Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Жакында Бишкекте Кыргызстандагы диний укуктардын жана эркиндиктердин абалы жөнүндө талкуу болуп өттү.

Бул талкууда жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча сын-пикирлер да айтылды. "Азаттыктын" "Биз жана дин” берүүсүнүн коноктору “Ачык позиция” коомдук уюмунун өкүлү Галина Колодзинская жана коомдук ишмер, мусулман коомчулугунун өкүлү Юсур Лома болду.

"Азаттык": Алгач Кыргызстандагы диний укуктардын жана эркиндиктердин абалына арналган иш-чараны өткөрүүнүн зарылчылыгы тууралуу айта кетсеңиздер?

Галина Колодзинская: Жыйындын максаты -Кыргызстанда дин тутунгандардын эркиндиги менен укуктарына байланыштуу маселелерди талкуулоо, диний иш-чараларды жүргүзүүдө жарандар кандай тоскоолдуктарга дуушар болууда деген суроолорго жооп издөө болгон. Өзгөчө мыйзамдык негизде кандай кемчиликтер жана карама-каршылыктар бар экендиги, ал карама-каршылыктар дин тутунгандарга жана диний уюмдардын иш-аракетине кандай таасир тийгизип жаткандыгы талкууланды. Ошондой эле ар түрдүү диндердин өз ара мамилеси да көңүл чордонунда болду.

"Азаттык": Эгерде тагыраак айта турган болсок, катышуучулар тарабынан диний укуктарга байланыштуу кайсыл көйгөйлөр көтөрүлдү?

Галина Колодзинская: Биринчиден, дин эркиндигин жөнгө салган биздин мыйзамдардын адам укуктары боюнча кабыл алынган Эл аралык конвенцияга карама-каршы келери, ал эле эмес биздин Башмыйзамга да дал келбеши баса белгиленди. Албетте, бул маселелер дин тармагына тиешелүү мыйзамдардын Башмыйзамга жана 90-жылдардын башында Кыргызстан өкмөтү тарабынан кол коюлган адам укуктары боюнча эл аралык нормативдик-укуктук актыларга ылайыкташтырылып, оңдолушу керек.

"Азаттык": Юсур ажы, конференциянын жыйынтыгы боюнча сиз эмне айта аласыз?

Юсур Лома: Бул конференцияда көптөгөн укуктук маселелер көтөрүлдү. Дин тармагын жөнгө салган мыйзамдык негиздин толук эместиги жана кемчиликтер терс натыйжага алып барганы айтылды. Мыйзамдарда мамлекеттик органдардын диний уюмдардын ишине кийлигишпөөсү жөнүндө жазылган болсо да, кээ бир учурларда динчилдердин жана диний уюмдардын иштерине мамлекеттик органдардын жана кызматкерлердин кийлигишүүсүн байкоого болот. Өзгөчө Кыргызстандагы эң чоң дин болуп эсептелген исламга карата кийлигишүүлөр байкалууда.

"Азаттык": Катышуучулардын тизмесинде муфтияттын өкүлү да бар экен. Мамлекеттин диний уюмдардын кийлигишүүсү боюнча ал кандай пикирин билдирди?

Юсур Лома: Бул маселе боюнча атайын анализ жүргүзүлгөн. Ал анализдин жыйынтыгында айтылган нерселерди жыйынга катышкан муфтияттын өкүлү да тастыктап, анализдин жыйынтыгында айтылган нерселер чындап эле болуп жатканын айтты. Муфтияттын 2009-жылы кабыл алынган уставы менен 2014-жылдагы уставы салыштырылган. 2009-жылкы устав боюнча муфтият өзүнүн ички маселелерин чечүүдө көз карандысыз уюм болуп эсептелсе, 2014-жылкы уставка ылайык, муфтият дин иштери боюнча мамлекеттик органдын кийлигишүүсү болбостон кандайдыр бир маселенин чечилиши мүмкүн эместей көрүнөт. Уставдын дээрлик бардык пунктунда муфтияттын дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуусу керек экендиги жазылган.

"Азаттык": Галина, сиздин оюңузча мамлекеттин коомдук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында диний маселелерге кийлигишүүсү өзүн актап жатабы?

Галина Колодзинская: Аябай кызык суроо болду. Келиңиз, эл аралык тажрыйбаны карап көрөлү. Кыргызстан кол койгон ошол эле Жарандык жана саясий укуктар боюнча келишимдин 18-беренесинде жарандар динге тиешелүү кандай укуктарга ээ экендиги айтылган. Ал жерде негизинен беш пункт боюнча жарандардын укуктарын чектөөгө уруксат берген. Башкача айтканда, коомдук тартипке, адеп-ахлакка, жарандардын ден соолугуна, укуктарына коркунуч туудурган учурда гана дин эркиндигине чектөө коюлушу мүмкүн. Бирок коюлган чектөөлөр коркунучка жооп бере алгыдай деңгээлде гана болушу керек.

"Азаттык": Мамлекет бардык диний уюмдарга тең кийлигишип атабы? Диний азчылыктардын абалы кандай?

Галина Колодзинская: Биринчиден, мүлктүк-укуктук келишпестиктер бар. Мисалы, сиздер да билгендей, азыркы учурда Иса Машаяк чиркөөсү менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ортосунда соттук териштирүүлөр болууда. Бул, албетте, диний уюмдун ишине кийлигишүү эмес, бирок бул диний уюмдун ишине жана жарандардын дин тутуу укугуна кол салуу болуп эсептелинет. Ошол эле убакта аз сандагы мүчөгө ээ диний уюмдардын каттоодон өтө албай жаткандыгы да көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

"Азаттык": Юсур Якубович, сиз мамлекеттин динчилдерди башка динге өжөрлүк менен тартуу коомдук туруктуулукка коркунуч туудурат деген пикирине кошуласызбы?

Юсур Лома: Бул маселе аябай кызык жана көптөн бери эле талкууланып келет. Акырында мамлекет орусчасы “настойчивый прозелитизм” делген бул терминди колдонууну чечти. Бирок башка диндегилерди өз динине чакыруу аракети бардык эле диндерде бар нерсе. Мисалы, азыркы учурда протестант кыргыздар аябай эле көбөйдү. Ар түрдүү улуттагы баптисттер да бар. Бизде Иса Машаяк чиркөөсү да бар.

"Азаттык": Бирок кээде биз мусулмандар менен башка динге өткөн жарандарыбыздын арасында түшүнбөстүктөрдүн болуп кетип жатканына күбө болуудабыз. Ошого окшогон чатактардын алдын алуу үчүн, Галина, диний уюмдар өздөрү кандай кадамдарды жасай алышат?

Галина Колодзинская: Диндер ортосундагы мамилелердин азыркы өнүгүү этабында диний уюмдардын жана дин кызматкерлеринин акылмандык менен иш кылуусу керек деген пикирдемин. Болуп жаткан түшүнбөстүктөргө карабастан орток пикирге келүүсү абзел. Мисалы, Кара-Көл шаарында Никита деген христиан дин кызматкери өздөрү жашаган аймакта мусулман эместерди жайга берүү маселесин кандай чечкендигин айтып берди. Ал жергиликтүү бийлик органдары менен жана айылдын молдосу менен кеңешип, мүрзөдөн мусулман эместер да коюла турган жер бөлдүрүп алган. Ушундайча мусулман эместерди көмүү маселеси жергиликтүү деңгээлде эле чечилген.

"Азаттык": Бирок биз буга окшогон жакшы мисалдарды аябай эле аз көрүп жатпайбызбы?

Галина Колодзинская: Бирок, бул нерсе кишинин өзүнө да көз каранды. Кээ бирлери тил табыша алат, ал эми кээ бирлери андай жөндөмгө ээ эмес. Ал эми кээ бирлеринин мойну жар бербейт. Бирок диний лидерлердин ортосунда бирин-бири көрө албастык, сабырсыздык, ишенбөөчүлүк делген нерселер бар. Бул терс көрүнүштөр көйгөйлөрдү сүйлөшүү аркылуу чечүүгө тоскоол болууда.

"Азаттык": Дин маселесинде мамлекетке карата сын пикир дайыма эле айтылып келген, мындан ары деле айтыла берет. Бирок бул жыйында жарандардын диний укук жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн кандай конкреттүү сунуштар айтылды?

Галина Колодзинская: Ооба. Албетте, сунуштар айтылды. Мамлекеттин мыйзамдык негизди тартипке келтирүүсү, социалдык жардамдашууну, толеранттуулукту, диалогду үгүттөөсү, ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү сунушталды.

"Азаттык": Юсур ажы, сиз кандай деп ойлойсуз, Кыргызстанда диний уюмдардын башын бириктирген, ошондой эле мамлекет менен диний уюмдардын диалогуна шарт түзгөн бир аянтча, атайын бир уюм барбы?

Юсур Лома: Мындай аракеттер болгон. Роза Отунбаева президент болуп турган мезгилде Диндердин ортосундагы кеңешти түзүү аракеттери көрүлгөн. Бирок азыркы учурда диний уюмдар менен мамлекеттин карым-катнашын камсыз кылуучу кандайдыр бир аянтча жок. Кээде мамлекеттик кызматкерлер диний уюмдардын өкүлдөрү айткан сын пикирлерди чычалап кабыл алышууда. Ошондуктан бул учурда тил табышуу керек. Мамлекет сыртта калбастан ушундай аянтчаларды түзүүнү өзү сунушташы керек. Ар түрдүү диндин өкүлдөрү катары арабызда чыр- чатактардын болбошу керек жана чогуу жашаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Азыркы учурда өзгөчө айыл жерлеринде толеранттуулук, сабырдуулук делген нерсе жок болуп кетүүдө. Ошол себептен мамлекет ар түрдүү диний уюмдардын башын бириктирген аянтчаны, башкача айтканда, проблемаларды чогуу чечүү мүмкүнчүлүгүн түзүшү керек.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG