Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Ажылык: уруксаты жок эмдөө


Кыргызстандык зыяратчылар медициналык эмес жайда эмделгени белгилүү болду.
Кыргызстандык зыяратчылар медициналык эмес жайда эмделгени белгилүү болду.

Башкы прокуратура Мекеге аттанган зыяратчыларды эмдөөдө мыйзам бузуу болгонун билдирип, кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, тиешелүү уруксаты жоктугуна карабастан жеке ишкер медициналык эмес жайда 3 миңден ашык зыяратчыны эмдеген жана мыйзам бузууну жасалма документтер аркылуу жашырууга аракет кылган.

Жасалма документти ким жасаган?

Сауд Арабстандын талабы боюнча ар бир зыяратчы сасык тумоого жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүп, колунда аны ырастаган кагазы болушу керек. Быйыл кыргызстандык зыяратчыларды атайын уруксат наамеси жок жеке ишкер эмдөөдөн өткөрүп, бир катар мыйзамдар бузулганын башкы прокуратура билдирүүдө.

Көзөмөл органдын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбеков буларды айтты:

- Жеке ишкер жеке менчик шартта дарылоо жүргүзүүгө уруксаты жоктугуна карабастан, пайда табуу максатында 3 миңден ашык адамды медициналык эмес жайда акысын алып, эмдөөдөн өткөргөн. Өзүнүн мыйзамсыз иш-аракетин жашыруу үчүн ал Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым жетекчи адамдар менен сүйлөшүүгө барган. Башкача айтканда, басмаканадан зыяратчылардын акчасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин аты менен 5 миңден ашык эмдөөнүн күбөлүк кагазын чыгарган. Ал күбөлүктөр республикалык иммунопрофилактика борборунун мөөрү менен бекемделген.

Буга байланыштуу "алдамчылык жол менен мүлккө зыян келтирүү", "мыйзамсыз ишмердүүлүк" жана "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренелер боюнча кылмыш иш козголду. Бирок жеке ишкердин ысмы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкталган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өз буйругу менен ажыга барчуларды эмдөөдөн өткөрүүнү камсыздоо ишин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана карантиндик, өзгөчө жугуштуу ооруулар боюнча республикалык борборуна тапшырган экен.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев да ажыга барчуларды эмдөөдөн ким өткөрөрү Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чечилгенин маалымдады:

- Бул ишти жыл сайын Саламаттыкты сактоо министрлиги аткарып келет. Быйыл биз кайрылганыбызда да ошондой буйрук чыгарышкан. Министрлик эмдөө жүргүзө тургандарды өздөрү сунуштаган.

Эмдөөдөн каза болгондор барбы?

Ажыга барабыз деп 23-сентбярь күнү медициналык эмдөөдөн өткөн Кара-Суу районунун Жийделик айылынын 66 жаштагы тургуну Султанхан Пирдависханов жана байбичеси Хабибахан Пирдависханова эмдөөдөн бир саат өтпөй, өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Кийинчерек байбичеси каза болгону буга чейин маалымдалган болчу. Бирок ал чын эле эмдөөдөн улам каза таптыбы, же башка себептенби, азырынча белгисиз.

Ош шаарындагы “Мыйзам жана тартип” укук коргоо уюмунун өкүлү Изатулло Рахматуллаев болсо, ийне сайдыргандан кийин сыркоолоп, каза тапкандар андан да көп болушу мүмкүн дейт.

- Ажыга барчуларды мечитке чакырып, эч кандай санитардык шарты жок жайларда эмдешкен. Ошондон улам каза болгондор болду. Биз 2-3 адамды иликтедик, бирок алардын жакындары арыз жазбай койду. “Кылмыш иши козголсо, сөөктү кайра казып, эксгумация кылат экен” , - дешип арыз жазууга макул болушкан жок.

Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да, Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти да бул маалыматтарды жокко чыгарууда.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовдун айтымында, ийне сайдыргандан кийин каза тапты деген маалыматтар жок. Ал эми Нурматов козголгон кылмыш иши боюнча башкы прокуратурадан расмий малымат алгандан кийин кеңири айтып берерин билдирди.

- Башкы прокуратурадан эмне иш козголгону боюнча маалымат ала элекмин. Бирок эмдөө жасаган жеке медициналык жайдын уруксаты жок экен деп айтып жатышат.

Сауд Арабстан быйыл Кыргызстанга 4,5 зыяратчыга орун бөлгөн. Учурда кыргызстандык зыяратчылардын баары Сауд Арабстандагы ыйык жайларда ажылык милдеттерин аткарышууда. Алар 26-октябрдагы Курман айттан кийин Кыргызстанга кайта баштайт.

XS
SM
MD
LG