Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Исламды жамынгандардын итатайы...


Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун жоочулары жардырып жиберген шиит мечитинин урандыларынын арасында жүргөн адамдар. Мосул шаары, 23-июль, 2013.
Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун жоочулары жардырып жиберген шиит мечитинин урандыларынын арасында жүргөн адамдар. Мосул шаары, 23-июль, 2013.

Мусулмандардын тарыхы менен исламдын тарыхын бөлүп кароо мезгили келип жетти.

Курандагы жана Мухаммед Пайгамбардын сүннөтүндөгү (айткан сөздөрү жана кылган иш-аракеттери) эреже-баалуулуктардан, мусулмандардын түшүнүгүндөгү эреже-баалуулуктарды, мусулмандардын иш-аракеттерин бөлүп кароо зарыл. Ошондо гана мусулманмын деген (исламды жамынган) кишилердин исламга тийгизген залакасын даана көрө алабыз. Мусулмандар ислам алгач тарай баштаган мезгилде бутпарастардан качып христиан өлкөсү болгон Эфиопияга жашынганын жана Эфиопиянын падышасы Нажашиден баш паанек тапканын унутуп бараткандай сезилет!

Сабырдуулукка чакырган Куран аяттары

“Ислам халифатын, ислам эмирлигин тургуздум, шариатты киргиздим” деген радикал топтордун башка динге (же мазхабга) ишенгендерди кырып жатканына, үй-жайларын өрттөп, өлкөлөрүнөн кууп чыкканына күбө болуудабыз. Исламды жамынган бул адамдардын жасаганы алардын эсебине эмес, исламдын эсебине жазылып жатканы кейиштүү. Андыктан исламдан башка динди тутунган элдерге, улуттарга жана башка тайпаларга ислам дини кандай карагандыгын, мусулмандардан эмнени талап кылгандыгын карап көрсөк.

Курандагы “Эгер сенин Кудайың каалаганда элдерди бир коом кылып жаратмак” (Куран, 11:118) жана “Бири-бириңер менен таанышасыңар деп биз силерди элдер жана уруулар кылдык” (Куран, 49:13) деп айтылган аяттар ар түрдүү элдердин жана улуттардын болушу табигый (исламда бар) нерсе экендигин көрсөтөт. Ал эми ошол эле Куранда “Эгер сенин Кудайың каалаганда жер жүзүндөгүлөрдүн баары ыйман кылышмак (ишенишмек). Сен эмне адамдарды ишенүүгө мажбурлайсыңбы?” (Куран, 10:99) деген аяттар исламдан башка динди тутунгандардын да бул дүйнөдө дайыма боло тургандыгынан кабар берүүдө. Башка динге ишенгендердин болуусу исламда табигый көрүнүш. Башкача айтканда жер жүзүндөгү адамзатынын баары мусулман болгон күндү эңсөө реалдуу болбогондой эле, диний ар түрдүүлүктүн болушу мыйзам ченемдүү нерсе.

Бир жөөттүн окуясы

Ислам мусулмандарды башка динге ишенгендерди исламга чакырууга үндөйт. Бирок бул чакыруу учурунда мажбурлабоо (Куран: 2:256;), сылык, жакшы сөздөр, даанышмандык менен чакыруу (Куран 16:125; 20:44) буйрук кылынган. Ал эми пайгамбардын башка динге ишенгендерди сыйлагандыгын төмөндөгү мисал даана көрсөтүп турат: Мухаммед пайгамбар сахабалар (анын жан-жөкөрлөрү) менен отурганда алардын жанынан бир жөөттүн сөөгүн көтөрүп өтүп калышат. Аны көргөн пайгамбар ордунан турат. Бул нерсени байкаган жанындагы адамдар: “Эй Алланын элчиси, булар жөөттү көмүп жатышпайбы” дегенде, Пайгамбар: “Эмне, бул адам эмеспи?!” деп жооп берген.

Исламды кабыл алууну каалабагандарды мажбурлабоо (Куран 2:256) жөнүндө айтылган аятка кошуп, дайыма мусулмандардын адилеттүү болууга чакырылганын көрүүгө болот. Курандын Аль-Маида сүрөөсүнүн 8-аятында: “...Бир урууга (элге) карата болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке алып түртпөсүн...” деп айтылууда. Мындан сырткары исламда мусулмандарга христиан жана жөөттөр менен келишим түзүү, кошуна болуу, соода-сатык кылуу, кыздарына үйлөнүү (Куран: 5:5; 29:46; 60:8) мүмкүнчүлүгү берилгенин эстен чыгарбоо зарыл.

Куранда:“Силер менен согушпаган, силерди жашаган жериңерден кубалап чыкпагандарга карата жакшы жана адилеттүү мамиле кылууңарга Алла тыйуу салбайт” (Куран, 60:8) деп айтылат. Башкача айтканда мусулмандар мусулман эместерге карата жакшы мамиледе болуусу шарт. Бирок мусулмандардын мусулман эместерге карата мамилеси алардын түзүлгөн келишимдерди бузушу менен өзгөрөт. Медина шаарындагы мусулмандардын мусулман эмес элдер менен мамилеси 622-жылы кабыл алынган Медина келишимине таянган. Качан гана жөөттөр жана христиандар бул келишимди бузгандан кийин гана мусулмандар аларды шаардан чыгарууга мажбур болушкан.

Пайгамбар осуяттары эмне дейт?

Пайгамбардын христиан динин тутунган Нажран уруусу менен, Пайгамбардан кийинки экинчи жетекчи болгон Умар бин Хаттабдын Иерусалим эли менен түзгөн келишимдер жогоруда айтылгандарга мисал болуп берет. Пайгамбар Нажраний христиандар менен түзгөн келишимде мындай деп жазылат: “Нажранийлердин жаны, мал-мүлкү, үй-бүлөлөрү, жакындары, ишенимдери, чиркөөлөрү Алланын жана анын пайгамбарынын коргоосуна алынат”. Пайгамбардын: “Кимде ким мусулман мамлекетинин коргоосунда жашаган мусулман эместерге кысым көрсөтсө, укугун тебелесе, ага көтөрө алгыс жүк жүктөсө, же болбосо ага айтпастан бир нерсесин алса, анда кыямат күнү ага каршы күбөлүк кылам” (Абу Даут, «Сунан» № 3052; Ан-Насаи, «Сунан» № 2749) деген сөзү мусулмандардын дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү элдерге исламды кыска убакыттын ичинде кандайча тарата алгандыгын көрсөтүп турат.

Умар бин Хаттаб Кудус (азыркы Иерусалим) шаарына киргенде алар менен келишим түзүп, тынчтыкта жашоонун жолун издеген. Ал келишим минтип жазылган: “Алла тааланын кулу Умар Иерусалимдин жашоочуларына коопсуздук сунуш кылат. Алардын сыйынуу жайларына эч ким тийбейт, кол салбайт. Аларга динине байланыштуу эч кандай мажбурлоо жасалбайт”. Ал эми өлөөрдөн мурда Умар: “Мен ордуму баса турган адамга келишимдерди аткарууну, башка динге ишенгендерге алар көтөрө албай турган жүктү жүктөбөөнү сунуштайт элем”, - деп айткан.

Иракта халифат катары түзүлгөн мамлекеттин жоочулары колго түшкөндөрдү катарга тизип өлтүргөнү мусулмандардын кыжырына тийип жаткандай. Бирок алар езиддерди, христиандарды, шииттерди өлтүрүп жатканда "Согуш учуру болгон үчүн жасап жатабыз” деген жоопту беришүүдө. Согуш убагында колго түшкөндөргө кандай мамиле жасаш керек? деген суроо туулат.

Пайгамбардын согуш убагында туткундарды мындай кыргандыгынын бир да далили жок. Куранда: “Алар (мусулмандар) өзүлөрү муктаж болуп турса да кедейлерге, жетим-жесирлерге жана колго түшкөн туткундарга тамак беришет” (Куран: 76:8) деп айтылат. Колго түшкөн туткундарга жакшы мамиле кылынгандыктан алардын көпчүлүгү (Самама аль-Ханафи сыяктуулар) исламды кабыл алгандыгын, Бадр согушунун туткундарына мусулмандардын балдарына тамга үйрөтүү шарты койулуп, аны аткаргандан кийин алардын койо берилгенин билебиз.

Жыйынтыктап айтканда мусулмандардын мамилеси мусулман эместерге кандай болушу керек деген маселени исламдын негизги булактарынан жана тарыхтан окуп билүүбүз абзел. Азыркы учурга чейин түзүлүп келген мусулман мамлекеттер ар түрдүү дин, мазхаб жана жамааттарды кучагына кысып келген. Ислам дүйнөсүндөгү ар түрдүүлүк кандайча пайда болгону (Ирактагы, Сириядагы, Түркиядагы ар түрдүү дин жана мазхабдар ал жакка кандайча барып калганы) жөнүндө ойлонушубуз зарыл.

Баш мыйзам - башкы келишим

Кыргызстанда элдин көпчүлүгү ислам динин тутунат. Бирок бул нерсе башка динге ишенгендердин коомдун бир мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны болуу укугуна залалын тийгизбеши керек. Мусулмандардын мусулман эместер менен болгон мамилеси алар өз ара кабыл алган келишимге таянарын жогоруда айтып өттүк. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамын ар түрдүү динге ишенген элдер тарабынан кабыл алынган келишим катары кароо зарыл. Себеби жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында кандай жашай тургандыгын, кайсыл милдет жана жоопкерчиликке ээ экендигин ушул Баш мыйзам аркылуу кабыл алышкан. Андыктан Куран мусулмандардын мамилесин жөнгө салган ыйык китеп, ал эми Баш мыйзам болсо ар түрдүү динге ишенгендердин (же ишенбегендердин), анын ичинде мусулмандар менен мусулман эместердин мамилесин жөнгө салган келишим болуп эсептелинет.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG