Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Ажылык сапар быйыл арзаныраак болот


Сауд Арабстан -- Кыргыз зыяратчылары Мекеде, 2011-жылдын 30-октябры.
Сауд Арабстан -- Кыргыз зыяратчылары Мекеде, 2011-жылдын 30-октябры.

Кыргызстандык зыяратчылар 2-октябрдан тарта Мекеге жол тарта баштайт. Бул тууралуу муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев 26-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал бул жылы ыйык сапар учурунда зыяратчылар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн жана ажылыктын баасы арзандаганын айтууда. Ошол эле кезде ажылыкты уюштуруу иштеринде коррупциялык иштерге жол берилип жатат дегендер бар.

Ыйык сапардын баасы арзандады

Быйыл Кыргызстандан 4517 адам ажылык сапарга барат. Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин маалымдашынча, Сауд Арабстанга алгачкы каттам 2-октябрда башталганы турат.

- Бүгүнкү күндө 4,5 миң квотага ылайык адамдардын паспорттору алынды. Аларга виза берүү иштери башталды. Алгачкы каттам 2-октябрдан баштап Ош жана Бишкек шаарларынан учат. Жалпысынан биздин зыяратчылар 23 каттам менен учат.

Рахматулла ажынын белгилешинче, учактын баасын жана башка чыгымдарды кошкондо быйыл ажылыктын бардык чыгымы 2250 долларды түздү. Бул былтыркыга караганда 100 долларга арзан. Буга чейинки ажылыктардан дагы бир айырмачылык - кыргызстандык зыяратчылар жылдагыдай Сауд Арабстандын Жидда шаарына эмес, түз эле Медина шаарына учат. Бул алардын автобус менен бир сутка жүрүү түйшүгүнөн арылтат.

Мындан тышкары Медина жана Меке шаарларында 4,5 миң адамга мейманкана даярдалып, алар зыяратчыларды күтүп алууга даяр турат дейт Рахматулла ажы Эгембердиев. Ошондой эле Сауд Арабстанда 25 адамдан турган ажылык штаб түзүлгөн. Анда муфтияттын кызматкерлеринен тышкары, Кыргызстандан барган алты дарыгер кызмат кылат. Ошондой эле быйыл зыяратчылар үчүн мурда болбогон көп ыңгайлуулуктар түзүлгөн.

- Республикалык штабдын башчысын ал жакка аккредитация кылдык. Бул да мурда болгон эмес. Меке шаарында биздин штаб жайгашкан жана биздин ажылар токтогон мейманканаларда Кыргызстандын желектери илинет. Ошондой эле бизге атайын автобустар бөлүнө турган болду.Сауд Арабстандагы бардык уюштуруу иштерин бүтүрүп келдик. Эми зыяратчыларды бул жактан учуруу эле калды.

Коррупция болбос бекен?

Анткен менен ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык иштерге жол берилүүдө деп күмөн санагандар да бар. Ошондон улам бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү 27-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, ажылыкты уюштуруудагы терс көрүнүштөрдү жарыя кылганы жатат.

Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин башчысы Бакыт Нурдиновдун айтымында, ажылыкты уюштуруу ишинде муфтият өз алдынча боло албай, ар кандай кызыкдар күчтөрдүн туткунунда калды:

- Толтура көйгөйлөр, башаламандыктар бар. Булар өздөрүн жабыш үчүн аракет кылып жатышат. Коррупциялык аракеттер, жашырып жабуулар бар. “Мынча кишини киргизесиң, тигинче кишини киргизесиң” деп кийлигишкендер көп. Ошого булардын шайы кетип жатат.

Бакыт Нурдиновдун белгилешинче, ажыга бара турган 4,5 миң адамдын тизмеси да коомчулуктан жашырылып жатат. Ал 2011-жылы бул тизме алдын-ала маалымат каражаттарына жарыяланганын мисал тартты. Бакыт Нурдинов былтыр Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турганда ажылыкты уюштуруу иштерине катышкан. Айрымдар өткөн жылы ажылык мурдагыдан айырмаланып, салыштырмалуу таза, ачык-айкын өткөнүн белгилесе, башкалары коррупцияга жол берилди деп айыпташкан болчу.

Кыргызстанда мурдагы жылдардагы ажылык сапарды уюштуруу иштери да чуу менен коштолуп, коррупцияга жол берилгени айтылып келген.
XS
SM
MD
LG