Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Ош жана Жалал-Абадда мечит жетекчилери алмашат


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош жана Жалал-Абад облустарында мечиттердин жетекчилерин алмаштырууну көздөп жатат.

Жаны өзгөрүүлөр жергиликтүү мечиттерде кыргыз менен өзбек улутундагы мусулмандардын ынтымагын бекемдөө, мечиттердин улут боюнча бөлүнүүсүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Ислам - ынтымакка үндөйт


“Исламда улутчулдукка орун жок” деген ураан алдында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош жана Жалал-Абад аймактарында кадрдык алмашууларды колго ала баштады.

Муфтият, кайсы гана мечит болбосун ал улутка эмес жалпы мусулмандарга тиешелүү экендиги билдирип, "бул же тигил улуттун мечити" деп бөлүнүүнү алдын алуу үчүн мечит имамдарын ар кайсы улуттан дайындоону көздөп жатат. Ага ылайык, бир мечиттин имамы кыргыз болсо, жардамчысы өзбек улутунан дайындалат. Муфтий Чубак ажы Жалилов бул аракет улут аралык ынтымакты чыңдоого багытталганын “Азаттыкка” билдирген эле:

Чубак ажы Жалилов
- Ош шаарындагы мечиттердин жетекчилеринин 93-94 пайызы бир гана өзбек тектүүлөрдөн тургандыктан мына ошол жерде улут аралык ынтымакты сактоо максатында, өз ара бири-бири менен кызматташууну жөнгө салуу максатында, эгер имам өзбек улутунан болсо орун басарын кыргыз улутунан, же имам кыргыз улутунан болсо орун басарын тажик улутунан кылып, аралаштырып, ушундай иш-чараларды ишке ашыра баштаганбыз.

Чубак ажы мечит имамдарынын кызматтан алынышы, ал имамдын кайсы бир нерсе үчүн күнөөлүү экендигинен кабар берберин баса белгиледи.

Имамдарды алмаштырууда алардын билим көрөнгөсүнө көңүл бурулары айтылууда. Мына ушундай өзгөрүүлөр жүрүп жаткан Ош жана Жалал-Абад аймагын көзөмөлгө алган муфтийдин түштүк аймагы боюнча орун басары Убайдулла Сарыбаевдин билдиришинче, июнь айындагы окуялар улуттардын жуурулушуп аракет кылышына муктаждык бар экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда мындай кадрдык саясатты бардыгы эле колдоп жибербегенин Убайдулла ажы кошумчалады:

Кара-Суудагы мечит
- Кээ бир жерлерде терс пикирлерин билдиргендер бар. Кээ бир жерлерде "өтө эңсеп күттүк эле. Ушундай киши да дайындалат экен. Бул реформаны дин башкармалыгындан күттүк эле" дегендер да болуп жатат.


Муфтияттын жаңы кадрдык саясатына коомчулукта ачакей пикирлер жаралууда.

“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун мүдүрүнүн орун басары Данияр Мурадилов бул кадамдарга карата оң баасын берди:

- Улуттар арасын бириктирүү керек. Ислам дининин бөлүп жаруу саясаты жок. Тескерисинче, бириктирүү саясаты бар. Эми буларды жүзөгө ашыруучу муфтият болуп жатат. Алар аткарышы керек. Андан тышкары Ош аймагында болобу, Жалал-Абадда болобу, дайындоолорго өкмөттүн да кийлигишүүсү болуп жатат. Бул саясат туура эмес.


Мечиттердеги кадрдык саясат эртелик кылабы?


Ошол эле учурда муфтияттын мындай кадамы азырынча эртелик кылат деген пикирлер да арбын. “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин” жетекчиси Бакыт Нурдиновдун пикиринде, учурда муфтиятты реформалоо, казы, имамдардын аткара турган иштерин тактоо аракеттери жүрүп жатат. Бул иштер аяктагандан кийин гана дайындоолор жүргүзүлсө жакшы натыйжаларды бермек, дейт Нурдинов:


Бакыт Нурдинов
- Бир имамды кызматтан алуунун да өзүнүн жолу бар да. Себеби мурунку уставда, мурунку системада ал каралган эмес. Имамды каалагандай алып, муфтийге жакса алып, ушундай иштер болгон. Ошондуктан бирден бир жолу укуктук жол менен алыш керек. Ошондо коомчулук да түшүнөт. Мындан улам менин оюмча азыр эрте.


Муфтийдин түштүк аймагы боюнча орун басары Убайдулла Сарыбаевдин айтымында, жергиликтүү мечиттердин имамдары атайын аттестация аркылуу тандалат. Жакын арада Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында комиссиялар түзүлүп, имамдардын билими, мүмкүнчүлүгү текшерилмекчи.
XS
SM
MD
LG