хижжа айынын сегизинде, тарвия күнүндө башталат (быйыл ал 4-ноябрга туш келет). Бул күнү ак оронгон ажылар “Лаббайка” деп Меккеден 5 чакырым аралыкта турган Мина өрөөнүнө барышат. Бул жерде бир күн турган соң эртеси (5-ноябрь) таң атпай Минанын жанындагы Арафат тоосуна бет алышат.

Арафат тоосу.
Арафат тоосу.
Арафаттагы туруу же Арафат (Арапа) күнү – ажылык ибадаттарынын эң негизгиси жана маанилүүсү. Күн чыккандан баштап күн батканга чейин мусулмандар бул тоодо Жараткан Кудайга дуба кылып, ибадатта болушат.

Ислам баяндамаларында Адам-Ата менен Обо-Эне жерге түшүрүлгөндөн кийин көп убакыт бири-бирин издеп, жер жүзүндө тентип жүргөнү, арадан 200 жыл өткөндөн кийин Арафат тоосунан жолугушканы айтылат. Кетирген күнөөлөрү үчүн алар ушул жерден кечирим сурашып, дагы бир жолу Аллага тообо келтиришкен экен.

Ажылыктын үчүнчү күнү, зул-хижжанын ону (быйыл ал 6-ноябрга туш келет) мусулманчылыктын чоң майрамы – Курман айт белгиленет. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү мусулмандар айт намазын окушат, бир гана Меккедеги ажылар намаздын ордуна шайтанга таш атуу жөрөлгөсүн аткарат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG