Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Чубак ажы ажылык боюнча айыпталууда


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун 27-февралга белгиленген соту башталбай жатып белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Буга анын жактоочуларынын ишти карап жаткан судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы негиз болду. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Экс-муфтий мындай дооматка макул эмес.

Сотто Чубак ажы Жалиловдун адвокаттары кылмыш ишти козгоо негизсиз болгонун, тергөө талапка жооп бербесин айтып, процессти токтотуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Судья Чыңгыз Адамкулов бул арызды канааттандырган жок. Мындай кийин судьянын өзүнө ишенбөөчүлүк жарыяланды. Доо арыз жогорку инстанцияга жөнөтүлүп, сот белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Чубак ажы Жалилов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып өзүнө коюлган дооматтарды четке какты:

Чубак ажы сот залында, Бишкек, 27-февраль.
Чубак ажы сот залында, Бишкек, 27-февраль.
- Муфтияттын ажылыктан жана башка жактан түшкөн кирешелери бар. Ошондон туумдары менен 8 миллион сом төлөгөн эмессиңер деп айыптап жатышат. Биз муну туура эмес деп ойлойбуз. Анткени бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт. Зекет дагы берилбейт. Бул 20 жылдан бери төлөнгөн эмес, мындай кийин да төлөнбөшү керек. Биз Кудайдын шариятын аткарганга аракет кылдык. Эгер мени азыр соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот. Себеби мен өлкөнүн муфтийи катары Курандагы, пайгамбардын осуятындагы шариятты бузбастан аткарууга аракет кылдым.

Эгер мени соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот...
Чубак ажы Жалилов
Бул кылмыш иштин алкагында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын эсебиндеги 500 миңдей доллар камакка алынган. Муфтияттын юристи Даниэл Жаркеев ажылыкты уюштуруу иштеринен түшкөн кирешеден салык төлөөгө милдеттендирүүнү мыйзамсыз деп эсептейт:

- Үч салык төлөнгөн эмес деп доо коюулуп жатпайбы. Бул салыктар экономикалык кызматтан алына турган салыктар. Ажылыкты уюштуруу деген бул диний ишмердүүлүк. Муфтият ажылыкты уюштурду. Ажыга барып келген адамдардан биз акча сураганга укугубуз жок.

Ажылык иши боюнча сотко келгендер, Бишкек, 27-февраль.
Ажылык иши боюнча сотко келгендер, Бишкек, 27-февраль.
Негизи муфтият киреше-чыгашасын ажылыкты уюштуруудан түшкөн каражат менен жабат. Былтыр Мекеге зыяратты атайын түзүлгөн Ажылык жана умра борбору уюштурган болчу.

Талдоочу Самаган Мырзаибраимов бул талаш-тартыш маселеге сот чекит коюшу керек деген пикирде:

- Муну саясатташтырбай эле сотко бериш керек. Сот иликтеп, жыйынтыгын чыгарганы жакшы. Ошондо бардык нерсе ачык болот. Саясатташып, жөндөн-жөн жалаа жаап, өкүм чыгышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн коркпой эле соттошуу керек. Кийин да ызы-чуу, саясий оюндар болбойт.

Муфтият кирешесинин салыгына байланыштуу кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябрь айында козгогон. Бул факт боюнча азыркы муфтий Рахматулла Эгембердиевге да айып тагылган болчу.

Чубак ажы Жалилов өткөн жылы жайында муфтийликтен өз эрки менен кеткен. Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылы да чуулуу окуялар менен коштолгон.
XS
SM
MD
LG